Калменде

Бул дарылык касиети бар тамакты илгертеден өлкөбүздүн түштүк жагында, жаңгак өскөн жерде жашагандар жасашчу. Калменденин жасалышы азыркы тортторго окшош. Бул тамак жаңгактын майынын негизинде жасалчу. Калмендени узакка созулган оорудан кийин ден соолугун чындоо үчүн, ошондой эле каны аздарга, катуу суука учураган адамдарга беришчү.

Курамы:

Ун -200-300 гр
Сүт -0,5 л
Жангак- 400-500 гр
Кумшекер – 100 гр
Туз – бир чай кашык

Калменденин жасалышы 3 бөлүктөн турат:

1. Эң алгач майда жука жупкага окшогон токочтор жасалат. Аны жасаш үчүн катуу камыр жуурулат, аны майда бөлүкчөлөргө бөлүп, 15-20 диаметринде жайылат, анан ысытылган казанга эки жагын тен кактап бышырат.

2. Жаңгак майы жасалат. Бул үчүн жаңгакты чагып, данегин өзүнчө бөлүп, аны сокуга жанчып (эт туурагычтан да өткөрсө болот), андан кийин кызып турган казанга салып, туз кошуп кууруган кезде жаңгактын майы бөлүнүп чыга баштайт. Күйгүзбөстөн ысык кезинде тоголоктоп алып, кол күйбөгөндөй температурада мыжып сыкканда май бөлүнүп чыга баштайт.

3. Кайнап турган сүткө унду, кумшекерди кошуп тынымсыз коюу болгуча аралаштырып, коюу болгон өзүнчө бир паста түрүндөгү даам жасалат. Азыркы мезгилде калменде жегиликтүү блуш үчүн кумшекерди кошо баштаган.

Бышырылган жупкалардын бетине эң алгач жаңгактын майын, андан кийин ун, сүттөн даярдалган пастаны сыйпайбыз. Аларды биринин үстүнө экинчисин коюп кабаттайбыз. 5-6 саатка чейин толук сиңиш үчүн коюп коюш керек. Даяр болгон дарылык касиети бар калмендени оорулуу адамдарга берсе болот.

“Көчмөн ашкана” китебинен алынды,
«Айыл деми» («Кыргыз гезиттер айылы»), май, 2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.