Москва “десантына” каршы чыккан Стамов

asanbek_stamov

Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Асанбек Стамов чыгармаларынан турган китеп-көргөзмө уюштурулду.

Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасында 17-сентябрда уюштурулган иш-чарада кара сөздүн чебери Асанбек Стамовду акын-жазуучулар, адабиятчы-окумуштуулар эскерип, анын кыргыз адабиятына кошкон зор салымына токтолуу менен өмүрүнүн акыркы мезгилинде жазган “Хан Тейиш” романынын баалуулугун белгилешти.

Асанбек Стамовдун студент кезден берки курдашы, адабиятчыСанарбек Карымшаков 80-жылдардын орто ченинде Москванын бийлигинин жаалы катуу кезинде, борбордон Кыргызстанга КГБнын башчысы Рябоконь, Борбордук комитеттин экинчи катчысы Киселев дайындалып, атайын “десант” түшүрүлгөнүн, алар жергиликтүү тың чыкма кадрларды кысып, жок кыла турган болгондо Асанбек Стамов биринчилерден болуп аларга каяша айтып, каршы чыккан эр азаматтын бири болгонун эскерди:
– Жергиликтүү улуттук кадрларды бири-бири менен кагыштырып, чачташтырып коюп карап турушпадыбы. Мыкты чыкмаларды көз көрүнө кодулап, кызматтан алып, куугунтук болуп атканда Асанбек Стамов жыйналыштарда Киселев, Рябокондорго каршы чыгып, “силер туура эмес саясат жүргүзүп жатасыңар, мунуңарды токтоткула” деп коркпой-үркпөй бетке айткан. Ошондо айрым бир аттуу-баштуу кишилер “ай, Cтамов ажыдаардын куйругун басып, балээге калбайлы” деп жалтактап турган. Анда демократия дегенден балээ дагы жок болчу. Анан Стамов “жок, өрттү өрт менен өчүрүш керек. Асмандан Кудай да карап турат. Булардын кылганы туура эмес. Эмне үчүн ак жерден биз аларга тизелеп чөгөлөп беришибиз керек”, – деп тайманбай айтып чыккан. Асакем мына ушундай кайраттуу, көк жал киши болчу.

Асанбек Стамовдун курдаштарынын айтымында, ал жаштайынан хандан-бектен тартынбаган тайманбастыгы, бирөөнүн кемчилигин көзүнө айткан бетке чабарлыгы, ичинде кири жок айкөлдүгү, көк жал мүнөзү менен айырмаланып турчу экен. Бекеринен курдаштары Асанбек Стамовду “Брондолгон танк” деп кандай чечилбеген маселе болсо дагы аны алдыга салып жөнөшчү тура. Ошондой эле анын улут кызыкчылыктарына берилген инсандыгын да баса белгилешти.

Ал эми адабиятта ал кыргыз прозасын жаңы бийиктикке көтөргөн кабелтең балбан жазуучу катары тарыхта калганын жазуучу Кален Сыдыкова белгиледи:
– Өзгөчө Ата Мекендин тарыхын санжыра менен бирге илимий жактан терең изилдеп, илим менен айкалыштырууда “Хан Тейиш” жаңы эпопеясы Орто Азия боюнча кайталангыс романдын бири. Анткени мында көптөгөн тарыхый образдар жатат. Негизи эле көркөм сөздү жазууда Асанбек Стамов өтө чоң чебер. Өзгөчө каада-салтты сүрөттөөдө, кыргыздын нукура жашоосун көрсөтүүдө өзгөчөлөнгөн чоң таланттын бири.

“Хан Тейиш” романы демекчи, Асанбек Стамов бул жыйырма жылга жакын санжыраны казып, тарыхый документтердин негизинде жазган чыгармасы экендигин ал көзүнүн тирүүсүндө айтканы бар. Ал 2010-жылы 5-мартта “Хан Тейиш” тарыхый романынын басмаканадан чыгарылышына байланыштуу бет ачарын өткөргөн.

Быйыл август айында Асанбек Стамовдун жесири Айнура Стамова менен баарлашканымда ал “Бийиктик” басмасынан чыккан “Хан Тейиш” романынын көчүрмөсү уурулук жол менен чыгарылып, Бишкектин базарларында 600-1000 сомдон сатылып жатканына байланыштуу анын үй-бүлөсү автордук укугун коргоп берүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга арыз менен кайрылганын билдирген. Аталган романда кыргыз тарыхы ХVI кылымдан бери карай изилдөөгө алынып, жунгар-ойроттордун баскынчылыгы, кыргыздын көйкашка баатырлары, карапайым элдин ошол доордогу жашоо шарты, каада-салты, үрп-адаты кенен чагылдырлат.

Ошол кездеги ички иштер министри Шамил Атаханов, анын ошол кездеги орун басары Мелис Турганбаев тиешелүү кызматкерлерине тапшырганы менен тартип коргоо органдары мында кылмыш иши жок деп ишти эки жолу токтотуп коюшкан. Кийинчерек азыркы министр Абдылда Суранчиевге кайрылып, андан деле натыйжа чыга электигин жазуучунун жесири кошумчалаган.

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасынын жетекчиси Уланбек Асакеев менен байланышканыбызда, ал жеке менчикке байланыштуу ишке кийлигишпей тургандыктарын айтып, эч кандай жардам бере албастыгын, бул маселе боюнча “Кыргызпатентке” кайрылууга кеңеш берди.

Көрсө “Хан Тейиш” романынын биринчи үлгүсүнүн мукабасы алчанын түспөлүндө – коюу кызыл түстө “Бийиктик” басмаканасынан 2009-жылы, экинчи үлгүсү көк түстө ошол эле “Бийиктиктен” ушул жылдын башында чыгарылыптыр. Ал эми үчүнчү үлгүсү ачык кызыл түстө, сапаты начар кагазга басылып, сапаты төмөн уурулук жол менен чыгарылыптыр.

Кыл калем чебери Асанбек Стамовду эскерүү кечесинде мына ушул “Хан Тейиш” романынын баалуулугу баса белгиленип, бирок аны “каракчылык” жол менен чыгарылышына бөгөт коюу тууралуу бир дагы сөз козголгон жок.

Эскерүү кечесинин соңунда Асанбек Стамовдун өмүр жолу, мамлекеттик жана коомдук иштерин чагылдырган документтер, фото-сүрөттөр, чыгармаларынан турган китеп-көргөзмө уюштурулду.

Асанбек Стамов 1938-жылы 28-августта Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык (Мураке) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1957-жылы Москва районундагы Буденовская орто мектебин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Ал эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы жатак мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылы республиканын радиокомитетинин кабарчысы, башкы редактору, “Кыргызстан” басылмасынын директору болуп иштеген.

1973-жылдан тарта Кыргыз ССРинин маданият министринин биринчи орун басары, 1985-жылдан тарта Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1986-жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо Бюросунун директору болгон. Анын чыгармалары 1960-жылдан баштап жарык көрө баштап, “Ата” повести «АлаТоо» журналына жарыяланып, алгачкы аңгемелер жыйнагы «Таанышуу» деген аталышта 1966-жылы басмакандан чыккан.

Анын “Чүй баяны” (1978), “Үч мээрим” (1990) үч жүз миң тираж, “Жортуул” (1992) сыяктуу повест, романдары окурмандар тарабынан көп окулуп, башка тилдерге да которулган.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, коомдук ишмер Асанбек Стамов 2010-жылы 7-августта Бишкекте дүйнө салып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 21.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.