Кадыралы Коңкобаев: Мамлекеттик тилди колдоно турган чөйрөлөр толтура


«Мамлекеттик тилди колдоно турган чөйрөлөр толтура» – деп филология илимдеринин кандидаты Кадыралы Коңкобаев «Кыргыз тилин окутуу системасы реформага муктажбы?» аттуу тегерек үстөлдө билдирди.

Кыргыз тилин окутуу системасы реформага абдан муктаж. «Совет мезгилинен бери калыптанып калган система боюнча 9-10 жаштагы балдарды дароо эле үн, фонетикадан баштап окута башташат. 4-класстын китебин карап көргүлөчү, андагы программа 6-класстын окуучуларына туура келет. Анан ошол эле программа кайта 6-класста кайталанат. Окуу китептери мазмун-маңыздуу, түшүнүктүү болуп түзүлүшү керек. Коомчулук мына ушуга көптөн бери нааразы. Эмдигиче эчким негиздүү жооп бералбай койду. Кыргыз тилдүү ЖМК болсо эне тили жок болуп кетет деп тынчсызданат» – дейт илимпоз мырза.

Ислам ДУВАНАЕВ, «24.kg» MA, 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.