Манас – экрандын төкмөсү, дастанчысы

Кыргыз кино кереметине өзүнүн үлкөн салымын кошкон, бир топ мыкты тасмаларды тарткан таланттуу оператор Манас Мусаев быйыл – 24-апрелде 70 жашка толот. Анын чыгармачылыгы, эмгеги жана адамгерчилиги туурасында үзөңгүлөш замандашы, чогуу иштешкен досу, кинодраматург жана жазуучу Кадыркул Өмүркулов айтып берди. 

Кокусунан таанышканбыз

Манас экөөбүздүн таанышканыбызга жарым кылымдан ашып калды. Таанышканыбыз кызык болду. Анда мен Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун сценардык факультетинин биринчи курсун бүтүп, Фрунзеге практикага келгем. Каникул учурунда бир репортаж уюштуруубуз керек болчу, ошол себептен мен Токтогул ГЭСине барып, ошол жактан репортаж жасайын деген чечимге келдим. Анда ГЭСтин жаңыдан курулуп жаткан кези эле. Колума фотоаппарат алып, көчөдө бара жатсам, алдыман бир бою келишкен мен курактагы жигит чыкты. Экөөбүз учурашып калдык. Ал ууртунан күлгөн, жумшак мүнөз, маңдайы жарык жылдыздуу экен. Менин колумдагы фотоаппаратымды көрүп, фотосүрөтчү деп ойлогон экен көрсө. Анан ошол жерден таанышып калдык. Манас ал кезде институтка өтө элек, бирок фотосүрөтчүлүккө аябай кызыгып жүргөн маал экен. Аны менен 1961-жылы таанышкан элем.

Жарым кылымдан бери достугубуз бекем

Арадан мына жарым кылымдан ашык жылдар өтсө да, мамилебиз мурдагыдай бекем. Ал гана эмес буюрса кандостуктун ашуусунан да өттүк. Кийин Манас кинематография институтунун операторлук факультетине кирип, окуду. Москвада окуп жүргөндө эле бирге баарлашып, оюбузду бөлүшүп, чыгармачылык жактан да келечекте биргелешип иштесек деген ойдо болдук. Анан мен дипломдук ишимди “Бакайдын жайыты” сценарийи боюнча жактадым. Манас менден эки жылдан кийин институтту бүтүрүп, дипломго чыгып, ал да өз иштери менен алектенип жатты. Кийин “кайсы тасманы биргелешип тартсак”,- деп ойлонуштурдук. Манас ар бир ишинин майын чыгара аткарчу. Ал эң алгач “Муке” аттуу даректүү тасма тартты. Абдан кызыктуу чыгарма болду. Бул фильм сахнанын корифей улуу артистибиз Муратбек Рыскулов жөнүндө биринчи даректүү тасма болду. Манас Мукемдин талантын абдан терең түшүнүп, баалап тарткан. Бул оператордун алгачкы кадамында чоң кудурети бар экенин баяндады.

Чыгармачылыкта да чогуу жүрдүк

Чыгармачылыкта кол үзбөй жүрүүбүзгө чогуу иштешип калганыбыз себеп болду. Анда биз “Ак куулар конгон айдың көл” деген көркөм тасманы тартканбыз, кийинчереек ал мен жазган “Нөшөр” аттуу сценарийим боюнча фильм тартылып, ага Манас оператор болду.

Ысык-Көл жөнүндө тарткан тасмаларын көрүп моокумум канчу

Манастын чыгармачылыгында дагы бир белгилеп кетчү кызыктуу жагдайы бар. Ал көбүнчөсү кереметтүү, кооз Ысык- Көлүбүздү абдан жактырчу жана көпчүлүк фильмдери Көлдө тартылган эле. Алар баарыбызга белгилүү “Ысык- Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Ак куулар конгон айдың көл”, “Нөшөр” ж.б. негизинен Манас табиятты, жаратылыштын сулуулугун, улуулугун, Ысык-Көлдүн кереметин даңазалачу. Анын ар бир тарткан тасмасын көргөндө моокумуң канат, аябай ыраазы болосуң. Советтер Союзунун убагында эле мекенибиздин жана эл аралык фестивалдарда алдыңкы орундарга ээ болуп, чыгармачылык жеңиштерди алып келген. Башкасын коюп “Ак кемени” эле айтсак, бул тасма кыргыз киносунун гана эмес бүткүл союздун сыймыгы. Ал фильмдин эң негизги авторлору Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана Манас Союзда эң даражалуу сыйлыктын ээлери болду.

