Түгөлбай Сыдыкбековду унутпайлы!

Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев мырзага
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
А. Жээнбеков мырзага
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Ө. Бабанов мырзага
Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов мырзага

Урматтуу мырзалар!
Жылдар өткөн сайын Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун арабызда калдайып тирүү жүргөн учуру алыстагандан алыс­тап баратат. Улуу-кичүү а кишини урматтап, “Түкө” дечү элек, анткени, жүрүм-туруму, иштеген иштери, көтөргөн жүгү, граждандык позициясы боюнча ал ошондой сый-урматка татыган инсан. Түкөбүз кыргыздын жазма профессионал адабиятын негиздеген таланты бийик жазуучуларыбыздын бири экендигин баса айтпаган күндө да, анын патриоттугу, учурунда “Манас” эпосун коргоп калуудагы жана элге жеткирүүдөгү зор эмгеги, кыргыз тилинин, байыртан келаткан улуттук маданияты менен тарыхынын өсүп-өнүгүшү үчүн, кыргыз элинин көз карандысыз эгемен өлкөлүү болушун көздөп жашаган кажыбас күрөшү элибизге кенен таркап, Түкөбүздүн кадыр-баркын көтөргөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түп-тамыры байыртан башталаарын кан какшап, далилдөөлөр менен тайманбай айтып да, жазып да келген бирден бир Түкөбүз болгон. А кишинин улуттук ар-намысты бийик баалап, эл үчүн, өлкөбүз үчүн жасаган мыкты жактары жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген сыймыктуу наам ыйгарылган. Бирок Түкөбүздүн көзү өткөндөн кийин, кайсы бир чиновниктердин осолдугу болуу керек, Түгөлбай Сыдыкбековдун атын түбөлүк калтыруу боюнча чыгарылган Өкмөттүн чечими: “Бишкекте бир көчөгө ысмы коюлуп, Кең-Суудагы бир мектепке ысмы берилсин” дегендей гана жупуну чыгып калган. (Кең-Сууда Түкөнүн аты коюлган мектеп мурдатан эле бар).

Түгөлбай Сыдыкбековдун ысмын түбөлүк калтыруу жөнүндөгү алгачкы сунуш 2003-жылдын март айында ошол кездеги КРнын президентине, премьер-министрине, Бишкек шаарынын мэрине жолдонуп, Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кошулушуна пландаштырылып, ысмы шаардын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылары “Ысык-Көл” ынтымак фондуна кабарланган эле. Тилекке каршы, Түгөлбай Сыдыкбековдун атын түбөлүк калтыруу маселеси ордунан жыла элек, а түгүл, азыр биз сунуштай турган жагдайды Түгөлбай Сыдыкбековго ыраа көрбөчү билермандар да болушу мүмкүн.

Сиздерден өтүнөрүбүз: атактуу патриот жазуучубуздун 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварына Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин орнотуу маселеси биротоло чечилип, Түштүк магистралга (Тынчтык проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейинки аралыкка) ысмы ыйгарылса, акыйкат жана калыс иш болор эле.

Сиздерге урмат-сый, ызаат көрсөтүү менен,
К. Кондучалова – КРнын Баатыры,
коомдук ишмер,
С. Эралиев – КРнын Баатыры,
Кыргыз эл акыны,
С. Жусуев – КРнын Баатыры,
Кыргыз эл акыны,
М. Мамакеев – КРнын Баатыры, академик,
Т. Садыков – КРнын Баатыры,
Кыргыз эл сүрөтчүсү,
Б. Жакиев – КРнын Баатыры,
Кыргыз эл жазуучусу,
М. Мамытов – КРнын Баатыры, академик,
К. Акназаров – Социалисттик эмгектин
баатыры, коомдук ишмер,
К. Каракеев – академик,
К. Жусупов – Кыргыз эл жазуучусу,
М. Байжиев – Кыргыз эл жазуучусу,
Ө. Даникеев – Кыргыз эл жазуучусу,
К. Акматов – Кыргыз эл жазуучусу,
А. Өмүрканов – Кыргыз эл акыны,
А. Алдашев – академик,
Ү. Асанов – академик,
А. Бөрүбаев – академик,
Б. Орузбаева – академик,
А. Какеев – академик,
А. Акматалиев – академик,
К. Жумалиев – академик,
Д. Маматканов – академик,
Ш. Дүйшеев – Кыргыз эл акыны,
З. Үсөнбаев – Кыргыз эл артиси,
Ж. Сааданбеков – илимдин доктору,
коомдук ишмер,
А. Эркебаев – академик,
А. Абдылдаев – коомдук ишмер,
С. Иманбаев – коомдук ишмер,
Б. Акунов – коомдук ишмер,
Т. Чынгышев – коомдук ишмер,
С. Урманаев – коомдук ишмер,
А. Костюк – коомдук ишмер,
Ж. Каныметов – коомдук ишмер,
Б. Иманалиев – коомдук ишмер,
С. Дубанаев – коомдук ишмер,
Ө. Алмакүчүков – коомдук ишмер

Май, 2012-жыл.

“De-факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.