Актёр Улан Зайнидин уулу: “Биздин жеңиш – кыргыз маданиятынын ийгилиги”

taraz

Арабызда байкалбай жүргөнү менен мыкты талант ээлери көп. Алардын бири Улан Зайнидин уулу. Ал ушул жылдын март айынан бери Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет. Башкача айтканда, кыргыз маданиятын көтөрүп келаткандардын бири десек болот. Мына ушул каарманыбыз жакында эле Казакстандын Тараз шаарында өткөн “Тунгышбай Аль-Тарази Таразга чакырат” аттуу биринчи эл аралык театр фестивалына “Учур” жаштар театрынын катарында катышып, “Меккеге карай узак жол” спектаклинде “Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” деген номинацияны жеңип, дипломго жана атайын статуэткага ээ болуп кайтты. Улан мырзанын жетишкен ийгилигин куттуктоо менен бирге аны кепке тарттык.

– Улан мырза, өзүңүз Улуттук филармонияда адабият бөлүмүн жетектеп иштесеңиз, Казакстанда өткөн фестивалга кандайча “Учур” жаштар театры менен барып калдыңыз?

– Мен мурун “Учур” жаштар театрында иштегем. 2008-жылы “Меккеге карай жол” спектаклинде роль ойногон элем. Ал эми азыр Улуттук филармониянын адабият бөлүмүн жетектеп иштеп жатканыма карабай, мени спектаклдеги ошол эле ролду жаратып, Казакстандын Тараз шаарында өткөн “Тунгышбай Аль-Тарази Таразга чакырат” аттуу биринчи эл аралык театр фестивалына катышып келүүгө чакырышты. Аталган фестивалга биздин өлкөдөн бир гана “Учур” жаштар театры барып катышты. Бизден башка Өзбекстандан “Каршы” театры, Казакстандын облустарындагы бир нече театрлар келишти. Мында негизинен актёрдук чеберчилик боюнча сынак жүрдү. Сынакта жалпысынан 7 номинация болсо, анын төртөөсүн биз жеңип алдык. “Мыкты актердук ансамбль” деген номинацияны, мындайча айтканда, фестивалдын гран-присин “Учур” жаштар театры алса, “Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн” деген номинацияны “Учур” жаштар театрынын актрисасы Динара Кыдырмаева, “Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” деген номинацияны мен жана “Меккеге карай узак жол” спектаклинин режиссёру Тажикстандын Эмгек сиңирген артисти Марзу Абдураззаков “Театр искусствосуна кошкон салымы үчүн” деген номинацияны алды. Баарыбыз тең диплом жана атайын статуэткалар менен сыйландык. Биздин жеңишибиз жалпы жамааттын жеңиши жана кыргыз маданиятынын ийгилиги десем жаңылышпайм.

– Сиз спектаклде кимдин ролун жараттыңыз?

– Драматург Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасы боюнча коюлган спектаклде өзүн император деп атаган кишинин ролун жараттым. Бул жерде негизги окуя жиндикананын бир бөлмөсүндө 7 киши Меккеге барабыз дешет да, жолго аттанышат. Жолдо бир топ окуялар болот…

– Драматургдун “Жанжаза” деген романы чыкпадыбы. Ошонун негизиндеги спектаклби?

– “Жанжаза” романы кийинчерээк ошол “Меккеге карай жол” деген пьесанын негизинде чыкса керек. А “Меккеге карай жолго” чейин “Таажы” деген интерпьеса коюлган болчу. Кийин ал “Меккеге карай жол” деп жаңыланган эле. Жакында эле “Жанжаза” деген романы чыкты.

– Эл аралык театр фестивалына катышканга чейин бул спектакл биздин театрларда коюлду беле?

– Спектаклдин бет ачаары бизде 2008-жылы коюлган. Ошондон бери коюла элек. Дүйнө жүзүндө өтүп келаткан көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып жатат. Буга чейин Казакстанда, Татарстандын Казан шаарында, 3 жыл мурун Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк “Чехов” фестивалына Орто Азия-Кытай боюнча жалгыз биздин өлкө барып катышып, ушул спектакл коюлган.

– Өзүңүз кесибиңиз боюнча актёрсузбу?

– Кесибим боюнча актёрмун. Азыркы учурда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысымын.

– Жетекчилик иш оңой эмес, чыгармачылык экинчи орунга калып калган жокпу?

– Жетекчилик да, чыгармачылык да оңой иш эмес. Эгерде адам аракеттенип, анан жумушун сүйүп иштесе, баарынын жемишин көрө билет. Режиссёрлор кайсы гана долбоорлорго, спектаклдерге, же кинолорго чакырышса, элим үчүн ар дайым иштеп бергенге даярмын. Жетекчиликти аркалоо менен бирге анча-мынча көркөм тасмаларга да тартылып жатам. Руслан Акун деген жаш режиссёр баланын “Перегон” аттуу фильми тартылды. Ошондо роль жараттым. Ал тасма көптөгөн өлкөлөргө барып, гран при, номинацияларды алып жатат. Жакында эле Съездбек Искеналиев тарткан “Карт бойдок-2” фильминде эпизоддук рольду ойодум. Мындан тышкары, Нурлан Абдыкадыровдун казак-кыргыз бир туугандыгын чагылдырган “Свадебный марафон” деген фильминде роль жараткам. Бирок, ал азырынча коомчулукка тартуулана элек.

Динар Турдугулова, «Эркин тоо», 24.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.