Памир анклав болсун!

Акыркы күндөрү коомчулукта жана массалык маалымат айдыңында Ооганстанда жашаган кыргыздар туурасында арбын айтылып, түркүн түрдүү кеп-сөздөр жүрүп жаткан маалы. Буга эски жылдын этегинде теледен көрсөтүлгөн өздүк тасма өзгөчө түрткү берди десек болчудай. Ошол көрсөтүүдөгү кандаштардын катаал шарттагы оор турмушу бир дагы кыргызды кайдыгер калтырган жок. Бийлик башындагылар дагы адаттагыдай кол шилтей албай, Ооган жериндеги кыргыздардын өтүнүчүн аткарууга аз-аздан аракет көргөндөй маанайын жаратууда. Ал аракет канчалык деңгээлде ишке ашары азырынча белгисиз. Бирок, кандай болгон күндө да, улуу державалардын курмандыгына айланып, тоо койнунда унутулуп кеткен кыргыздарга кеч болсо да көңүл бурулуп, коомчулукта сөз болуп жатканы жакшы жышаан экендигинен кабар бергенсийт. Албетте, маселе көтөрүп, көйгөйдү айтып, аны чечүүгө камынган мекендештерибизге сый, урмат менен ыраазычылык билдиришибиз керек. Бирок, терең билбегендиктен улам, жаңылыш маалыматтар дагы таратылууда. Мындай калпыстыктар кабыл алына турган чечимдерге да таасир этиши ыктымал. Ошондуктан, “жети өлчөп, бир кес” дегендей, көйгөйдү чечүү үчүн түзүлгөн топтун өкүлдөрү терең талдоо жүргүзсө деген ойду ортого коюп, этникалык кыргыздар боюнча айтылгандарды толуктоо менен бирге алардын кыргыз бийлиги чече турган проблемалары туурасында дагы бир ирет айтып коюну оң көрдүм.

Памирлик кыргыздар деген кимдер?
Ооганстанда жашаган кыргыздарды азыр Памирлик кыргыздар деп аташууда. Жергиликтүү кыргыздар аны Памыл дейт. Памир дегени бурмаланып айтылганы. Тарыхчылар Памир деген сөз кайсы тилден чыкканын таппай келет. Ал кыргыздын нукура сөзү. Памыл деген күчтүү, бийик дегенди түшүндүрөт. (Күчтүү демделген чайды памыл чай дейт.) Ал эми деңиз деңгээлинен бийик тургандыгын, түтөк күчтүү болгондугун барыбыз билебиз. Оогандык кыргыздар жашаган аймакты кичи памыл, чоң памыл деп шарттуу түрдө бөлүп айтат. Памыл жайлоосунун эң чоң бөлүгү Тажикстандын Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында жашаган кыргыздарга таандык. Андай жайлоо дүйнө жүзүндө жок десек аша чаппайбыз. Ошондуктан, Ооганстанда жашаган кыргыздарды гана Памирлик кыргыздар деп атоо туура эмес. Анткени, схематикалык картада болжол менен 70 миң чарчы чакырымга жакын аянтты ээлеп, чыгышы Кытай, түштүгү Индия, Пакистан, Ооганстан, Батышы Тажикстан, түндүгү Кыргызстан менен тогошкон тоо кыркасы Сары-Кол деп аталат. Сары-Кол жалпы ат. Сары-Кол өрөөнүн кылымдар бою кыргыздар мекендеп, анда жашаган кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин “сарыколчу кыргыздар” делет. 19-кылымдагы Англия, СССР, Кытай империяларынын баскынчы аскерлери Сары-Колдо тогошуп, үч державаны үчкө бөлүп салган. Үч улуу мамлекеттин курмандыгына айланган Сары-Кол аймагындагы кыргыздар учурда үч мамлекетте турмуш кечирүүдө. Бир бөлүгү Кытайда Ак-Тоолук (Опол, Музтаг-Ата) кыргыздар. Экинчиси, Тажикстанда Мургабтык кыргыздар (кээде Бадахшандык кыргыздар), үчүнчүсү, Ооганстанда Памирлик кыргыздар болуп бөлүндү. Үч өлкөгө караган (Тажикстанда, Ооганстанда же Кытайда болобу) Сары-Кол аймагындагы күн кечирип жаткан элдин 90 – 100 пайызы кыргыздар. Ошол өрөөндөгү жер-суунун, жылга-жыбыттын аттары дагы кыргызча айтылат. Мындай көрүнүш тарыхта Сары-Кол (Памир) аймагы кыргыздын жери болгондугун так айгинелеп турат. Ошондуктан, Ооганда жашаган кыргыздарды гана Памир кыргыздары деген туура эмес. Кытайдын Ак-Тоо ооданында, Тажикстандын Мургабында жашаган кыргыздар дагы Памир кыргыздары болуп эсептелинет. Анткени, Сары-Кол тоо кыркалары Памир деп шарттуу түрдө аталып калган.

“Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт”
Тарыхты терең билбеген же андан маалыматы жок депутаттар, бийлик өкүлдөрү, өлкөнүн коомдук ишмерлери, радио жана гезитте эмгектенген кесиптештерибиз “тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар”, же “тарыхый мекенине көчүрүп келүү керек” деген сөздөрдү туура эмес колдонуп жатышканын баса белгилегим келет. Мындай сөздөрү менен азыркы Кыргызстанга коңшу турган мамлекеттерде жашаган кыргыздарды кайсы бир кезде тентип, качып-бозуп кеткен катары көрсөтүшүүдө. Оозу-мурду кыйшайбай туруп, мындай сөздөрдү айтып жаткандардын логикасына таяна турган болсок, Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандагы кыргыздар жашап турган жерлер-кыргыздын тарыхый мекени болуп эсептелбейт экен. Өткөн кылымда, бөлөк державалардын кийлигишүүсү менен түзүлгөн азыркы Кыргызстандын аймагы гана кыргыздын тарыхый жери деп, бырчаланып бөлүнүп, башка өлкөлөрдүн курамында калган кыргыз жерлерин тарыхый деп эсептебегендик, энесин тааныбай калгандай маңкурттук эмеспи. Же коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздар тарыхый мекенинде, миңдеген кылымдар бою кыргыздар жашаган ата-конушунда жашап жаткан жокпу? Кыргыз жетекчилери, эл билермандары мына ушуну туура түшүнбөгөндүктүн айынан бир нече каталар кетти. Анын бири, Тажикстандагы кыргыздарды көчүрүп келүүдө болду десек жаңылышпайбыз. Жерге-Тал жана Мургабдагы кыргыздарды чакырып, келгенден кийин аларды талаага таштап салганын эч кимибиз тана албайбыз. Турак-жай, үлүш жер, үй салганга жер тилкеси, жумуш орду дегендерди мындай кой, келгенине жыйырма жыл болгонуна карабай, жарандык алуу маселеси азыркыга чейин толук чечилбей турат. Кандаштардын дээрлик 95 пайызы ижарага жер алып, же бөтөндөргө мандикер түшүү менен тиричилигин өткөрүшүүдө. Муну “кул” кылып койду деп айтсак болот. Эң өкүнүчтүүсү, жалган чакырык менен Тажикстандын эки районун толугу менен ээлеп жаткан кыргыздардын санын азайттык. Ал тараптагы кыргыздарды көбөйтүп, кыргыз жерин сактап калуунун аракетин көрүүнүн ордуна, аларды ички саясаттан алсыраттык. Азыр өз жерине кайра көчүп баргандар жок дегенде үй ала алышпай, кыйын күнгө кабылып отурушат. Кыскасын айтканда, Тажикстандык кыргыздар алысты көралбаган кыргыз жетекчилеринин саясатынын курмандыгы болушту.

Кыргыздын анклавы пайда болобу?
Мына ушундай катачылыкты эске алып, Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келүүдөн мурун жеринде жардам берүүнү ойлонсок жакшы болор эле. Дегеним, менин билишимче, Ооганстанда күн кечирип жаткан кыргыздардын баары эле көчүп кетүүнү каалабайт. Рахманкул хан качканда, орустар кырганда дагы ата-конушун таштай албай, көптөгөн үйбүлөлөр өз жеринде калган. Ооба, алып кеткиле дегендер болушу мүмкүн, бирок жабыла көчүп келерине мен ишенбейм. Ошондуктан, “көчүрүп келе калалы” деген тар маселени карабастан, кененирээк ой жүгүртсөк болбойбу. Маселен, акыркы маалыматтарга караганда, бийликтегилер Памир кыргыздарын башка жакка көчүрүү үчүн БУУга кайрылып жатат. Эгер жетекчилер алысты ойлоп, чындап жардам бергиси келип жатса, БУУдан көчүрүү үчүн эмес, 19-кылымдын жашоосунда күн кечирип жаткан кыргыздардын шартын, турмуш-тиричилигин жакшыртуу үчүн, аларга жардам берүү максатында ошол аймакты 100 жылга ижарага алуу маселесин коюшу керек. Эл аралык уюмду ортого салып, Ооган бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Балтаны кызуусунда сок дегендей, азыр чындап киришсе бул маселе чечиле турган иш. Келечегинде ал жер Кыргызстандын анклавы болуп калышы керек. Кээ бирөө тоонун эмне кереги бар деши мүмкүн. Албетте, Ооганстандын түзүмүнө кирип, билинбей жатканы менен ал жер тогуз жолдун тому. Памир кыргыздары жашаган територия Кытай, Индия, Пакистан, Тажикстан, Ооганстан айкалышкан жер. Памыл тоолордун, мөңгүнүн, таза суунун башатында турат. Мисалы, Кыргызстандын ичинде анклавтар бар. Анан биз эмне үчүн башка жерден анклавтарды алгандан коркушубуз керек.

