«Open Eurasia and Central Asia Book Forum & Literature Festival – 2016» аталышындагы V Адабий сынак башталды

Британдык «Hertfordshire Press» басма үйү чыгармачыл адамдарды бешинчи жолу өткөрүлө турган «Open Eurasia and Central Asia Book Forum & Literature Festival – 2016» адабий сынагына катышууга чакырат.

Жазуучулар жана акындар, котормочулар, сүрөтчүлөр жана режиссерлор дүйнө жүзүнө өзүн, өз чыгармаларын көрсөтүп тааныштырууга, жаңы жерлерге барууга жакшы мүмкүнчүктөрдү алышат. Сынактын негизги максаттарынын бири – жаңы ысымдар менен таланттарды табуу, алардын чыгармачылыктары менен элди тааныштыруу.

2016-жылдын 15-февралынан 15-июнуна чейин ар бир талапкерден төмөндөгу төрт категория боюнча бирден эмгектери кабыл алынат: «Адабий чыгарма», «Адабий котормо», «Иллюстрация» жана «Видеофильм». Жеңүүчүнүн эмгеги англис тилинде Лондондо басылып чыкмакчы.

«Hertfordshire Press» (Лондон) басмасы 2002-жылдан бери евразия элдеринен чыккан авторлордун учурдагы илимий-популярдуу чыгармаларын басып чыгарууда адисдешип келет. Басма ошондой эле азыркы убакытка чейин актуалдуулугун жогото элек, бирок англис тилинде али да жарыяланбаган өткөн замандын мыкты чыгармаларын да кайрадан басып чыгаруу менен алектенет.

10 жыл аралыгында компания ар-түрдүү өлкөдөн чыккан 38 автордун 60тан ашык чыгармаларын басып чыгарганга жетишти. Китептер басма, санарип жана аудио түрүндө басылып чыгарылат жана алар менен тааныштыруу иштери ар кайсы өлкөлөрдө уюштурулуп келет, мисалы, Королдук география коомунда, Лондондогу Юнус Эмре түрк маданий борборунда, Директорлору институтунда, Глазго, Эдинбург, Кембридж жана Оксфорд университеттеринде.

Сынакка катышкандардын саны жыл сайын өсүүдө. 2015-жылдагы сынакка 28 өлкөнүн чыгармачыл адамдары катышты.

Сынак, анын шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден табаласыздар: http://www.ocabookforum.com/ жана https://www.facebook.com/ocabookforum/.

Сынактын финалына чыккандардын жана лауреаттардын чыгармалары Лондондо чыккан “Чыгармачыл шериктештик” альманахына жарыяланып турат. 1-мартта альманахтын экинчи саны жарык көрөт.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.