Жаш түркологдордун V эл аралык симпозиуму

Кыргыз-Турк “Манас” университети, Гуманитардык факультет, Түркология бөлүмү тарабынан 2012-жылдын 25-27-апрель күндөрү 2007-жылдан бери жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан Жаш түркологдордун эл аралык симпозиумунун бешинчиси болуп өтөт.

Симпозиум 25-апрелде саат 10.00 до «Манас» университетинин Жалдагы Чыңгыз Айтматов кампусунун Экономика жана башкаруу билимдер факультети имаратынын “Касым Тыныстанов” залында ачылып, ага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри Канат Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов, Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал, академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучу-профессорлор катышышы күтүлүүдө.

Симпозиумга бул жылы 6 өлкөдөн (Түркия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Афганстан) 150гө жакын доклад келип түшүп, анын 90 кабыл алынды. 90 катышуучунун 11 Түркиядан, 37 Казакстандан, 1 Кытайдан, калгандары Кыргызстандын университеттеринен келди.

“Жаш түркологдордун V эл аралык симпозиумунда” республиканын ар кыл аймактарынан жана чет элдерден келген 90 жаш түрколог илимий докладдарын окушуп, өз ара пикир алышып талкуулашат. Симпозиумдун ишине Республикадагы жана Түркиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан келишкен улуу муундагы окумуштуулар катышышып, жаш окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айтышат.

Симозиум эки күн (25-26-апрель) созулуп, 27-апрелде сырттан келген коноктордун Бурана музей комплексине жана Ата-Бейит комплексине зыярат кылуусу менен аяктайт.

Толугураак маалыматты бул жерден алсаңар болот http://gencturkologlar.manas.kg/kg/indexkg.html

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.