«Кар» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

Кар бүртүк

Көңүлүмдү көркөмдүгү ачып жай,
Көктөн жерге кулап бирден ашыкпай.
Аяр, назик жаап жатат аппак кар,
Адамзатты аруулаган бакыттай.

Эх, айрымы балмуздактай туюлуп,
Эриниме даам берет урунуп.
Эртең эрип жок болорун билсе да,
Ээ-жаа бербей үймөктөшөт жыйылып.

Жүзүм тоссом арнап жанга жыргалын,
Жумшактыгы термейт жүрөк кылдарын.
Жарып алып жатабы дейм каккылап,
Жаратканым жаздыгынын пырларын.

Арасында алтын бардай жылтылдап,
Аяз чулгап койгон окшойт сыйкырлап.
Булгагандан коркуп аппак денесин
Бассам ыйлайт балапандай чыйпылдап.

Кучакташып, уюлгушуп тигине,
Кубалашып жетпей бири-бирине.
Койкоңдошуп ары-бери бийлешет,
Коктулардын айдарым жел бийине.

Кар бүртүктүн бир мырзасы эртелеп,
Курдашына сөз айтууга белсенет.
Кирпигине аста консо селкинин,
Кыз кар бүртүк кызганууда эркелеп.

Түшсө дагы түпсүздүктөн даттанбай,
Тазарттым деп айлананы мактанбай.
Ырыс-бакыт тартуу кылган сезимге,
Ырас бизге ынак жок го ак кардай…

* * *
А мен жүрөм көр тирликтин айынан,
Ак карчалык пайдалуу иш аткарбай…
21.02.2012

Жылдызбек Турсунбаев,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

16 thoughts on “«Кар» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

  • 22.02.2012 at 16:56
    Permalink

    Хе-хе

    Кар бүртүктүн бир мырзасы эртелеп,
    Курдашына сөз айтууга белсенет.
    Кирпигине аста консо селкинин,
    Кыз кар бүртүк кызганууда эркелеп.

    кардын да кыз эркеги болоорун билбепмин да :-)))
    эми байкай журойунчу
    хаха оой акындар эмнеге гана салыштырып жазбайсынар эээ?
    негизи жакшы эле ыр экен
    бирок ушул куплети коошпой калган го 🙂

    анан кардын чыйпылыктаганы
    хахааай 🙂

    негизи бул сайтта коп жакшы нерселер бар тура
    эрмек учун жакшы экен
    во! жакты мага

    Reply
  • 22.02.2012 at 19:35
    Permalink

    Абдан жакшы жазылган ыр экен.
    Озгочо:

    Жүзүм тоссом арнап жанга жыргалын,
    Жумшактыгы термейт жүрөк кылдарын.
    Жарып алып жатабы дейм каккылап,
    Жаратканым жаздыгынын пырларын.

    Азаматсыз! Башкалардыкынан озгочо салыштыруу. Соз жок!
    Калеминиз курчуй берсин акын ага. Бар болунуз!

    Reply
  • 23.02.2012 at 10:21
    Permalink

    Durus yr eken, rifmalary kelishken, jakshy aiaktapsyn, maga jakty!

    Reply
  • 23.02.2012 at 10:30
    Permalink

    А мен жүрөм көр тирликтин айынан,
    Ак карчалык пайдалуу иш аткарбай… деген саптар бизди да ойлонтуп, биз да ак карды кечкенден аяп отуруп калдык.Ушундай аалам сулуулугун бузбасак деп! Көңүлдөн түнөк тапкан мыкты ыр болуптур,азаматсың!

    Reply
  • 23.02.2012 at 10:33
    Permalink

    Кышты ушунчалык жаман кором. Туурасын айтканда ушугонду, бирок бул ырды окуп туруп кыштын бутуп жатканына ичим ачышып кетти. Акын жигит сезген туюмдарды менин дагы сезгим келип кетти. Азаматсын Жылдызбек!!!

    Reply
  • 23.02.2012 at 10:37
    Permalink

    “Көңүлүмдү көркөмдүгү ачып жай,
    Көктөн жерге кулап бирден ашыкпай.
    Аяр, назик жаап жатат аппак кар,
    Адамзатты аруулаган бакыттай”, ушул саптарда айтылгандай, аппак кар адамзатын жашоосун аруулап, тазалап, жаныланууга ундоп турат. Тегеренип бийлеп келип жерге кулаган аппак карларды коргондо кимдин гана конулу которулбойт. Жыкенин конулу да, чыгарчылыгы да улам бийикке которулуп, кыргыз адабиятына зор салымын кошо беришине тилектешмин!
    Жылдызбек инимди ылдын ар бир мезгили суктантып, куштарлантып, илхом берип, ырларды жаздыра берсин, жаадыра берсин дейт элем! Келечекте эл акыны болооруна умутубуз чон!

