Кыргыз тилин үйрөнгүсү келген англис тилдүүлөр үчүн сайт

Кыргыз тилин өздөштүргүсү келгендер үчүн окуу куралдарынын, жакшы курстардын, программалардын жоктугу көп айтылат. Учурда бул өксүктү кандайдыр бир деңгээлде веб-сайттар толтуруп жатат. Буга чейин негизинен кыргыз тилин өздөштүргүсү келген орус тилдүүлөр үчүн сайттарды гана кезиктирүү мүмкүн эле. Бүгүн англис тилдүүлөр үчүн ушундай сайтты таап алдым. Өзүм англис тилин начар билгендиктен бул сайт канчалык жакшы жана пайдалуу экендигин айтуу мага оор болууда. Бирок не болсо да, жоктон жогору дегендей, ушундай сайттын бар экенидигине кубаналы. Кыргыз тилинде сүйлөгөндү үйрөнгүсү келген чет элдик досторуңар бар болсо сунуштап көргүлө. Бул сайттын аталышы Learn Kyrgyz.

Ушул жерде кошумчалап кетким келет. Биздин блогдун “Үйрөн” деген баракчасында ар түрдүү сөздүктөргө шилтемелер бар. Алардын да пайдасы тийип калаттыр.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.