Манас экрандын “төкмөсү”, дастанчысы

Мага тааныштарым тамашалашып “Сенин досуң көп сүйлөбөйт” деп айтып калышат. Аларга мен мындай деп жооп берем, “ар кандай адамдар бар, бирөө сөзгө чечен, бирөө ырга шыктуу, а Манас досум болсо, көп сүйлөбөгөнү менен кылган иши, эмгеги мээнети, кесиби сүйлөп жатпайбы”,-деп. Чындыгында эле Манас экрандын төкмөсү. Сөз менен эмес, сүрөтчүлүгү менен “төгүп” жатат. Анын ар бир тарткандары өзүнчө эле бир дастан.

Жогорку окуу жайдан кийин ал устаттардан таасирленген

Эми кыргыз киносунда операторлук жагында мыкты адамдар болгон дагы учурда дагы бар. Эң биринчиси операторлук жагынан ал өзү да бийик баалаган Марлис Туратбеков институттан кийин Манастын биринчи устаты болгон. Андан кийин дагы бир залкар кинооператор Кадыржан Кыдыралиев да өз өнөрү менен бөлүшкөн. Негизинен Манас “Кыргызфильмде” мына ушул эки кишиден таалим, таасир жана үлгү алган. Жаратылышынан эле өзүнүн да тубаса шыгы бар экен, мына опол тоодой иштерди жасап койду, бир канчалаган сыйлыктардын ээси болду. Мисалы, СССРдин учурунда эле баары эле оңой менен ала албаган мамлекеттик сыйлыкты алган. Андан тышкары да эл артисти деген наамга татыктуу болду. Манас биздин кинодогу сыймыгыбыз, жүзүбүз.

Жетимиш жаш деген чоң ашууга келди

Жеке жашоодо үй-бүлөлүк тыгыз байланышыбыз бар. Балдарыбыз дагы бирге чоңоюп, бирге баарлашып жүрүштү. Эми азыр алардын ар биринин өзүнүн чарбасы тирилиги бар. Досчулук, адамгерчилик жагынан дагы Манаска теңдеш адам аз. Өзүн ар дайым таза кармайт, сый-урмат менен жүрөт. Ага мен ыраазымын жана сыймыктанам. Себеби, тагдырымда ушундай кең пейил, ак көңүл, жароокер дос күттүм. Ушунча жылдан бери тактап айтканда жарым кылымдан бери бири-бирибизге катуу айтып, көңүл калтырган жокпуз. Бул жагынан Манас психолог, берекелүү адамдардын бири. Мына учурда кайдан жайдан 70 жашка кирип келди. Убакыт деген учкан куш дегендей анын торколуу жашы келип калды. Ушул жашта дагы кадимкидей эмгектенип иштеп жүрөт. “Мен 70ке чыктым, карыдым”,- деп олтуруп калбай, жакында эле “Сүрөт өнөрчүлүгү” деген китеп жазды. Бул кыргыз тилиндеги биринчи китеп болуп саналат. Эң биринчи сүрөт өнөрчүлүгү боюнча кыргыз тилинде китеп чыккан эмес. Мына ушундан эле анын эмгекчилдигин байкаса болот. Бул өз өнөрүн жаш муундарга калтырып кетүү максаты эле. Учурда да Манас чыгармачылык чөйрөдө Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору болуп өзүнүн болгон деми, шыгы менен иштеп жүрөт. Ал чыгармачылык жана адамгерчилик жактан төрт тарабы шай келген инсан.

Аял жакшы – эр жакшы 

Жубайы Жаркынай Мусаева илимий чөйрөдө экономика жаатында иштеген чоң адис. Анын укмуштуудай кызыктуу изилдөөлөрү бар. Ал докторлугун Алматы шаарында жактаган. Андагы профессор, академиктер Жаркынайдын эмгегине чоң баа беришти. Мен ошол чогулушка катышып, жогорку баа бергенге күбө болдум. Ал эми аялзаты катары Манаска абдан чоң таасири бар. Булар эрте эле жаш кезинде таанышып, баш кошуп, үй-бүлө күтүшкөн. Балдарды чоңойтушуп, неберелүү да болуп калышты. Эки кыз, бир уулун татыктуу тарбиялып эрезеге жеткиришти. Адамгерчилик жагынан да экөө келишкен үй бүлө болуп калды. Экөө тең профессор. Негизинен эки жылдыз төп келишти. Бири-бирине шооласы, жарыгы тийип турат. Өмүрлүү, бактылуу, келечектери кең болсун! Досумдун торколуу жашы кут болсун, жүздүн жүзүн көрсүн!

Самара Кабылбекова, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер тарыхы»), 20.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.