Курманжан Датканын 200 жылдык мааракеси Алай жергесинде өткөрүлдү

Алай районундагы Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналып уюштурулган салтанат эртең  менен  шандуу башталды. Келген коноктор өздөрүнө  бөлүнгөн үйлөрүндө сый көрүшүп,  Датканын басып өткөн тарыхый жолун кеп кылып отурушту. Бул иш-чарага коноктор алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден, ошондой эле Кыргызстандын бардык облустарынан келишкен. Ал эми Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан 300гө  жакын этникалык кыргыздар дагы бул мааракеге катышышты. Аларды атайын бөлүнгөн адамдар тосуп алып, дареги менен сый урмат көргөзүштү. Келген меймандарга ачык маанай каалап, ырчы, чоорчулар ыр-күүлөрүн жаңыртып, салтанатка шаң кошуп жатышты.

Чогулган элди бир аз күттүрүп, Алай ханышасы Курманжан Датканын 200 жылдыгынын расмий бөлүгүн ачууга Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы  Акматбек Келдибеков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу  Өмүрбек Бабановдор аянтка атчан келип түшүштү. Алгач сөз алган Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков конокторго жана уюштуруу тобуна ыразычылыгын билдирип, 2011-жылды Курманжан Датканын жылы деп белгиленгени туура кадам болгонун айтты. Ал эми өз сөзүндө мамлекет башчысы Курманжан Датканын урпактарына, бүткүл кыргызстандыктардын жана меймандардын башын бириктирип, боз үй тигип, дасторкон жайып турган меймандос алайлыктарга ыраазычылык билдирди.

Алымбек Датканын чебереси Чыныбек Абдыкапаров бул мааракени мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп  жатканына байланыштуу бийлик өкүлдөрүнө, ошондой эле ушул жерге келип салтанатка катышып жаткан элге ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Курманжан Датканын урпактары Кыргызстандын бардык аймактарында бар, алар дагы келип бул мааракеге катышып кетишти.

Расмий ачылыштан соң ат оюндары болду. Алгач жорго салыш, анан аламан байге, оодарыш сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары келген конокторду ыраазы кылды. Жалпысынан спорттун 9 түрү  боюнча мелдеш өткөрүлдү. Анын ичинен 5өө  ат оюндары, 3 улуттук жана 1өө  спорттун классикалык түрүнө  кирген волейбол боюнча атаандаштардын арасынан күчтүүлөрдүн  күчтүүлөрү  жеңишке жетишти. Ал эми жеңүүчүлөрдүн  байгесине  жалпысынан   8 жеңил автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлган. Ошентип Алымбек Датканын 210 жылдыгына жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги иш чара кечке маал чоң программадагы концерт менен уланды.

Ош, «Үйүңүзгѳ тынчтык», 10.10.2011-ж.

Мааракеге байланыштуу фоторепортажды бул жерден көрө аласыздар.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.