Ыйман кайрык

Кыргыз улуттук адабиятындагы 70-80-жылдардын муунунун чыгаан акындарынын бири – Эгемберди Эрматов. Анын ондон ашык поэтикалык китептери эл арасында акындык көрөңгөсүн таанытып, аты белгилүү болуп келет. Эгемберди Эрматов адабияттагы драма жанрында да узанып, анын драмалары республиканын театрларында коюлуп жүрөт. Ал прозада дагы калемин төшөп, жүрөккө жугумдуу эсселердин автору. Акын агабыз чыгармачылык менен тизгиндеш коомдук ишмер катары да таанымал. Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.  Жыл аяктап бараткан бүгүнкү күндөрдө 60 жашка кол берип турган акындын кутман курагы мамлекеттик деңгээлде майрамдалмакчы. Ал эми бу сапар биз алдын-ала маараке ээсин куттуктоо менен, жакшы тилекте ийгиликтерди каалап, жаңы ырларынан окурмандарга тартууламакчыбыз.

1.

Балалыгым, орто жаш, карылыгым
Бар болгону үч күндүк өмүр экен.
Аны ойлосом түтөрүп каңырыгым,
Кантип жашап келдим деп күдүктөнөм.

Ушунчалык өмүрүм тез өттүбү,
Көзгө толчу бүтүрдүм кандай ишти?
Эктим канча тандалма көчөттөрдү,
Кайсыл жакка короттум кайран күчтү?

Неге мурда билбедим, шорум каткыр?
Өмүрдү бул чексиз деп адашыпмын.
Байкап көрсөм аз гана корум каптыр, –
Конок үйгө кирдим да кайра чыктым…

Эмне жедим, татымы эсимде жок,
Алаксыдым арзыбас көйгөй менен.
Жаш кезимде ушул ой келсе болмок, –
Башка жакка бурмакмын өмүрдү мен.

Азыркыдай арасат жолдо калбай
Кетмек элем батыраак жаратканга.
Өмүрүмдү үч күндүк талдай албай
Олтурамын баш катып намашамда.

2.
Мынча ширин, азгырыктуу бул өмүр
Улам жаңы үмүт берип жылт эткен?
Амалын айт, алаксытып түгөнгүр,
Кол жетпеген нерселерге дегдеткен…

Кыялыңды тызылдатып камчылап
Айдап турат токтотпостон бир жерге.
Түбөлүктүү жашоо бизде бар сымак
Жанталашып күрөшөбүз тим эле.

Өлүм күтүп тургандыгын унутуп,
Дүйнө-мүлк деп чарк айланып күйөбүз.
Жалган айтып, ыйманды жеп, урушуп
Өзүбүзгө тоодой күнөө үйөбүз.

Эсибизден чыгып кетип жараткан,
Сыйынабыз жалган-жашык пирлерге.
Алыс жүрбөй арам оокат, тамактан
Эчен ирет болдук уят, шерменде.

Убактылуу алган ушул өмүрдү
Ак өтөбөй алда неге короттук?
Азгырыкка берип салып көңүлдү
Бир улуу, чоң пурсатыбыз жоготтук…

3.
Керемет бир айдай сулуу, айжамал,
Периштедей болсоң дагы бир күнү
Жүрөгүңө колун салат шум ажал…
Алла Таала кайтарат өз мүлкүңү.

Аманат жан түнөк кылып нечен жыл
Түтүп келип азабыңа, шоруңа,
Кыңк этпестен баш көтөрбөй жүргөн кул
Кетет чыгып азаттыктын жолуна.

А сен аны чыркыраттың миң ирет,
Таза дилин арам кылдың, булгадың.
Зордуктадың жерге тепсеп жемелеп,
Ар убакта болду сенин курманың.

Анын айткан кеп-кеңешин укпадың,
Тулкусуна сиңип кетти кусалык.
Эңсегенин издеп айкын таппадың,
Жүрдү сенде туткун сымал тушалып.

Бералбадың сүйгөн рух азыгын,
Кандырбадың каалаган дил кумарын.
Кетти жаның… Эми сенин жазыгың –
Куураган бир затка айланып турганың.

4.
Көз ирмемде миллион эсе кеңейип
Чексиздикке зымыраган ааламдар.
Кайда бара жаткандыгын ким билет?
Жалгыз гана жараткан зат кабардар.

Санагы жок ай-ааламдар айланып,
Биз билбеген сыйкырдуу бир сапарда
Өз огунан тайып кетпей кылчалык
Бара жатат ыраат менен катарда.

Бир-бирине тартылышып, ыкташып,
Сырдуу күчтүн кубатынан от алып,
Бирин-бири кубатташып, жупташып,
Бир чекиттен пайда болгон тутанып.

