Ак жаан же Болот Бейшеналиевдин сүйүүсү, кайгысы, өлүмү тууралуу

Дөө-шаа актерлордун бири Болот Бейшеналиев. Бу дүйнөгө бир келди да, бир кетти. Бир жанды да, бир өчтү. Жөн кетпей ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып кетти. Болот Бейшеналиев десе көзүбүзгө өзү эмес “Ак Мөөрдөгү” Болот, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн элестейт. Талант, тагдыр, арман. Бул үчилтиктин коштоосу менен бир өмүр кечирип, атагы дүңгүрөп, жүрөгү күңгүрөп жүрүп көзү өткөн кайталангыс адам Болот Бейшеналиев тууралуу бүгүн сөз кылалы. Бу жолу да кинорежиссер Замир Эралиев кайталангыс таланттын тагдыр тамчыларына токтолот.

Жарык дүйнөдөгү жана кинодогу төрөлүү…
Кыргыз киносунда ардактуу, чоң орунду ээлеген залкар актерлордун бири Болот Бейшеналиев. Ал 1937-жылы 25-июнда Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Болот байке кинону жанындай көрчү. Кинону сүйчү. Кино үчүн жаралган адам эле. Актерлукту самаган жаш улан Ташкенттеги театралдык институтту аяктайт. Борбордогу Кыргыз драма театрына иштейм деген тилеги орундалбай, көпкө чайналат. 1964-жылдын күз айларында “Мосфильм” киностудиясынан келген режиссер А.Михалков-Кончаловский жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин экрандаштыра баштайт. Киносыноодон өтүп, А.Михалков-Кончаловскийдин киносунда жаш актер Болот мугалим Дүйшөндүн образын жаратат. Мына ошентип агартуучу-мугалимдин образы Болот Бейшеналиевдин кино жолундагы таалайын ачат. Бул фильмден кийин өмүрүнүн баш-аягына чейин жүздөгөн тасмаларга тартылган. Актердук айдыңындагы эң акыркы эмгеги “Король Лир” спектаклиндеги королдун образы болду.

Болот байке жана айымдар
Өткөн жолкуда Болот менен Таттыбүбүнүн сүйүүсүнө токтолгонбуз. Болот байке алгачкы сүйүүсүнөн айрылгандан кийин эле өзүн-өзү табалбай жүргөндүгүн айтышат. Турмушу таптакыр башка нукка бурулуп, кийинчерээк жетпей калган Таттыбүбүсүнө окшоштуруп Гуля аттуу түркмөн кызына баш кошот. Экөө беш жыл жашап, ортодо сүйүү болбойт. Фрунзеде жүргөн күндөрүмдө Болот байкеникине барып калып, түркмөн улутундагы жубайын көрүп калдым. Сүйүү болбогондон кийин турмуштун пайдубалы жок. Баары урап түшөт. Менин оюмча, Гуля да Болот байкени сүйгөн жок. Акыры ажырашып тынышат. Гуля азыр да Канадада жашайт. Ортолорунда уулу Азиз төрөлгөн. Ата жолун улантып, уулу актерлук кесипти аркалады. Болот байке кийин Москвада жашап жүргөн учурунда еврей улутундагы Стелла менен жашап жүрдү. Аны менен да жашоосу болбоду. Өмүрүнүн көп жылдарын Москвада өткөрдү. “Мосфильмде” иштеп жүрдү. Ал жакта кайсы азиат улутундагы, мейли чукча, мейли хант, якут каарман болобу Болот байкенин аткарып жүргөнүн көрсөм, кээде бу тагдырына таң калам. Бир чети башка улуттун залкарлары менен дагы иштешип, алар менен жолдору бирикти деп ойлоп коем. Болот байке Москвадан кайтып келген соң Турсунай эжеге жолугуп, 1990-жылдары баш кошуп, 11 жылдай бирге жашашкан.

Тартылбай калган Гүлсарат
“1983-жылы Москвадан жаңыдан институтту аяктап, Фрунзе шаарына келдим. Мени устатым Сергей Герасимов колдоп, “Гүлсарат” фильмин тартмай болдум. Танабайдын образын жаратууга Сүймөнкул Чокморовду чакырсам, ал ооруп калды. Фильмге тартылууга келе албады. Болот Бейшеналиевди чакырдым. Чыңгыз Айтматов агай кеңешин айтып калды. “Болот байкең ишеничиңди актаар бекен, кийинки кезде көп ичип жүрөт. Өзүң билесиң да. Эмнеси болсо да айтып койдум”, – деди. Ошол кезде Болот байкенин көзүнүн алды кабат-кабат шишик болуп тургандыктан, Москвага алып барып, көзүнүн алдындагы шишикти алдырттык. Фильмди тарта баштадык. Көп өтпөй эле Болот байке ичип алды. Он күн бою ичти. Артыбызда 90дой адам жүрөт. Акыры айлам кетип, казак актеру Молдобеков Анварды чакырдым. Ошентип Болот байке башкы ролдон түшүп калды. Бир күнү кайрылып келди. Экинчи ичпейм деп сөз берип жатып, Чоро деген каарманды жаратты. Анан мен жол кырсыгына кабылдым. Бут тосууларга жолуктум. “Гүлсарат” фильми тартылып бүтпөй, жабылып калды.

Анын өлүмү
Ойлонуп олтурсам, адамдын тагдыры үч нерсеге байланыштуу экен. Биринчиси – кандай төрөлдүң, экинчиси – кандай аял алдың, үчүнчүсү – кандай өлдүң. Жүрөгүнүн түпкүрүндө кандай армандар уюп жатканын кайдан билели, залкар актер өзүнчө ойго чөгүп, жалгыздыкта жүргөндү жакшы көрчү. Айрыкча өмүрүнүн акыркы жылдарында. Эркин Рысбаев деген жаш режиссердун Болот Бейшеналиев тууралуу тарткан фильми бар. Ак жаан төгүп жатат. Болот байкенин ары-бери эле басып жүргөнү. Залкар талантты шылдыңдагансып, өкмөт үй берди. Ош базары жактагы үйдө, 12-кабатта жашачу. Бирок лифти иштечү эмес. Карыган киши жөө чыкчу. Кийин “Чыгыш-5” районунан үй алды. Болот байке 2001-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз киносунун 60 жылдык маараке тою белгиленип, киночулар “Бета гюрмет” ресторанында майрамдаган күнү оо дүйнөгө узады. Көрсө ал күнү майрамга жалгыз барат. Майрам аягына чыгып, эл тарап кете беришет. Болот ага болсо стол үстүндө олтурган бойдон узап кеткенин эч ким байкабайт. Ресторанда иштегендер жансыз жаткан Болот байкени билген-тааныгандарга чалып, болгон окуяны айтышат. Ошентип дагы бир талант кете берди. Жүрөгүндө кара таштай бир кайгы кошо кетти.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.