Чүкө бекитмей

Оюн тегиз жерде 14 – 17 жаштагы 40 – 50 оюнчунун катышуусу менен ойнолот. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Оюнга 1 чүкө колдонулат. Чүкө таштоочу жер белгиленет.

Калыс оюнчулардын ортосуна колундагы бир чүкөнү көкөлөтүп ыргытат. Чүкөнү кайсы жааттын оюнчусу тосуп алса, ошол жааттын оюнчулары чүкөнү бири – бирине берип, чүкө таштоо үчүн белгиленген жерге таштоого аракеттенишет. Атаандаш жааттын оюнчулары болсо чүкөнү алган оюнчунун колунан чүкөнү тартып алып, чүкө таштоочу жерге өздөрү таштоого аракет кылышат. Кайсы жааттын оюнчусу белгиленген жерге чүкөнү таштаса ошол жааттын оюнчулары упайга ээ болот. Оюн ушул тартипте улантыла берет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайлары көп болсо ошол жаат утат.

Саты Токторбаев, ” Өспүрүмдөр оюндары”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.