Кытайлык кыргыздар Ала-Тоодо

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун жана Кызыл-Суу аймагынын маданият өкүлдөрүнүн элүүгө чукул чыгармачыл делегациясынын иш-чарасы 27-сентябрда башталды.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Салай Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелерди маданий байланыш аркылуу өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Кайрат Салай бул иш-чара президент Роза Отунбаеванын жакында Үрүмчүдө Expo China Eurasia эл аралык көргөзмөсүнө барганда көтөрүп чыккан демилгеси экенин айтты:
– Ушул маданият күндөлүгү аркылуу эки калктын достугун, маданий байланышын күчөтүү максатында келдик.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунан элүүдөн ашуун расмий чыгармачыл делегация келип, Бишкектеги Улуттук тарых музейде Шиңжаң-Уйгур автоном районунда жашаган 13 улуттун улуттук кийимдеринин, музыкалык аспаптарынын көргөзмөсү ачылды.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Мамбетасан Токталы мырза эртең менен борбордук Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас жана Чыңгыз Айтматовдун айкелдерине гүл чамбар коюшуп, маданий иш-чараны башташканын айтып, “кыргыз өкмөтү эми элдин мүдөөсүн аткарыптыр” деген баасын берди.

Ал Кытайдагы кыргыздар менен алатоолук боордоштордун маданий байланышы мындан ары чыңдаларына ишеним артарын билдирди.
– Кыргызстан менен алмаштыруу байланышында силерден дагы үйрөнө турган тараптарыбыз бар экенин сезип турабыз. Биз тараптан да силерге керек нерселер бар экенин сезип отурабыз. Ошондон улам ушул маданий карым-катнаш аркылуу түшүнүшүүнү, байланышты күчөтөлү деп келип атабыз.

Мамбетасан Токталы белгилегендей, Жуңгодогу 2010-жылдагы эл каттоо боюнча 189 миң кыргыз бар. Кытай бийлиги майда улуттарга, алардын арасында кыргыздардын билим, маданият тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Жуңго бийлиги маданиятка көңүл буруунун натыйжасында жакшы өнүккөн. Мисалы, Кызыл-Суу автоном облусу дейбиз. Мына ошол автоном облуста атайын көркөм өнөр үйүрмөсү бар.

Андан тышкары ар кайсы райондордо, ар бир айылда китепканалар бар. Маселен 1-класстан 10-класска чейин кыргыз тилиндеги окуу китептери чыгарылып, акысыз таратылып берилди.

Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына жана кытай-кыргыз дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына арналган бул маданий күндөрдүн алкагында Улуттук опера жана балет театрында президент Роза Отунбаеванын катышуусунда Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы Кызыл-Суу автоном облусунун өнөрпоздорунун чоң программадагы концерти тартууланды.

Ошондой эле Кызыл-Суу автономиялык облусунун ыр жана бий ансамбли ардак грамота жана кытайлык кыргыз ырчысы Дүйшөкан Сейит кызы жогорку мамлекеттик сыйлык “Данакер” ордени менен сыйланды.

Кытай маданият күндөрү 30-сентябрга чейин улантылып, Ысык-Көл облусунда да өтөрү, СУАР телеберүүсүнүн программалары жана уйгур тилиндеги кино тасмалар көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 27.09.2011-ж.

Сүрөт Султан Досалиевдики.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.