Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырларынан

 

* * *

Карабай ойду, тоону, туш тарапка,
Өзүңдөн өзүң качкан күндөр келет…
Башыңды басып түшүп муштай асман,
Жолуңдаң жол издейсиң ый көрө элек.

Жаныңда жайдаңдаган ким бирөөлөр,
Көшөрүп көрбөйт ыйың, тиштенгениң.
Тулкуңду куру намыс сүйдүрөгөн,
Тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм…

Кумсарып максатыңдын куну качкан,
Кудайың көптөн бери үндөй элек.
Ай ыйлап асманыңда угузбастан,
Күн өлөт жүрөгүңдө, гүлдөр өлөт…

Сүйүү өлөт…
Сүйүү үчүн, арман үчүн,
Боштукка келгениңди билген күнү.
Жек көрүп, жектеп жашап калганың чын,
Арт жакты көздөй кетчү издериңди….

 

* * *

Башынан башаламан бул өмүрдө,
Биз азыр жат эмеспиз, өз эмеспиз…
Сүйүлгөн, сүйгөн үчүн күнөөлүүдөй,
Болгону тагдырлашпыз, көчөлөшпүз…

Жашоонун туура көргөң катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат…

Мен азыр сенин ыйың кошо ыйлап,
Кайгырсам көрөм сенин кайгырганың…
Азаптан экөөбүздү бошотчудай,
Бактысын тилейм кээде жалгыздардын…

Билбеймин кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен?!
…Сен менин үзүлбөгөн жалбырагым,
Мен сенин жалбырагың үзүлбөгөн…

Бар туруп бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп…
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт…

Мен сенин үзүлбөгөн жалбырагың,
Сен менин жалбырагым үзүлбөгөн…

 

narsuluu_mНарсулуу Гургубаеванын башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырларынан

  • 18.03.2015 at 00:10
    Permalink

    Нарсулуу, ананайын шурудай тизип, пенде эмес, периште жазгандай, кунурт кундорго жарык бересин, уласан болмок.Я с удовольствием читаю, твои стихи, они выстраданы твоей душой, нет фальши, мы с дочкой несколько раз перечитывали.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.