А.Исмаилов: Менимче, ал киши абдан калыс, коррупциядан алыс президент болмок”…

s_jigitov_kulov_menen

Салижан Жигитов деген ысымды кимдер гана билбейт. Куйкум сөздөрү, курч ойлору, таасирдүү идеялары аркылуу жалпы журтка таанылган Салижан агайдын көзүн көрүп, сөзүн терген соңку шакирттеринин бири, акын Алтынбек Исмаиловду кепке тарттык.

– Алтынбек агай, устатыңыз Салижан Жигитов менен алгач таанышкан күнүңүздү көп эстесеңиз керек?

– Мен Салижан агай жөнүндө алгач таенемден уккам. Себеби таенем Көлдүк айылындагы орто мектепте 30 жыл эмгектенген, Салижан Жигитовдун эң алгачкы окутуучусу болгон. Мен бармактай кезимде таенем Батма Салижан агай тууралуу көп айтчу. Көрсө, агай кичинекей кезинде эле аябай зирек, тиригарак болуптур. Тамга таанып, китеп окуганга чейин таенемдин жанын койбой, жомок айтып бериңиз деп этектечү экен. Кийин өз алдынча китеп окуганга жарап калганда ошол мектептин китепканасындагы китептердин баарын баштан аяк бир нече жолу окуп чыгыптыр. Таенемдин сөзүнө таасирленип, мен дагы мадыра баш кезимде баш көтөрбөй китеп окуганым эсимде. Көп өтпөй агайдын макалалары, ырлары, публицистикалары, котормолору жана прозалык чыгармалары менен тааныштым.

Алгачкы жолу 11-класста Бишкекке Ч.Айтматов менен жолугушууга келгенде Салижан агайга баргам. Ал учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде проректор болуп иштечү. Ошол кезде Түркиядагы “Анкара” университетине өтүп, Бишкектеги “Манас” университетине тапшырып жаткам. Эки окуу жайдын кайсынысын тандарымды билбей Салижан агайга келсем, а киши “Манас” университетин сунуштаган. Ошентип агайдын кеңеши боюнча, Түркияга барбай, “Манаста” окуп калдым. Азыр ойлосом, абдан туура кеңеш берген экен…

Айтор, Бишкекке келген күндөн тарта ал киши менен тыгыз байланышып, китептерин окуп, кеңештерин угуп, гезит-журналдарга жарыяланган маек, макалаларын “баса калчумун”. Кийин бизге дарс окуп калды, ал кишинин сабагына барганда ЦУМга киргендей болчубуз.

– Агай менен чогуу жүрүп, көп нерсе үйрөндүңүз окшойт?

– Албетте. Аябай тамашакөй, куудул, баскан жерин күлкүгө бөлөгөн инсан эмес беле. Тамаша-чыны аралаш күтүүсүз айтылган курч ойлору, идеялары аркылуу адамдарды аттан оодара тартчу. Тилекке каршы, бир далайы түшүнө албай, чок баскандай чычалап, ызаланып, теригип кетчү. Көпчүлүгү эми түшүнө баштады. Эң башкысы агайдан сөз менен иштөөнү үйрөндүм. Өзүнүн жазган тексттерин кайра-кайра оңдой берчү. Ырларымды, жазган ар кандай тексттерди алып барсам, кызыл-жаян кылып оңдоп, көбүн жаратпай ыргытып жиберчү. Кыскасы оозунан чыккан ар бир сөзүн муюп угаар элек. Чыгармачыл адам кандай болуш керек, кандай китеп окуш керек, кайсы акындардын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Ушулар тууралуу узун сабак кеп салып, тим эле бизди жыргатчу.

А киши өмүр бою окуду, колунан гезит-журнал, китеп түшчү эмес. Үйүндө, аялдамада, университетте, бөлмөсүндө, көчөдө, паркта, айтор, бардык жерде окуду. Кыргызча гезит окусам эле көңүлүм айланат, оңдогум эле келет деп калчу. Алтургай аттуу-баштуу акын, жазуучулардын кол тамгасы менен белекке берген жаңы китептерин жөн окубай, кызыл-ала оңдоп олтурчу.

– Эмнегедир азыркы учурда Салижан Жигитов өңдүү чындап кыргызга күйгөн, Кыргызстанды жан дилинен сүйгөн, чындык деп чыркырап жүргөн адамдар азайып барататкай сезилет?

