Британияда август айынын китеби «Жамиля» болууда

Британияда үч жүзгө жакын түйүнү бар Waterstone’s аттуу китеп дүкөндөр тармагы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестин август айынын китеби деп жарыялап, массалык түрдө сатыкка чыгарды. Мындай өнөктүк 300гө жакын ири дүкөндө жүргүзүлүүдө.

Waterstone’s өкүлдөрүнүн айтымында, Айтматов мурдагы Советтер союзуна кирген республикалар жана Германия, Франция сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу Британ окурмандарына кеңири тааныла элек. Бирок анын китеби августун он күнү ичинде эле Британиядагы эң көп сатылган алдыңкы беш китептин ичине кирди.

Би-Би-Си Waterstone’s китеп тармагынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Кейт Скиперге кайрылып, «Жамиля» айдын китеби деп жарыялануусуна эмне себеп болду – деп сураган.

Кейт Скипер: «Дүкөндөрүбүздө ар бир айдын өз китеби болот. Аларды тандоо да китептин мазмунуна жараша жүргүзүлөт. Айтматовдун бул китебин сүйүү жөнүндөгү эң бир укмуш баяндама деген ураан алдында тандап алдык. Дүкөндөрдө китеп сатуунун алдыңкы сабына чыгаруу үчүн бардык эле китептер жарай бербейт. Өз кардарларыбыздын кызыгын арттырчу китептерди тандайбыз. Аларды массалык түрдө басып чыгарып, бардык нускасы сатылып кетишин көздөйбүз. Биз ушул китеп бул жолу толук өтүп кетет деп ойлойдук» – деп жооп берген.

Мындай саамалыкка үн кошкон кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев «24.kg» агенттигине буларды билдирди: «А бизде Айтматовдун чыгармаларын окуп, баалаган күн кайда азыр. Жаштардын көбү чөнтөк телефон чукулагандан башканы билбей, алардын мээси таштанды челек болуп калды. Мына анан ошолордун билимсиздиги ар кандай диний агымдардын чырагына май тамызууда. Алардан диний фанаттар чыгып, кыргыздын каада-салтына доо кетип аткан мезгил. Так ошондойлор чала молдо дин бузаар болуп, улут өз жүзүн тааныбай баратат. Себеби динде чектөөлөр көп: телевизор көргөн болбойт, китеп окуган болбойт, музыка уккан болбойт дегендей. Андыктан бийлик башындагылар саясый оюндан мурда элди агартуу жагын ойлонсун» – деген Эл акыныбыз жаштар арасындагы мындай көрүнүш улуттук коопсуздук маселеси экенин эскертти.

 «Айтматовдун чыгармаларын алдыга жылдыруу боюнча Кыргызстандын өзүндө алгылыктуу иш-чаралар өтпөй атат. Өкмөттү эске албаганда да буга жарандык коомдон демилге аз болууда». Бул тууралу кинодраматург, жазуучу Талип Ибраимов.

Анын айтымында, ошол эле британдар учурда өздөрү үчүн жаңылык катары ачып, тамшанып окуган «Жамийланы» кыргыздардын жаңы мууну окубай калды. «Айтматовдун руханий дүйнөсү менен жаңы муунду тарбиялап, аны тымызын үгүт менен жүргүзүү керек. Убагында үналгыда Жамиляны театрлаштырып беришип, элдин баарын жата калып укчу. Азыр андай жок, ушул өңдүү иш-чараларды жандандырыш керек. Улуттук китепкана Айтматовдун китептерин алдыга жылдыруу боюнча иш-чараларды көбүрөк уюштурса эп болмок» – дейт кинодраматург.

Эскерте кетчү жагдай, Кыргызстанда бүгүн Чыңгыз Айтматовдун миң нускадагы китеби бир жыл ичинде да толук сатылып кетпестигин борбор шаарыбыздагы «Нуска» китеп дүкөнүнүн сатуучулары билдирди.

«24.kg» MA, 13.08.2012-ж.

КМБдан: Бир гана бир аз кейиткени, Waterstone’s сайтындагы китеп тууралуу  кыска маалыматта китепте маалымдалган окуя Кавказ тоолорундагы кичи айылда болгон дегендиги.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.