Рыспайдын мурасын жыйнаган Борошев

 Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин мугалими Султан Борошев 18 жылдан бери таанымал ырчы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык мурасын жыйнап келүүдө.

Султан Борошевдин демилгеси менен университетте ырчынын атындагы клуб жана сүрөт галереясы уюштурулган. Анын саамалыгы менен Р. Абдыкадыровдун он бир ыры америкалык музыкант Антони Пааш тарабынан англисчеге которулган.

Султан Борошев Рыспай Абдыкадыров атындагы клубдун ишин 18 жылдан бери бир тыйын акы албай жүргүзүп келүүдө.

Рыспай Абдыкадыров атындагы клуб Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде окуу жайдын музыка мугалими Султан Борошев жана обончунун андан башка күйөрмандары тарабынан 1994-жылы ачылган. Ошондон бери клубга обончунун 300дөн ашуун ыры, ноталары менен сүрөттөрү, ал тууралуу тартылган тасмалар, нукура таланттын чыгармачылыгы жөнүндө артисттер менен акын-жазуучулардын эскерүүлөрү топтоштурулган.

 Клубду ачууга совет доорунда таанымал ырчынын чыгармачылыгына бийлик тарабынан жасалган кош көңүл мамиле, Борошевдин Ош мамлекеттик пединституттан кийин Казакстандын Өскемен (Усть-Каменегорск) шаарында сүрөтчүлүккө окуп жүргөндө казак жаштарынын Абдыкадыровдун ырларына жогору баа бергени түрткү болгон экен.

Клубдун кызыл тасмасын Рыспай Абдыкадыров өзү кескен. Бирок клуб ачылгандан төрт айдан кийин обончу 12-декабрда көз жумган.

Клубдагы сыналгыдан ушул тапта Р. Абдыкадыров өз атындагы клубдун ачылышына катышкан 1994-жылдын 11-май күнү аткарган “Ак куулар сени сагынаар” деген ыры жаңырууда. Борошев Ош пединститутунун музыка факультетинде Р. Абдыкадыровдон билим алган.

Быйыл ал Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгы тууралуу беш томдук китепти даярдап бүттү. Анын эки томдугу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жарык көрдү. Калган томдорун жарык көрдүрүүгө каражат жагынан колдоочулар изделүүдө:

 – Биз угуп аткан ушул “Ак куулар сени сагынаар” аттуу обону улуу таланттын өзү аткарган акыркы ыры болуп калды. Анткени ошол жылы ал киши кайтыш болуп кетти.

Клубдун жанында атактуу ырчынын чыгармалары боюнча жаралган сүрөт галереясы уюштурулган. Ал сүрөттөрдү Султан Борошев өзү менен бирге башка сүрөтчүлөргө акысыз тарттырган:

 – 2003-жылы Р.Абдыкадыровдун сүрөт галереясын ачтык, ырларынын негизинде. Мына бул сүрөт “Эсиңдеби?” деген ырына тартылган. Мунусу “Сагынуу” деген ыры боюнча.

 Жалал-Абад университетинде эки жыл иштеген америкалык музыкант Антони Пааш ошондо Р.Абдыкадыровдун он бир ырын англисчеге которгон экен. Обончунун “Сагынуу” деген ыры боюнча №1 симфониясын да жараткан. Ал симфония быйыл аткарылды. Антони Пааш обончунун 70 жылдыгы белгиленген маалда АКШдан атайын куттуктоо телеграммасын жибериптир.

Султан Борошев Абдыкадыровдун клубун бир нече аймак-шаар, өлкөлөрдө ачуу ниетин билдирди.

Ырысбай Абдыраимов, “Азаттык”, 14.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.