Нарсулууну бир ыры

Өтө аз, бирок да өтө саз ыр жазган Нарсулуу Гургубаеванын бир ырын таап алдым. Бул үчүн дагы бир таланттуу акын Нурзат Мокеновнага ыраазычылык билдиргим келет. Фейсбуктагы өз баракчасында бул ыр менен бөлүшкөн экен. Мына ошол ыр.

* * *

Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза.
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат…

Узун жазат, шашпай жазат жүрөктөн,
Сурайт менин ден соолугум абалым.
Жооп жазыш үчүн балким сүрөттөп:
Бүгүн ооруп атам, бүгүн жаманмын.

Ооруп атам, ооруп… Жалгыз башымы,
Батыралбай ушунча кең дүйнөгө.
Жалгыз туткан жалгыздыктан жашынып,
Олтурамын өзүмө-өзүм сүйлөбөй.

Олтурамын сүйлөбөй да эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мындан ары мындай улуу кек менен,
Мени Кудай менден гана айрысын!

Менден гана… Башка эч качан эч кимди,
Мага Кудай бербесин да албасын!
Мына дагы жүрөк согуп чечкинсиз,
Мына дагы түшүп барат кан басым.

Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза.
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат…

Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун,
Балким мага бирөө узун кат жазат.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.