Карап туруп бул керемет дүйнөгө
Эс-акылың жетпей сарсан болосуң.
Олтургандай жылчыгы жок түрмөдө
Шайың кетип шалдырайсың, тоңосуң.

Учуп жүргөн чаңдан майда заттайсың
Уч-кыйры жок чексиз аалам бурчунда.
Анан неге өзүңө өзүң батпайсың,
Бүт өмүрүң толгон көйгөй ыр-чырга?

5.
Ар бир башта өлүм барын билебиз,
Кутулбайбыз анын жайган торунан.
Эрте, кечпи көргө барып киребиз,
Айрылабыз тирүүлөрдүн тобунан.

Бизге чейин санагы жок адамдар
Жашап өтүп топуракка айланды.
Алардагы арзуу тилек, кумарлар
Жоголбостон абада учуп калганбы?

Азыр дагы кайталанып кайрадан
Миң жыл мурда көзүн ачкан тилектер
Бизди кыйнап арбаганы арбаган,
Жан кыйнаган күрөштөргө себепкер.

Чектелүү бир ырыскыбыз, күнүбүз
Бар экенин билип туруп жан сабап.
Өлбөй турган пендеге окшоп жүрүбүз,
Энчибизге бир топ кылым бар сымак.

Жараткандын аткарбастан буйругун,
Адам болуп күн көрүүдөн не пайда?
Өлбөй туруп өлбөс ишти кылгының, –
Көз ирмемдей убакыт аз бу жайда…

6.
Менменсинип кайда барар экенсиң
Байкуш пенде, билбей чама-чаркыңды?
Өзүңө өзүң ооматтуусуң, көсөмсүң,
Көкөлөтүп көтөрөсүң баркыңды.

Жууса чыкпас кирге айланып калсаң да
Өпкөң көөп жерге, сууга батпайсың.
Уюлгуган чаң жүрсө да артыңда
Мен дебесең эс албайсың, жатпайсың…

Жүрөгүңө чап жабышып бул илдет
Биротоло бийлик кылып алгандай.
Турган менен дымак берип күлүңдөп,
Өзөгүңдү жей берет ал байкалбай.

Жараткандан алыстайсың дуулдап,
Кур каласың назарына илинбей.
Кетет анан сени айыкпас жин арбап,
Адамдык ар, касиетиң билинбей.

Мен дегениң мүлжүп сени жеп тынат,
Кесепеттин алып келет бүт баарын.
Урпагыңа кара тумоо жуктурат,
Кудай Таала бербейт эч бир куткарым.

7.
Карап турсам аягы жок, башы жок
Топурактын катмарында сөөлжан
Тиричилик өткөрүүдө соймоңдоп,
Караңгыда жолун таап соо-аман.

Таң каласың кыймылына, ишине
Жерди көзөп кирип кетип баратса,
Кайдан кубат келип турат күчүнө,
Көрүү, туюу сезимдери каякта?

Жерден азык алып, кайра шо жердин
Асылдыгын ого бетер көтөрүп
Жашап жүрөт билбей чексиз дүйнөнүн
Кай тарапка баратканын көшөрүп…

Жылдан жылга ырыскысы, олжо тартыштуу
Жарык дүйнө берилсе да бизге нак,
Сөөлжандай асылдантып кыртышты
Жакшы болмок жерди турсак тазалап.

Санаты жок макулуктун бирибиз
Алла Таала амиринен жаралган.
Сөөлжандай сүйсө жүрөк, дилибиз
Жер ыраазы болоор беле адамдан?

8.
Күйүп өчкөн жылдыздардын ордуна
Кара тешик пайда болду кайдагы
Айланасын көк иримдей сорууда…
Эңшерилип барат аалам бир жагы.

Уч-кыйрына көз жетпеген куюндай,
Ап эттирип жутуп чексиз дүйнөнү,
Бары-жогу көрүнбөй да туюлбай
Ааламдардын кыйрап жатат түрмөгү.

Сыртта калбай эпкинине келген зат
Ошол замат ың-жыңы жок бедайын.
Кай тарапка багыт алды зымырап?
Аны билип башкаруучу кудайым.

Кара тешик, балким, накта кыямат,
Качандыр бир жерге жетип бир учу,
Башыбызга салып көйгөй алаамат
Ай-ааламды түгөл жексен кылуучу.

Кудуреттүү жараткандын колунда
Кыпындай чаң, кара тешик, өмүрүң.
Эч ким билбейт эмнелер бар жолуңда,
Кудай менен аруулансын көңүлүң…

9.
Жандүйнөмдө үңүлгөнүм үңүлгөн,
Жетпей келем анын эч бир чегине.
А дегенде түшүнүктүү көрүнгөн,
Көнгөн болчу менин ыңгай, кебиме.

