Камалдин Султанбаев

ЭЛЕГИЯ

Окшошуп турат күзгү күн,
Сустая карап күлкүсүн,
Жашырып турган сулууга.
Үч бурчтук сымал элеси,
Каркыра, турна желеси,
Кыйкуулап көктө жылууда.

Мунарык баскан адыр, түз,
Муңайым, жымжырт, көөнү суз.
Санаага баткан окшошуп.
Жапжашыл көрктүү кез менен,
Тунарган жаштуу көз менен
Тургансыйт азыр коштошуп.

Арылбай жүрөм санаадан,
Бадалдуу бетти карасам,
Четиндер окшойт жалынга.
Жадырап-жайнап жүрмөкмүн,
Жалындуу өмүр сүрмөкмүн,
Сен болсоң дайым жанымда.

Чачыма кыроо сүртүшүп,
Өмүргө барат күз түшүп,
Салкындап согот тамыр да.
Мезгилге бирок баш ийбей,
Өрттөнөт сүйүүм четиндей,
Эстесем сени азыр да.

 

ТАБЕРИК

Нур толгон көздөр көзгө чагылганда,
Күркүрөп сүйүү акчу тамырларда,
Мен дале мас өңдөнүп басып келем,
Чач жытың кала берип каңылжаарда.

Бактымды көздөрүңдөн бажырайган,
Көрчүмүн билбейм кантип ажырагам.
Төгүлүп ууртуңдан күн мээрими,
Сагындым мүнөзүңдү жаркылдаган.

Жаш чайып азыр менин карегимди,
Ар кимден сурап келем дарегиңди,
Боз инген болуп сени издейм, издейм,
Кайдасың жан дүйнөмдүн табериги?

 

Камалдын Султанбаевдин дагы башка ырларын билгендер болсо, биз менен бөлүшүшүңөрдү суранам. Биздин электрондук дарекке жиберсеңиздер болот: kmborboru@gmail.com

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.