“Актык” суусундугун ойлоп табуучу Баатырбек Исмаилов: “Мени бууй беришсе башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болом”

Сиздин колуңуздан жаралган “Актык” суусундугу тууралуу жакшы пикирди айтып жаткандар көп, бул тууралуу өзүңүз дагы жакшы кабардар болсоңуз керек?
“Актыктын” керемети, касиети ушунда. Маселен бүгүнкү күндө техникага бензин, солярка кандай керек болсо “Актык” да адамга ошондой керек. Анткени бул суусундукту дарыгерлер өздөрү 90%га жакын ооруга пайдалуу экен деп айтып жатышат. “Актыкты” чыгарам дегендер ар жактан бууп айламды кетирип жатышат. Америкалыктар чакырышууда, ноябрь айында барам. Кытайлар чакырып өздөрү эки жолу алып кетишти. Ушинтип отурса мен буулуп отура албайм да, чыгып кетүүгө туура келет. Ал чоң өлкөлөргө чыгып кеткенде кандай болот, мен түшүнө албайм… “Актык” деген бул дүйнөдө да аксың, ич дегенди билдирет, денеңдеги кум-таштарды, зыяндуу нерселерди, жүрөгүңдү тазалайт. Актыкты ишеним менен ичсе 100% кепилдик берем, сөзсүз айыгат. Аттуу-баштуу кыргызга белгилүү 3-4 адам 4-степендеги рак оорусунан айыгышты, алар өздөрү айтпагандан кийин мен алардын атын атай албайм. Жаңы башталган рак ооруларды жөн эле жоюп коет. Кант диабетине, кан басымы жогору-төмөнкүлөргө, өттөгү таштарды, бөйрөк-боор ооруларына, көзгө да пайдасы зор, көз айнек тагынбай калгандар да бар. Көп эле мактай берсең өтпөй атканда реклама кылып жатат дегендей түшүнүк болуп калбасын деп гезиттерге маек бергенден да качып калдым.

Бирок ден соолукка пайдалуу болгон соң элге жеткириш керек да?
“Актыкты” эл дары деп түшүнүп калышыптыр. Бул дары эмес, кыргыз сүттү, айранды, кымызды, сууну кантип ичет, ошентип эле иче берсин, анын эч кандай зыяны жок. Каалаган убакта алып иче берсе оорулардын пайда болушунан алдын ала сактайт, жаш балдардын дене-бою тез жетилет, ошон үчүн “Актык” биринчи кезекте рухий азык, рухий суусундук.

Бул суусундукту өзүңүз, үй-бүлөңүз кандай пайдаланасыздар?
– Мен өзүм эки-үч бөтөлкөнү жөн эле ичип коем. Үйдө бир күндө 3-4 упаковка ичилет, ансыз болбойт.

Менин оюмча боек кошулган чайга караганда “Актыктын” пайдасы абдан эле зор болсо керек?
Албетте. Актыкта эмне бар- булак суусу бар. Булак деген эмне, бул өзү ак, бул өзү өмүр дегенди билдирет. Чөп деген Алла Таала адам баласын жаратканда ырыскы насибин чөп аркылуу келтирген, жер-жемиш аркылуу келтирген. Сүт, сүт бул өзү ак. Адам өзү жаралганда биринчи жолу эне сүтү аркылуу азыктанган. Жадакалса азыр жеп аткан алма, картошкабыздан бери химия бар болуп жатпайбы, “Актыкта” анын бири жок.

Бул суусундук Кыргызстандын булуң-бурчуна тарап жатпайбы, атайын техниканын жардамы менен жасайсызбы?
Ооба, атайын азык-түлүккө арналган дат баспаган, эч кандай зыяндуулукту чыгарбай турган идиштерде жасалат.

