Ырым-жырымдар

Босогого турба.

Саламдашпай сөз баштаба.

Жолго же тебелендиге кир суу төкпө.

Колуңду тамчыга жууба.

Агын сууну чачпа.

Суу көтөргөн чаканы аттаба.

Жуугандан кийин колуңду силкпе.

Темирге, тузга, сууга заара кылба.

Арыктагы сууга түкүрбө.

Жаман түш көрсөн сууга айт, суу менен кетсин.

Алыс сапардан кайткан адамындын башынан уч жолу суу тегеретип, идишин эшикке көмкөрүп кой.

Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.

Босогого турба.

Отко суу куюп өчүрбө.

Түндөсү суу куюлган идишти ачык койбо.

Түнү ак бербе, ак берсең да оозун жаап бер.

Жаш баланы түнү эшикке алып чыкпа.

Бычак кесебе.

Далңды салып сүйлөбө.

Караңгыда үй шыпырба.

Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.

Таң азандан турсаң, ырыскыдан кур калбайсың.

Кечинде тырмак алба.

Баш кийимди тегеретпе.

Отту теппе,
шамалды сөкпө.

Дасторконду тетири салба.

Тегеренбе.

Бешикти кур терметпе.

Бышкан ашты таштаба.

Нан менен бычак аарчыба.

Күйгөн отко түкүрбө.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.