– Агай кагазга ороп, жымсалдап, расмий сүйлөгөндү жактырчу эмес. Бирөөгө кошомат кылуу ага жат көүнүш эле. Хан болобу, бек болобу, президент, койчуман болобу, чыркыраган чындыкты тарс этип бетке айтып салчу. Өзгөчө Кыргызстанда сынды көтөрө алган адамдар өтө эле аз. Өзүн гений сезип алган айрым жармач патриоттор бул кишинин айткан сөздөрүнө теригип: “Бул деген улутун сүйбөйт, ашкере нигилист, бул кыргыз эмес, калмак”,- деп айтып жүрүшпөдүбү. Бирок ал кишинин көзү өткөндөн кийин көбү күнөөсүн сезип, чындыкка моюнун сунушту.

Ырас, Салижан агай абдан талаттуу акын, чебер котормочу, мыкты прозаик, кашкөй адабий сынчы, дасыккан окумуштуу, чыгаан публицист, кыраакы коомдук ишмер болгондугун жалпы журт жакшы билет. Атак-даңк, байлык-бийлик, сыйлык-наам, чин-даражага кызыкчу эмес. Бир да жолу мараке же чыгармачылык кече өткөргөн жок. Өкүнүчтүүсү, агайды убагында баалай алган жокбуз, көзү өткөндөн кийин эсил кайран деп жер муштап калдык. Анткени ал бирөөнү кайталабаган, бирөө тарабынан кайталанбай турган жалгыз экземпляр болчу. Мындай адамдар миң жылда бир жаралат.

– Салижан Жигитовдун артында калган көркөм мурастарын элге жеткирүү, ысымын көчөлөргө же окуу жайларга ыйгаруу иштери качан колго алынат деп ойлойсуз?

– Агайдын бардык жазган чыгармаларын топтоп, поэзиясын, прозасын, котормолорун, илимий макалаларын, публицистикасын өзүнчө, гезит-журналдарга, телерадиого берген кызыктуу маектерин өзүнчө, афоризмге айланган учкул сөздөрүн өзүнчө бөлүп, томдук кылып чыгарып койсо, биздин келечек муун үчүн абдан сонун болмок. Тилекке каршы, ушул ишти колго алчу киши жок болуп атат. Себеби андай бийик деңгээлдеги кишинин жазгандары менен айткандарын калыпка салып, китеп шеклине айлантуу оңой-олтоң иш эмес. Бул милдетти өтө билимдүү, С.Жигитовдон кем турбаган профессионал адамга жүктөш керек. Экинчиден, каражат маселеси эң чоң көйгөй. Көчөгө атын койгондорго кезегинде абдан каршы чыкчу. Андай нерсени эгерим жактырчу эмес. Анан калса, бир дагы президент, бир дагы премьер министр, бир дагы бийлик өкүлү, бир дагы коомдук ишмер С.Жигитовдун атын көчөгө, мектепке ыйгаралы дегенге жарабады. Салижан агай Бишкектеги №5 компьютердик гимназияда окуган, ошол жерге атын койсо болмок, толук татыктуу эле.

Мага көп идеяларын айта берчү, анын барын кагазга түшүргөнгө үлгүрбөй калдым. Кыргыз адабиятынын тарыхын, теориясын, адабий сынды жаңыча жазам деп, белсенип жатканда күтүүсүз шум ажал алып кетти. Өзү айтчу: “Кыргыз китеп жазсам эле тарыхта калам деп ойлойт”,-деп. Күндө бир ыр жазбаса башы ооруган, жылда бир китеп чыгарбаса тынч жашай албаган жазмакерлерди “жижиң калем” деп койчу. Агай башкаларчылап китептерин бапыратып чыгарган жок. Аз жана саз жазды. С. Жигитов кезегинде үйрөнчүк журналисттен баштап дасыккан журналистке чейин интервью берген. Анын интервьюлары аркылуу гезиттердин нускасы артып, телепрограммалардын деңгээли көтөрүлүп, радио уктуруулардын базары кызып турчу.

– Агайдын “Кыргыз микроб сыяктуу, кирген эле жерин чиритет” деп айтканы бар. Бул сөзгө кошуласызбы?

– Салижан Жигитовдун мындай таамай сөздөрү толтура. Жогорудагы сөздүн түпкү маанисин түшүнбөй, түз мааниде кабыл алышып, чычалаган адамдар көп болду. Ушуга окшош “Кыргыз интеллегенциясынын көзү кежигесинде, алдын көрбөйт, артын эле көрөт” деп айткан сөзү бар. Ал гезитке чыкканда бүт интелигенция чалкасынан кетип, Жигитовду төө басты кылышкан. А чындыгында агай микроб деген сөз аркылуу кыргыз оңолуп, байыса экен, немистердей иштерман, япондордой мээнеткеч, жөөттөрдөй акылдуу болсо экен деген ойду айткан. Агай ар дайым: “Ойгон кыргыз! Башыңды иштет! Кайырчылыкты токтот! Балдарыңа билим бер! Товар өндүргөн жаштарды тарбияла! Ойлон! Күн карама болбо! Дуңгандан, өзбектен эмнең кем, ошолордой жаша, өзүңдүн жериңде кор болбо! Россияга барып көчөсүн шыпырып, Казакстанга барып тамекисин тизбей өз алдынча жаша! Намысыңа кел! Арыңа кел! Көзүңдү ач!”- деп кан какшап жүрүп өттү. Бирок аны түшүнө алдыкпы?