Оо, капырай! Учугу жок илешкен,
Башаты жок кандай сырдуу кубулуш?
Өзү менен өзү тынбай күрөшкөн,
Багытында сан санаксыз бурулуш.

Жеттим десем андан ары чеги жок
Аалам жатат ачылбаган туңгуюк.
Алар качан дайын болот, ойгонот
Жашоо сырын тереңирээк туйдуруп?

Ай-ааламдын көчүрмөсү сыяктуу
Барган сайын чексиздикке кабылам.
Ким жараткан мындай сырдуу кубатты?
Ээ-жаа бербей агылганы агылган…

Жараткандын бул бир улуу күчүбү
Жандүйнөмөн чексиз аалам чөгөргөн?
Эми качан бышат анын түшүмү
Каным менен, жаным менен көгөргөн?

10.
Бул жарыкта жупталбаган нерсе ок.
Тирүүлүктүн улуулугу жубунда.
Күйүп турат кумар деген ыйык от,
Жубу менен жашайт курт да, чымын да.

Адам эмес, ааламдар да жупташкан,
Жупташууда өлбөстүктүн ыргагы.
Бир-биринин кучагынан чыкпастан,
Бирге болуп жыргалы да кууралы.

Жараткандын акылына таң калам,
Ар бир жупка берген аруу касиет:
Кудуретин кошуп койгон жаратман,
Даргөйүнүн кеңдигинен бейэсеп.

Ар бирине тагдыр берип, жол берип,
Өмүр берип чектелүү да чеги жок,
Чоң ааламга алып чыгып дүйнөлүк
Ар бир жупту өзү турат корголоп.

11.
Кудайдын нур мээримине арзыган
Бизден өткөн бактылуу жок, жан элем.
Жупталышып асман, жерим, айланам,
Бирдей нукта, бир ыргакта термелген.

Ар бир алган дем-илепке шүгүр деп
Миң ыраазы болом жаратканыма.
Туш жагыман нечен шайтан жүнүн жеп
Чабуул коет орун-очок, тагыма.

Ошолордон сактап, коргоп астейдил,
Периштелер кызматымда күнү-түн.
Бири мага тартуу кылып аруу дил,
Бири нурун берип турат үмүттүн.

Бири жолум балакеттен тазалайт,
Көкүрөгүн тосуп чыгат тим эле.
Бири айтчу сөзүм оңдоп узанат,
Бийлик кылат менин кызыл тилиме.

Ырыскымды даярдап бир периште,
Ден соолугум карап турат да бири.
Жан дилимди буруп коюп бир ишке,
Бири жууп турат көңүл киримди.

Эгер алар кетсе менден алыстап
Эмне болот? Жаратканым, жан биргем,
Сан жетпеген периштеңе ырахмат,
Кыяматтык кызмат кыл деп жиберген…

12.
Бешенеге жазган кудай тагдырды,
Алып чыгып өмүр деген майданга.
Берип койду кубанычты, жабырды,
Айтты: “Мейли өксүп ыйла, майрамда”.

Ошентти да кесепеттин мыйзамын
Жууруп салды өзүбүзгө жараткан.
Ким тыйбаса напси менен ынсабын
Жаза келет билинбей бир тараптан.

Ким бирөөгө кыянаттык кылдыңбы,
Кайтып турат өз башыңа көрүнүп.
Өлтүрсөң да бейажал бир чымынды,
Бактың жерге түшө берет төгүлүп.

Кайтарымы бар жакшылык, жамандык,
Анын баары жалгыз сенин колуңда.
Өлүм болуп келет жаман амалың,
Шамшар уруп кетет баскан жолуңда.

Кесепетке кабылбайын десең сен
Кудай Таала жолу менен түз жүргүн.
Кусур урат көөп кетсең, эсирсең,
Ай-ааламдын шагынан чорт үзүлдүң.

13.
“Жалган айтпа, жактырбаймын жалганды”, –
Деген улуу осуятын унуттук.
Жалган менен өмүрүбүз чырмалды,
Саясатка кетти айланып улуттук.

Мунун түбү кайда барып такалат,
Кайсы жерден чыгат шишик без болуп?
Кайсыл күнү тизгин тартып, такалап,
Коер экен тамыр жайган терс жорук?

Жалган кирип алды коюн, колтукка,
Жойпуланып өңү-түсү өзгөрдү.
Кээ бир жерде өттү чабуул, зордукка
Курал кылып алып адил сөздөрдү.

Корком абдан жараткандын каарынан,
Азап алып келбесе экен элиме.
Жалган сөздүн эпкинине кабылган
Кут-бейиштей кутман кыргыз жериме.

Сабыр күтүп, тазаланаар деп турам
Жалган менен жашаган бул заманым.
Улутумду, Алаа Таала, сакта аман,
Ыйман жолдо апкир түркөй, жаманын.

Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматов,
«Кыргыз Туусу», 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.