Гүзел Айтматова: Жазуучунун переделкинодогу үйү боюнча сот иши жылдырылды

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Переделкино (Москва) жазуучулар айылындагы үйү боюнча сот иши кайтадан кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу жазуучунун келини Гүзел Айтматова “ВБ”га билдирди. Декабрь айынын акырына белгиленген сот иши үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягына жылдырылган.

Москва шаарында жашаган Айтматовдун жакындары менен Эл аралык адабият фонду соттошууда. Айтматовдун жакындары жазуучунун керезин аткаруу үчүн аталган жердеги үйүн мемориалдык үй-музей кылууну көздөшүүдө. Себеби, бул жерде Айтматов чыгармаларынын көбүн жазган жана жазуучунун көзү тирүүсүндөгүдөй абал сакталып калган. Бирок, Эл аралык адабият фонду бул жердеги үй жазуучуга иштөө үчүн убактылуу гана берилгенин айтып, алар ээлик кыла турганын билдиришүүдө.

“Бул жерде Корней Чуковскийдин, Борис Пастернактын, Булат Окуджаванын үй-музейлери бар. Ошондой эле Евгений Евтушенконун музей-галереясы орун алган”, – дейт Гүзел Айтматова. – Бирок, Эл аралык адабият фонду бизге кабар бербей туруп, 2012-жылдын январь айында сотко доо арыз менен кайралыптыр. Кийин бизди бул жактан чыгарууга да аракеттер болду, бирок коомчулук биз тарапта болду. Ошондой эле Москва облусунун коомдук палатасы да бизди колдоду”, – дейт ал.

Гүзел Айтматованын айтымында, Переделкинонун аймагындагы бир катар объектерде мурдатан бери эле талаш-тартыштар бар. “Бул жерде бары чиеленишкен: кимдир бирөө сатса, кимиси сатып алган жана Эл аралык адабият фондунун аракетинин мыйзамдуулугун далилдеш керек. Биз коомчулуктун колдоосуна ыраазыбыз, ошентсе да иштин юридикалык жагы бар. Эгер сотто иш бир тараптуу карала турган болсо, Чыңгыз Төрөкуловичтин үйүн коргоп калууда шансыбыз аз. Ошондуктан Кыргызстанда жана Орусияда анын чыгармачылыгын баалаган инсандар көп, үй-музейин түзүүнү алар да колдошот деп ойлойм”, – дейт Айтматова.

“Вечерний Бишкек”, 10.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.