Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору талкууга коюлат

kyrgyz-tili

Программанын долбоорунда учурдагы кырдаал талдоого алынып, мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү чаралары камтылган.

КР президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен түзүлгөн Жумушчу топ Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоорун коомчулуктун талкуусуна коёт. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Программанын долбоорунда учурдагы кырдаал талдоого алынып, мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү чаралары камтылган. Программанын долбоору Кыргызстандын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде, Улуттук стратегиясынын жана элдин биримдигин, этностор аралык мамилени чыңдоо Концепциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Программада тил саясатын жүргүзүүнүн көп баскычтуу ийкемдүү модели жана тилдерди билүү деңгээлин баалоонун европалык системасын киргизүү каралган. Ал эми мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” системасы колдонулат.

Программада мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди окутуп-үйрөтүүнүн, Кыргызстанда жашаган этностордун тилин сактоонун жана өнүктүрүүнүн зарыл шарттары камтылган.

Программанын долбооруна сунуштарды Жумушчу топтун катчылыгына төмөндөгү даректер боюнча жиберсе болот: til.sayasat@gmail.com же Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, №182/А. Маалымат үчүн телефондор: 0 (312) 31-57-73.

Расул Усеналиев, «КАБАР ОРДО», 25.10.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.