– Агайды тааныгандар ал киши көрөгөч болчу деп көп айтышат.

– Ооба, алдын ала айтып койчу. Союз бузула электе Кеңеш өкмөтүнүн ыдырап, базар экономикасына багынарыбызды боолгологон. “Өз алдынча жан бакканды үйрөнгүлө. Мал бакканды, уюңардын сүтүнөн сыр жасаганды, ошол товарды чет өлкөгө экспорт кылганды, короодогу алмаңардан сок чыгарганды өздөштүргүлө!”-деп безилдеп турбадыбы. Бирок биз аны этибарга алган жокпуз. Салижан агай союз убагында эле түрк тилин өз алдынча үйрөнүп алган. Кыргызстанга түрк тилин эң алгач ошол киши алып келген. Түрк акыны Назым Хикметти оригиналынан которгон. Айтор, биздин эгемен эл болорубузду, бул жакка түрктөрдүн келерин алдын ала билген.

– Салижан агайдыкындай атак-даңкты көтөрө билүү көбүнүн колунан келе бербесе керек?

– Агай табиятынан жөнөкөй адам болчу. Эч качан менменсинип, төшүн каккан жок, дайым жөнөкөй, жупуну, карапайымдыгы менен элдин эсинде калды, атак-даңкты көтөрө билди. Албетте, а кишиге атак-даңк өзүнөн-өзү, оңой-олтоң келген жок. Башкача айтканда, атанын каны, эненин сүтү менен келген талантты өркүндөтүп, өстүрдү. Кызылдай мээнеттин, тырышчаактыктын, өжөрлүктүн, көк беттиктин аркасы менен ошол деңгээлге жетти. Кесиптештеринин, замандаштарынын, калемдештеринин көпчүлүгүнөн ат чабым алдыда жүрчү. Жеке инсан катары да далайлардан бийик турчу.

– Эмне үчүн Салижан Жигитов жөнүндө азыркыга чейин мактанарлык илимий эмгектер жазыла элек?

– Туура, С.Жигитов жөнүндө эмдигиче көзгө басарлык илимий эмгек жазыла элек. Пушкинди Белинский, Айтматовду Асаналиев, Барпыны Кадыркул Даутов ачкан сыяктуу азырынча С.Жигитовду эч ким ача элек. Көпчүлүгүбүз өзүбүздүн деңгээлибиз, билимибизге жараша, үстүртөн жалпылап айтып, жазып жүрөбүз. Менимче, Жигитовду ачып бериш үчүн андан жогору турган илимпоз, адабиятчы, сынчы керек. Тилекке каршы, андай адис чыкпай жатат. Мындан кийин чыгары да күмөн…

– Салижан агайдын кандайча президетке кеңешчи болуп калгандыгы мен үчүн кызык. Мунун чоо-жайын сиз жакшы билсеңиз керек?

– Акаев менен Салижан агай Кыргыз улуттук илимдер академиясында чогуу иштегендиктен бири-бирин жакындан таанычу экен. Кийин ал президент болгондо агайды өзүнө кеңешчи, Өзбекстанга элчи кылып дайындаган. Бирок бетке айткандыгы, чоңдорго көшөкөрлөнбөгөндүгү үчүн майлуу орунда көп олтурган жок. Себеби Жигитов табиятынан бийликтин эмес, илимдин, адабияттын, маданияттын адамы болчу. Ал эч качан ыйманына камчы чапкан жок. Түз жүрүп, туура жашады.

– Эгерде Салижан агай президент болсо, кандай президент болот эле?

– Менимче, колунан келмек, потенциялы, мүмкүнчүлүгү бар болчу. Биздин буга чейинки президенттерден өлсө өлүгү өйдө турмак. Бирок ал эч качан буга макул болмок эмес.

– Кокус болуп калсачы?

– Биринчиден, эл аралык деңгээлдеги кесипкөй, мыкты адистерди топтоп, ошолордон команда түзмөк. Эскиче ойлонгон жатып ичер, жанбактылардан кол үзмөк. Экинчиден, эл эсебинен байыгандарды жазалап, бийликти мителерден тазаламак. Үчүнчүдөн, өтө чынчыл, ашкере калыс, жемкорлуктан алыс ажо болмок.

Маектешкен Жазгүл Канатбек кызы, «Дем», 10.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.