Акмөөргө жетпей кеткен Тургунбек Бердалиев

t_berdliev

КР нын эмгек сиңирген артисти Тургунбек Бердалиев 1947-жылы 2-мартта жарык дүйнөгө келип, 2009-жылы 10-февралда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Тургунбек Бердалиев 1970-жылы Алматыдагы театралдык институтту бүтүп келгенден тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз драма театрында эмгектенген. Көптөгөн мыкты образдарды жаратты. А.Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнүндө” Апенди, Т.Абдымомуновдун “Ашырбайында” Матай, Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында” Дүлөй Чал, Саид Ахмаддын “Келиндер козголоңунда” Мамыр, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күнүндө” Жоломан, М.Шахановдун “Сократты эскерүү түнүндө” Карачоку, Шекспирдин “Король Лиринде” дарыгердин ж.б. көптөгөн ролдорду ойноп, эл аралык театралдык фестивалдарга катышкан. Мындан сырткары “Саманчынын жолу” (Ач бала), “Караш-караш окуясы” (Жангазы0, “Мен – Тянь-Шань” (Жантай), “Көчө” (Тургун), “Улан” (Темирдин досу) ж.б. көптөгөн фильмдерде түрдүү ролдорду аткарган. “Мыскыл жана тамашада” сахнага чыгып, “сары жүрмөсүн” айтып, “Туугандар жана туубагандар” деп элди күлдүргөнү кандай керемет эле… Агайды инисинин жубайы, бир тууган келини Алмашбекова Рахима жана тун уулу Бердалиев Айбек редакциябызга келип эскерип беришти…

Рахима Алмашбекова, маркумдун келини: “Мүнөзү жумшак адам эле”

– Сиз жаңы келин болуп келгенде агай канча жашта эле? Мүнөзү кандай эле?

– Жолдошум Алмаз экөөбүз 1976-жылы баш коштук. Жолдошум беш бир тууган. Ошол жылдан тарта кайнагамды тааныйм. Кайнагам өзү жан кишиге жаманчылыгы жок, мүнөзү жумшак адам эле. Менин жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан, кайната-кайненемдин колунда болдук. Кайнагам апасына учурашканы үйгө көп келээр эле. Апасы менен башкача ынак болчу. Кайнагам айылга келип калганда, кээ бир күндөрү түн бир маалда балдар ыйлап калган учурда эшикке чыгып калып, кайненем экөө сүйлөшүп отурганын көрүп “эне-бала ушунчалык жакын адамдар” деп таң калар элем. Байкем өзү ишин сүйгөн, ишине так, бийликке жанталашкан адам эмес эле. Өзүнө берилген ишти так, тыкан аткарчу. Бир сөздү кайталабай, ойлонуп сүйлөчү, ошонусун көп байкачумун. Же чыгармачыл адамдар ошондой болушабы? Үйбүлөсүн да өтө сыйлачу. Бирок, тагдыр экен, кайнаган 62 жашында оорудан улам дүйнө салды. Учурда сүйүктүү жары, эки улуу жана неберелери бар.

– Кайнага катары сизге кылган мамилесе кандай эле?

– Ал киши кайнагам болгону менен байкемдей эле көрчүмүн. Мен өзүм мектепте мугалим болуп иштейм. Кээде класстан тышкаркы иштер боюнча: “Байке, Семетейдин Таласка келишине сиздин көз карашыңыз кандай? Мен мындай кылып түздүм. Бул бала минтип аткарат” деп айтып берсем. “Жок, андай эмес! Семетейди мындай кылсаң, элге жеткиликтүү болот” деп кеңешин берээр эле.

– Бир туугандары менен, анын ичинде сиздин жолдошуңуз менен кандай мамиледе эле?

– Бир туугандарынын баарысы менен жакшы мамиледе болчу. Айрыкча, менин жолдошум Алмаз экөө өтө ынак эле. Үйгө келип, инисине акыл айткысы келсе, катуу айтпастан, акырын жымсалдап түшүндүрүп койчу. Кийин, байкем каза болгондон кийин үч-төрт жыл аябай жаман болуп жүрдү. Азыр, айрым учурларда сыналгыдан байкемди эскерип калышса, көзүнө жаш алып өтө капа болот.

– Агай үйүнө келгенде эмнелерди көп айтып калаар эле?

– Биздин үйгө келгенде “жакшы адамдын жакшы жагын көрө бил, жаман адамдын жамандыгын бөлө бил” деп жолдошума көп айтып калчу. Кечкисин айылдын өйдө жагына басып келип: “Ай, биздин айыл кандай кооз! Үйдө эле оокат менен алек болуп жатасыңар. Тээтиги айылдын четине чыгып, күндүн кызарып батканын көрсөңөр, өзүнчө эле бир керемет” деп калчу. Бардыгыбыз чогуу отуруп тамак ичкенден кийин байкем жатып алчу.

