Түрк тилдүү поэзия котормолорунун “Ак Торна” Эл аралык экинчи сынагы жарыяланды

“Ак Торна” сынагы, жаңы жарыш

16-апрелден тартып түрк тилдүү поэзия котормолорунун “Ак Торна” (Ак Турна) экинчи Эл аралык сынагына чыгармалар кабыл алына баштады. Биринчиси Уфа шаарында 2011-жылы өткөн.

“Ак Торна” түрк тилиндеги поэтикалык чыгармаларынын котормо жаатындагы алгачкы маданий окуялардын бири болуп калды. Ага Россиянын жана жакынкы-алыскы чет өлкөлөрдүн ондогон авторлору катышышты. 2011-жылы 25-ноябрда биринчи сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, эми жаңы жарышы башталды.

Бул жылда сынакка айрым өзгөртүүлөр кийирилди. Мисалы, номинациялар “Философиялуу лирика”, “Атуулдук лирика” жана “Махабат лирикасы” боюнча ажыратылды. Бөлөк өзгөртүүлөр тууралуу www.aktorna.com. сайтынан сынактын Шартынан тааныша аласыздар. Чыгармалар 1-июлга чейин кабыл алынат.

Сынактын уюштуруучулары “Ак Торна-2012” сынагынын бардык катышуучуларын чын ниетинен кубаттайт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайт. Бул жолкусу дагы жакшы жолугушуулар жана чыгармачылык жаңы табылгалар менен өтөт деп ишенет.

Байланышуу даректери:
concurs@aktorna.com
www.aktorna.com
(347) 291-11-93
291-11-94
291-11-95

“Кыргызстандын жаңы адабияты”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.