«Манас» 4 тилде жарыкка чыкты

Коомдук ишмер, саясат талдоочу Темирлан Сарлыкбек уулунун жеке демилгеси жана жеке каржылоосу менен кыргыз элинин руханий туу чокусу болгон “Манас” эпосундагы жалпы адамзат үчүн маанилүү болгон баалуулуктарды камтыган үзүндүлөр жыйнагы Бишкектеги “Турар” басмаканасынан төрт тилде басылып чыкты.

“МАНАС – адамзат тарыхынын мурасы” деген аталыш менен кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде жарык көргөн китепте “Манас” эпосундагы айкөлдүк, аруулук, достук, баатырдык, кайрымдуулук, эркиндик сыяктуу адамзаттын нукура баалуулуктарын даңазалаган, философиялык ой жүгүртүүлөрдү камтыган үзүндүлөр жыйналган жана Теодор Герцендин тарткан сүрөттөрү басылган. Философия жана саясат билими багытында жогорку билимге ээ болгон Темирлан Сарлыкбек уулу “Манас” эпосун изилдеп жатып, эпоско көнүмүш адаттан башкача көз караш менен талдоо жүргүзүп, башка өңүттөн карап, эпостогу согуштук эпизоддорду эмес, жалпы адамзаты үчүн ар бир доордо өз маанилүүлүгүн жоготпой турган баалуулуктарды таап чыккан. Бул китепте Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Жусуп Мамай жана замандашыбыз Рыспай Исак уулунун айтуусунан алынган үзүндүлөр жайгашкан. Жогорку сапаттагы А4 өлчөмүндөгү кагаз колдонулуп, катуу мукаба менен жарык көргөн китепти жакынкы күндөрдө АКШ жана Түркияда окурмандарга тааныштыруу аземи уюштурулуусу күтүлүүдө. Айрыкча, бул китеп автордун демилгеси менен, “Манас” эпосун башка элдерге туура таанытуу максатында, Бишкекте жайгашкан элчиликтерге жана эларалык уюмдарга бекер таратылат.

«Де-факто», 10.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.