Анкарада Кыргызстандыктардын поэзия кечеси өттү

Анкара шаарындагы Кыргызcтан достук жана маданият коомунун кеңсесинде поэзия кечеси болуп өттү. Ага Кыргызстандан келген акындар, журналисттер жана коомдун Анкарадагы мүчөлөрү катышып, поэзиянын жалындуу деми менен жан дүйнөлөрүн азыктандырып алышты. Бул тууралуу ТРТ телеканалынын кыргыз редакциясы маалымдаган.

Өзү КТРКнын «Биринчи радиосунда» иштеп, учурда ТРТдан иш тажрыйба алмашып жүргөн,акын жана журналист Сайра Баатыркулова ырларын эргүү менен окуп берип, угуп олтургандардын мекенге болгон, энеге болгон ыйык сезимдерин козгоп өттү.

Ошондой эле Кыргызстандан КТРКнын Кыргыз радиосунан келген Жаныбек Эсеналиев өзүнүн «Манас» жана «Айтыш» жөнүндө программаларын бөлүшүп, олтургандардын мекенге болгон сүйүүсүн ойготуп кетти.

КТРК жана ЭлТРден келип, ТРТдан иш тажрыйба топтоп жүргөн, Айсулуу Тынышева, Калыс Сакебаев, Махабат Үсөнбаевалар да коомдун мүчөлөрүнө жылуу сөздөрүн арнап, суроо-жооп иретинде жылуу маанайдагы пикир алышуу болуп өттү.

Коомдун башкаруу кеңешинин мүчөсү, ТРТнын кыргыз бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Алмазбек Асанбаев коомдун түзүлүү тарыхын жана жасалып жаткан иштер туурасында кеңири маалымат берип өттү.

Кеченин соңунда келген конокторго Кыргызcтан достук жана маданият коомунун атынан сыйлуу белектер тапшырылып, коноктор тараптан Коомго китептер белекке берилди.

“Дем” сайты

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.