Кыргыз киносунун кыйыры: эң кирешелүү тасмалар

Өткөн кылымдын 60-70-жылдары Төлөмүш Океев, Болотбек Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис өңдүү кыргыз киносунун “аталары” мыкты чыгармаларын биринин артынан бири жаратып, кыргыз киносун болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыгара алышкан. Эгемендүүлүк жылдарында кино эмес, башкасына акча табылбай, кыйналып турганыбызда “Кыргыз кермети” деп тарыхта калган ошол доор – тээ алыста калган кол жеткис, кайта кайтып келгис нерседей туюлчу. Бирок акыркы эки-үч жылдан бери кыргыз кинематографиясы кайрадан жанданып, сапаттуу тасмалар кайрадан тартыла баштады. Ээнсиреп калган кинотеатрларга кайрадан калк чогула баштады. Албетте тартылып аткан тасмалардын дээрлик көбү коммерциялык маанайда. Ошентсе да кыргыз киносу аз-аздан бутуна туруп, өз жолун таап келе жатат деп айтууга толук негиз бар. 

Кыргызстандагы белгилүү көңүл ачуучу “Limon.kg” сайты кечээ жакында эң көп касса чогулткан, эң кирешелүү тасмалардын рейтингин аныктап чыкты.

“Мен сүйгөн карагат”
2012-жыл / мелодрама
Режиссеру: Руслан Машрапов
Ролдордо: Бек Борбиев, Назира Бердигулова, Санжар Бердибеков, Мая, Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев
Бюджети: 7 миң доллар
Кирешеси: 26 миң доллар

 

“Умей любить”
2012 – жыл / комедия
Режиссеру: Адилет Акматов
Ролдордо: Айжан Байжиева, Альбина Бейшембиева, Алиша Дүйшеналиева
Бюджети: 15 миң доллар
Кирешеси: 32 миң доллар

.

.

“Красотки и миллион”
2012- жыл / комедия
Режиссеру: Нурлан Разакулов
Ролдордо: Аида Чоткараева, Айжан Жусупова, Элина Абай кызы, Амаль Бабажанов, Гүлжигит Калыков, Мартин Хесс, Херманн Дорнбергер, Елмар Кнер
Бюджети: 20 миң доллар
Кирешеси: белгисиз ( бейрасмий маалыматтарда – 32 миң доллар)

.

“Айыл өкмөтү” (“Саратан”)
2004- жыл / комедия
Режиссеру: Эрнест Абдыжапаров
Ролдордо: Күмөндөр Абылов, Асхат Сулайманов, Жамбыл Камчыев, Тайлайкан Абазова, Райхан Айткожанова, Нуржуман Ихтымбаев
Бюджети: 150-200 миң доллар.
Кирешеси: белгисиз.

“Боз салкын”
2007 – жыл / комедия
Режиссеру: Эрнест Абдыжапаров
Ролдордо: Асема Токтобекова, Съездбек Искеналиев
Бюджети: 150-200 миң доллар
Кирешеси: 2 миң доллар.

.
.

“Уурунун махабаты”
2009 – жыл / криминалдуу драма
Режиссеру: Эрнест Абдыжапаров
Бюджети: 210 миң доллар
Кирешеси: 10-17 миң доллар

Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары кино сүйүүчүлөрдүн арасында өтө популярдуу экендиги талашсыз. Бирок Абдыжапаровдун фильмдери аз кирешелүү болуп калгандыгы чынында көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болууда. Эл аралык бир катар кино сыйлыктардын ээси “Айыл өкмөтү” менен “Боз салкынды” көрбөгөн кыргыз жок болсо керек. Ошого карабай бул фильмдердин башкалардыкындай кирешелүү болбой калышынын бир катар себептери бар. Автордун айтымында “Боз салкын” тасмасынын расмий премьерасы болгонго чейин эле толук даяр боло элек көчүрмөсү уурдалып, пираттык дисктерге чыгып кеткен. Биринчи үч айдын ичинде жок эле дегенде күнүнө миң диск сатылып, баш аягы 90-100 миң пираттык копиясы калкка тараган. Ал эми “Уурунун махабаты” кинотеатрларда көрсөтүлө баштаганда уурдалып, 500-800 миң сомдой эле киреше алып келген.

“Как выйти замуж за Гу Чжун Пё?”
2011 – жыл / мелодрама, комедия
Режиссеру: Данияр Абдыкеримов
Ролдордо: Дархан Эшеналиев, Нурия Тажидинова, Эркеайым Тазабекова, Мээрим Нургазы кызы
Бюджети: 20 миң доллар
Кирешеси: 40 миң доллар ( 1 млн.сомго жакын)

.
.

“Көк салкын” 
2011 – жыл / комедия
Режиссеру: Тилек Чериков, Камчыбек Жумабеков
Ролдордо: Бакыт Тынайбеков, Талант Калдыбаев, Камчыбек Жумабеков, Кымбат Асизова
Бюджети: 20 миң доллар
Кирешеси: аз дегенде 20 миң доллар (бейрасмий маалыматтар боюнча 150 миң доллар)
Тасманын авторлорунун бири Камчыбек Жумабековдун айтымында “Көк салкын” дагы пираттардын курмандыгы болду. Уурулардын айынын аталган тасманын жаратуучулары жүз миңдеген доллардан куру калышып, 30-40 миңдин тегерегиндеги дисктер пираттык калкка тарап кеткен.

“Бишкек, я люблю тебя!”
2011 – жыл / драма, комедия
Режиссеру: Александр Цай, Руслан Акунов, Сауле Алымбекова, Степан Головаш, Чингиз Торобеков, Эльдар Супатаев
Ролдордо: Рита Манжиева, Вадим Ким, Хазым Курбаналиев, Алина Балтабаева жана башкалар.
Бюджети: 20-30 миң доллар
Кирешеси: 85 миң доллар
Кыргызстандагы эң кирешелүү тасма болду десек жаңылышпайбыз. Фильмди жаратуучуларынын пираттардан коргонуу боюнча этият, ойлонуштурулган, кылдат саясатынын негизинде бул тасманы кинотеатрлардан гана көрүүгө мүмкүн болду. Жакынкы күндөрү чектелген өлчөмдө DVD дисктерге чыгарылып, түшкөн пайдасын балдар үйүнө которобуз деп турушат.

“Аят – 2”
2011 – жыл / криминалдуу драма
Режиссеру: Азамат Арыков
Ролдордо: Азамат Арыков, Жазгүл Акпарали кызы, Рахат Бердикеев, Артур Жапаров, Эмил Надырбаев, Мирлан Абдулаев
Бюджети: 40 миң доллар
Кирешеси: 120 миң доллар

Коммерциялык тасмаларды көч башында турган Рустам Аташовдун “Министрдин кызынын махабаты” да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Так кирешеси белгисиз болгону менен бул тасма өзүн өзү он эсеге актаган.

“Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Кыргыз киносунун кыйыры: эң кирешелүү тасмалар

  • 17.09.2013 at 17:22
    Permalink

    УМЕЙ ЛЮБИТЬ ПРОСТО СУПЕР ФИЛЬМ

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.