Кыргызды жер киндигинен ажыратпаш керек
Кыргызстан Памирде жашаган кыргыздардын билим берүү жана медицина тармагын жолго коюп, азык-түлүк алууну бир нукка салып берсе, байга салам айтпай жашап кетери шексиз. Анткени, Ооган кыргыздары Мургаб районунда жашаган кыргыздар менен бирдей шартта, бир климаттык өзгөчөлүктө жашайт. Айырмасы эле, Мургабта билим берүү тармагы менен медицина жолго коюлган. Эгерде анклав болуп калса алардын келип кетүү, дарылануу маселелери да жолго коюлмак. Каалаганы Кыргызстанга көчүп келип жашай бермек. Биздин жетекчилер оңоюна качырып, эптеп бир жерге көчүрө коюну ойлоодо. Бирок, башка жакка көчүрүү деген да оңой нерсе эмес. Андан ары жашап кетүү озуйпалары бар. Алар мал менен тиричилик кылып көнгөн эл. Эгерде Кыргызстандын бир аймагына толугу менен апкелсең, кой-топозун кыштан чыгара албай кырып алышат. Себеби, ал жакта малга тоют камдабай, жайы-кышы талаага багышат. Малынан айрылса, алар башка эмне менен тиричилик кылат? Жер айдаганды билбейт. Билими жок. Аргасыздан жогоруда айткан жорук кайталанып, Оогандан келген кыргыздар мандикерликке малынат. Бөлөктөргө кул болуп калат. Эң алды мына ушуну ойлонуу керек. Ал эми Түркиянын Ван чөлкөмүндө жашаган кыргыздардын өтүнүчүн аткарып, аларды толугу менен көчүрүп келсе болот. Анткени, алар жашап жаткан жер кыргыздын ата-конушу эмес. Ошондуктан, отуз жыл мурун качып барган кыргыздар чукул аралыкта тилин, салтын жоготуп, бөлөк улуттун арасына сиңип кетүү коркунуч алдында турат. Дагы жыйырма жылдан соң алардын дайын-дареги билинбей, күрттөргө аралашып кетиши ыктымал.

Этникалык кыргыздардын көйгөйү
Коңшу мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздар бир нече маселелерде, Кыргызстандын камкордугуна муктаж болуп келет. Бирок, ушул кезге чейин көйгөйлүү маселелери толугу менен чечиле элек. Анын эң оорчундууларынын бири, кыргыз мектептериндеги адабий жана окуу китептеринин тартыштыгы. 20 жылдан бери Кыргызстандан барбаганы. Мына ушунун кесепетинен Өзбекстандагы, Тажикстандагы бир нече кыргыз мектептери жабылды. Кыргыз балдары аргасыздан тажик жана өзбек мектептеринде окуп жатышат. Кыргыздын кыз-жигиттери дилин, тилин жоготушууда. Көп нерседен кечиктик, бирок, кыргыз мектептери биротоло жоголгуча карап отурбай, жардам берсек болот эле. Мындан сырткары Кыргызстанга келип-кетүү маселесинде чоң кыйынчылыктар чечилбей турат. Өзгөчө, бүт тиричилиги Кыргызстанга байланган Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздар бажы бекеттеринин запкысын жон териси менен тартууда. Бор-Дөбө бажы бекетинен сырткары, Гүлчө шаары менен Сары-Таш айылында турган МАИ кызматкерлери күн-түн дебей мургабдык жана жергеталдык кыргыздарды каалагандай тоноп жатышат. МАИ кызматкерлери жеңил унаалардан 800дөн 2000ге чейин, жүк ташыгандарынан 3000ден, 7000ге чейин акчаларын алганын айтып, зар какшоодо. Алардын үнүн угар киши жок. Чындыгында эле алар кимге арызданат? Ушинтип, бөлөк өлкөдө басым-кысымда жашап жаткан кандаштарыбызга жардам бергендин ордуна, саан уйга айлантып, “какаганга муштаган” кылып жатканыбыз кудайга жагар бекен? Кыргыз кыргызды кыйнаганды качан токтотобуз? Мен президент А.Атамбаевден, премьер-министр Ө.Бабановдон, Жогорку Кеңеш депутаттарынан, өзгөчө Ички иштер министри З.Рысалиевден суранам, жок дегенде “жол каракчыларын” тыйып берсеңиздер. Ошондой эле, мекенчил, патриот улутташтарга кайрылам, коңшу өлкөлөрдөгү кыргыз мектептерин сактап калууга салым кошсоңуздар…

Памирлик кыргыз Зулпукаар САПАНОВ, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.02.2012-ж.

Памир кыргыздары (Википедия, орус тилинде)

А бул жерде мургабдык кыргыздар тууралуу айрым кызыктуу маалыматтар бар

Памирдик (оогандык) кыргыздар (Тынчтыкбектин фотоблогу)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.