“Кыргызча сайттар каталогу” жаңыланды

kgsayttar

Блог ачып иштеткенди үйрөнгөндөн баштап кыргыз тилиндеги сайттардын топтомун тузүүгө аракет кыла батагам. Акыркысын ucoz.ru сайт ачуу системасында өткөн жылы кылдым. Аталышы: “Кыргызча сайттар каталогу”.

Баш аягы болуп 500гө жакын кыргызча сайттар тууралуу маалыматтарды топтогонго жетиштим. Көптөн бери колум жетпей турду эле, бүгүн жаңыларын коштум. Бүгүнкү күнгө көрсөткүч:

541 сайт.

Мен өзүм жалгыз мынчалык сайт тууралуу маалыматтарды топтой албайт элем. “Кыргызча сайттар каталогунун” күйөрмандарынын жардамы чоң болду. Муну үчүн аларга Чоң ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерди да биздин каталогдо жок сайттарды билсеңиздер биз менен бөлүшүүгө чакырам. Биригип, эң толук, маалыматтуу Кыргызча сайттар каталогун түзөлү. Сунушуңарды аталган сайттын Конок китебинде калтыра аласыздар.

 

 

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Кыргызча сайттар каталогу” жаңыланды

  • 05.04.2015 at 20:24
    Permalink

    Дагы сайттарды киргизесизби?

    Reply
    • 06.04.2015 at 09:51
      Permalink

      Арыбагыла.

      Киргизем. Бир гана бош убакытымдын тартыштыгына байланыштуу бул иш азырынча токтоп турат. Жакында жандандырам сайтты.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.