Жеген тамак-ашыбыз бүтүндөй адамзаттын ден соолугуна зыян алып келип жатат деп айткандар көп…
Азыр биз чындап эле 70-80% эле чет жактан келген тамак-ашты ичип калдык. Кыргыз баласы камыр оокатты көп пайдаланабыз. Беш бармагыбыз атак-даңктуу кыргыздын улуттук тамак-ашыбыз болуп таанылат, бирок ошол улуттук, эзелтеден келаткан тамагыбызды азыр өтө туура эмес даярдоо жолун тандап алдык. Анткени колго жууруп, жайып жасаган камырлуу беш бармак менен атайын цехтен чыккан камырлардын айырмасы өтө чоң. Жабышкактуулугу, бат бышычуулугу, эзилбеши үчүн ар кандай нерселерди кошо беришет, ал адамдын организмине терс таасирин тийгизет. Тамактын сиңбей калышы, кандын айланышы сыяктуу туура эмес нерселер болот. Кытайдын тамак-ашын көп пайдаланып жатабыз. Өткөндө кытайлыктар эки жолу чакырышты, аларды мөмө-жемиш өстүргөн жерлериңерге алып барбайсыңарбы, көрөлү дегенибизден алып барышты. Жайдын аптаптуу күнүндө теплицасы бар экен, негизи эле чоң шаарлардын тегерегинде 100% адамдын заңын пайдаланышат экен. Киргениңде ал жерге жытынан чыдап тура албайсың. Мисалы помидордун сабагы менин билегимен жоон экен, бийиктиги 3,5-4 метр болуп турат. Ошондон алынган түшүм Орто Азия, Казакстан аркылуу чыгып кетет экен. Түз эле айтса болот, биз кытайлардын жаман нерселердин жеп атабыз. Кыйналып-кысталып, ысык-суукта эмчектеги балабызды таштап коюп бир аз тыйын таап, ага кытайлардан келген сапатсыз азыктарын алып жеп атпайбызбы. Бүгүнкү күндө негизи саясат менен динге каршы жашаган адаммын. Керек болсо ушул саясат менен дин тамак-ашыбыздан бери кирип кеткен. Адамзатты сактап турган нерсе Адам атадан бүгүнкү күнгө чейин эле Көк менен Жерди тиреп турган кудайдын руху бар, ал кыргыз Руху болуп эсептелет. Ошол кыргыз рухунун сыры терең ачыла элек. Ачыла турган мезгил келди. Бир эле мисал айтып берейин, Адам деген сөз. Мечитке, медреселерге, чиркөөлөргө барсаң Адам деген сөздү ылай, топурак деп түшүндүрүшөт, топурактан Адамды жараткан деп. Кыргыз баласын “Адам болчу балам” деп айтат, демек топурак болчу уулум, ылай кызым деп айтабы. Адам деген сөздүн түпкүлүгү тереңде. Кудайдын сөзүнөн келген кудайдын кудуреттүүүлүгүн билдирген, “тигил” жак менен тең кылып адамдын ичине уютуп койгон улуу чындыкты айтат. Биздин “Манасыбызда”: “А дегенде аалам жаралган” деп айтат. Эмне деген аалам, а дегенде аалам жаралып, ошол “а” дан болгондо адам дейт. Баардык динде сыйынышат, көктөгү сенин адилеттигиң болсун жерде дешип. Адилеттик деген эмне, анын дилинде болсоң өзүңө ээ болосуң. Ичибиздеги бизди башкарып, акылмандуулук кылып турган, кайдан-жайдан акыл-эстерде жаратып, өзүнөн өзү бизди уйгу-туйгу кылып турган нерсени ээ деп коет.

Агай, бул теманы алдыда дагы тереңирээк сөз кылып окурмандарга жеткирүүгө аракет жасайлы. Ал эми кайра “Актыкка” кайта турган болсок анын жаңы түрлөрү барбы, ошого токтоло кетсеңиз?
Актыкты жаңы чыгараганда эле актыктын алты түрү аян болуп берилди деп айткам, азыр анын экинчи түрү-шай актык дегенди чыгара баштадык. Дүкөндөргө чыга баштады. Шай актык деле актык сыяктуу, арасында дан кошулган. Баасы актыкка караганда 20-30 % га арзан. Аткени көп телефон чалуулар, оорулуу адамдардан баасын арзандаса болобу деген сунуштар айтылат. Ойлонуп отуруп арзан чыгарып көрүүнү аракет кылдым. Дүкөндөрдө шай актыктын бир литри 40 сомдон сатылышы керек, 1,5 литри 55 сомдон сатылышы керек. Бирок ал менин эркимде эмес экен, сатуучулар каалаган баасын коюп алышат экен. Бирок гезиттен окуган адамдар болсо сатылып жаткан жерде кымбат сатылып атса телефон чалышса арзан баада беришине мен өзүм буйрук берем. Анткени бул чыгарган мени менен эле дүкөнчүлөрдүн ырыскы-насиби эмес, элдики. Элдин ырыскы-насиби дегенди тереңдеп айта турган болсом элдин жүрөгү, ден соолугу, канын тазаланышы деп айтабыз.

Айзада Көчкөнбаева, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Актык” суусундугун ойлоп табуучу Баатырбек Исмаилов: “Мени бууй беришсе башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болом”

  • 22.03.2013 at 21:29
    Permalink

    Саламтсызбы. Мен актыкты балама алып берип жаткам, жашы алтыда. Тамакты жакшы ичпейт, арык, актыкты ичкенден баштап тамак ичиши жакшы болуп калган. Бирок мени ойлонтуп жатканы, коп кишилер арыктадым деп айтышат, баламды ого бетер арыктатып жиберет го,деп корком. Дагы бир суроо бар эле: народный дукондорунон алгам, сроктору бутуп бараткан болуп жатат. 21-мартта алган 1,5 литр актыктыкы срок годности эки жолу урулуптур. Ачсак, ичи каймактам, бёлтёк болуп калыптыр, даамыда башкача экен, тёгуп салдык. Сураныч, сапатын жакшылап карасанар жакшы болот эле. Негизи, кичинекей балдарга ичкенге болобу, арыктатып жибербейи?

    Reply
  • 10.04.2013 at 14:24
    Permalink

    AКТЫК атына жараша,коп сырдуу корунот ичип колдонуу керек.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.