– Сиз жаңы келин болуп келген жылдары эле Бердалиев атактуу беле?

– Ооба, кайнагам мен келин болуп келген жылдары бир топ тасмага тартылып, Кыргыз драма театрында иштеп жүрчү. Азыр эстесем, ошол жылдары “Уркуя” тасмасына тартылып жүргөн экен. Бир жолу чачын өстүрүп алып, майда-чүйдөсүн көтөрүп алып, “Уркуя” тасмасына тартылдым деп үйгө келгени эсимде. Мурдагы тартылган тасмаларын көп билбей калдым.

– Жеңелеринин арасында да куудул беле?

– Үйдө туруп-туруп эле артист болуп, куудул болуп, Отелланы айтып жиберчү. Бир нерсени айтканда ийине жеткирип, өтө кызыктуу кылып айтчу. Айрымдары, кайра бир айтып берчи деп суранышчу. Ал киши бир нерсени айтып калганда элдин баары күлүп, айрымдары кол чаап жиберишчү.

Айбек Бердалиев, маркумдун тун уулу: “Иним атама окшош”

– Тургунбек агай үйдө кандай ата эле? Канча бир туу­гансыңар? Кимиңер атаңарга окшошсуңар?

– Биздин бала чагыбыз Байтикте өттү. Эки бир туугандын улуусумун. Биз бала кезде атам театр менен гастролдоп жүрүп, убактысы деле болчу эмес. Кийин, союз тарагандан кийин 1990-жылдары мурдагыдай тасмалар көп тартылбай, театр эле болуп калды. Ошол учурда көп убактысын бизге бурду. Мектепте окуп жүргөндө “жакшы окуп, жакшы жигит болсоң” деп көп айтчу. Кийин, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин атам “жакшы досторду күтүп, туугандардан эч качан кол үзбө” деп тарбия бере баштады. Бул жерде мамамдын тарбиясы да өтө чоң. Атам гастролдорго кеткенде үйдөгү болгон түйшүктүн бардыгы апамдын мойнунда болчу да. Атамды Казакстанга гастролго көп чакырышар эле. Бир учурларда ооруп, гастролдорго да көп баралбай калды. Менимче, иним Аяндын турган-турпаты, келбети, баскан-турганы атама көп окшош. Чыгармачылык жагынан ала турган болсок, менин кыздарым жаштайынан эле ыр жазып, сүрөт тартып, чыгармачылыкка кызыгып келе жатышат.

– Үйүңөргө келген атактууларды таанысаңыздар керек? Кайсы атактуулар көп келчү эле? Жакын достору кимдер эле? Азыр сиз алар менен байланышып турасызбы?

– Чыгармачылык чөйрөдө атамдын достору өтө көп эле. Советбек Жумадылов агай менен үйбүлөлүк катышта болчу. Андан сырткары Сүйөркул Чокморов, Замирбек Сооронбаев, Ашир Чокубаев байке менен жакшы достошуп жүрдү. Атам кайтыш болгондон кийин да досторунун ар бири менен жолуккан жерден учурашып, ал-акыбал сурашып турабыз. Кээ бир учурларда жолукканда атамды эскерип, бирге жүргөн күндөрүн айтып калышат.

– Өмүрүнүн акыркы ирмемдерин эсиңерде барбы?

– Атам өмүрүнүн акыркы жылдары ооруп жүрдү. Ооруканага алып бара жатканда “Ооруканадан чыкпай калам го” деп айтып калды. “Коюңуз, ата, антип айтпаңыз! Бардыгы жакшы болот” деп айтканым эсимде. Анан эле 2009-жылы 10-февралда оорунун айынан кайтыш болуп кетти.

– Атаңыз үйдө дагы тамашакөй беле?

– Үйгө атамдын казак достору көп келчү. Алар үйгө келгенде, дайыма мага көп оюнчуктарды алып келишип, атам менен бир топко чер жазышып сүйлөшүп, тамашалашып отурушчу. Азыр ал кишилерден бардыгы кайтыш болуп кетишти го. Негизи эле атам үйдө да, досторунун арасында да тамашакөй болчу. Жөнөкөй нерсени да тамашага чалып айтып койчу.

– Агайдын эстелигин тургуз­дуңарбы? Өзү окуган мектепке же көчөгө аты берилдиби?

– Атам тирүү кезинде: “Мен өлүп калсам, эстелигимди Байтикти каратып койгула” деп айтып калчу. Ошол керээзин аткарып эстелигин Байтикти каратып койдук. Бирок эч кандай мектеп, көчөгө атамдын ысымы берилген жок. Мамлекет тарабынан КРнын Эмгек сиңирген артисти деген сыйлыкты алды. “Эл артисти деген наамды бербейт” деп аябай капа болуп жүрдү. Бир топ күттү. Бирок, өмүрүнүн акырында үмүтү үзүлдүбү, айтор кол шилтеп койду…

Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА, “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.