    Reply
  • 23.02.2012 at 11:15
    Permalink

    Азаматсын Жылдызбек

    Түшсө дагы түпсүздүктөн даттанбай,
    Тазарттым деп айлананы мактанбай.
    Ырыс-бакыт тартуу кылган сезимге,
    Ырас бизге ынак жок го ак кардай…

    деп туптуура айтыптырсын

    Reply
  • 23.02.2012 at 11:42
    Permalink

    Кучакташып, уюлгушуп тигине,
    Кубалашып жетпей бири-бирине.
    Койкоңдошуп ары-бери бийлешет,
    Коктулардын айдарым жел бийине.

    Кар бүртүктүн бир мырзасы эртелеп,
    Курдашына сөз айтууга белсенет.
    Кирпигине аста консо селкинин,
    Кыз кар бүртүк кызганууда эркелеп.

    Абдан таамай жазылыптыр. Ырды окуп жатып, ошолордун арасындагы бир кар бүртүкчөсү сыяктуу өзүмдү сезип кеттим

    Reply
  • 23.02.2012 at 14:39
    Permalink

    Super, super chininda ele super eken. Chigarmachilik iygilik…

    Reply
  • 23.02.2012 at 14:44
    Permalink

    Азаматсын Жылдызбек! Жакшы ыр экен. Мага жакты. Сага чыгармачылык ийгилик каалайм.

    Reply
  • 23.02.2012 at 16:19
    Permalink

    TUSHTUM DEP TUPSUZ ASMANGDAN
    TOSH KAGYP JOK AL MAKTANGAN
    AILANYP KETSEK BOLOT EE
    AKIRIN JAAGAN AK KARDAN – degen Karbalas Bakirov agaidyn yryna akirki saptardy okshoshturdum
    ntgizi yr jakshy jazylyptyr
    Zaiyrbek menen Jyldizbektin ekoo ten kardy uuz sutko salyshtyrgany okshoshup kalgani gana maga jakpadi
    kalgani durus

    Reply
  • 23.02.2012 at 16:45
    Permalink

    Жылдызбек байке, ийгилик сизге, Жаратылыштын ар бир жаратканын кандай экенин баамдай билуу, аларды салыштыра билуу, бул таланттын бийиктиги деп ойлойм. Мен учун кар, бул жон эле кар, ал эми сиздей талантту акындар учун кардан дагы чон ийгилик жарата турган баалуулук.Дагы ушундай ырларынызды жарата бериниз !!! Талантыныз оркундой берсин !!! Сиздей байкелер менен сыймыктанабыз !!!

    Reply
  • 24.02.2012 at 08:35
    Permalink

    Кар тууралуу канаты бар абдан сонун ыр жаратыпсын иним, ийгилик! Бул ыр жаккандыктан http://www.kyrgyzym.com/сайтына коюп койдум,туура түшүнөрсүң…

    Reply
  • 25.02.2012 at 10:12
    Permalink

    БАРАКЕЛДЕ, ЫР ДЕП УШУНУ АЙТ! КАЛЫСТАР АДИЛЕТТИКТЕН ТАЙБАСА,БАШ БАЙГЕНИ АЛЧУ ЫР ЭКЕН!

    Reply
  • 27.02.2012 at 11:33
    Permalink

    Азаматсын Жыке! ырын жакшы чыккан. эми ар кандай сын пикирлер айтылат. жакшысын жакшыдай, жаманын сын катары кабыл аласын да. чыгармачылык ийгилик каалайм! ак кардай жан дуйнону аруулаган ырларын кобойо берсин!!!
    анан Расул Мурат дегенге айтарым, канчалык аракет кылсак да экообуз кар буртукторуно окшошпой калдык го)))

    Reply
  • 05.03.2012 at 17:07
    Permalink

    Азаматсың Жылдызбек! Абдан маанилүү жана ыргактуу жазылыптыр. Сенин талантыңа таң калгандар тамшанып макташат. Ал эми кээ бир адамдар бар, же өзү андай боло албайт, бирөөнү көрө албайт, андай адамдардын сын пикирин жокко эсептеп кой! Ийгилик сага! Ыйык калемин колуңдан түшпөсүн!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.