Апрелде Бишкекте көрүнүктүү этнограф, профессор В.Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтөт

2016-жылдын чын куран (апрель) айынын 14үндө Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында белгилүү чыгыш таануучу, хакас элинин чыгаан этнограф, тарыхчы жана фольклор таануучу окумуштуусу, Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, бир катар университеттердин ардактуу профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын “Тарых жана маданият жылынын” иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

Жыйын орду – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы имараты, Раззаков көч., 51 А; Бишкек ш., 720026, Кыргыз Республикасы

Бул эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынга катышуу үчүн төмөнкү багыттарда баяндамалар кабыл алынат:

  1. Белгилүү хакас этнографы, профессор Виктор (Астайбег) Бутанаевдин кыргыз таануу жана түркология жаатындагы салымдары
    2. Заманбап этнография, антропология, ономастика жана археология көйгөйлөрү
    3. Кыргыз этногенези жана Борбордук Азия, Түштүк Сибир, Ички Азия мейкиндиктери

Катышуучу катары каттоодон өтүү үчүн төмөнкү маалымат талап кылынат:

  • фамилия (тегаты), аты, атасынын аты;
    • илимий даража жана илимий наам;
    • иштеген жери, кызматы;
    • почта дареги, телефон номери;
    • электрондук дарек (е-mail) (милдеттүү түрдө);
    • илимий баяндаманын темасы;
    • секция;
    • техникалык каражаттар тууралуу талап кылуу (керек болсо).

Конференциянын жумушчу тилдери – кыргыз, түрк тилдери, орус жана англис.

Баяндама жана макалалардын тексти (кыргыз, англис, орус жана түрк тилдеринде) конференцияга чейин материалдардын жыйнагы болуп басылып чыгарылат.

Макаланын (баяндаманын) 8-10 баракка чейинки көлөмдөгү тексти электрондук түрдө 2016-жылдын жалган куран (март) айынын 25ине чейин жумушчу тобунун э-дарегине жиберилиши керек.

Илимий баяндаманы (макаланы) даярдоо эрежеси:

Баяндаманын (макаланын) башында жогорку оң бурчунда автордун (авторлордун) тегаты жана аты, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, байырлаган шаары (кыштагы), электрондук дареги жазылат.

Андан кийин бир интервалдан соң сап ортосунда даана боёлгон баш тамгалар менен макаланын темасы берилет.

Бир интервалдан соң макаланын негизги текстинен мурда (5 терминден көп эмес) багыттоочу сөздөрдүн тизмеси кетет.

Бир интервалдан соң негизги текст кетет.

Барак бетинин калыбы – А4 (21×29.7см). Жээктери: жогорку, астыңкы – 1,5 см, сол жагы – 3 см, оң жагы – 1,5 см. Ариби: Times New Roman, өлчөмү 12 пт. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара; абзацтын алгачкы сабындагы оңго чегинүү өлчөмү – 1,25 см. Сөз ташууга жол берилбейт. Текст кеңдиги боюнча түздөлөт.

Тексттеги шилтемелер чарчы кашаа [ ] ичинде берилет.

Ал эми «Адабият тизмеси» сөз айкашы – негизги тексттин соңунда бир интервалдан кийинки саптын ортосунда даана тамгалар менен жазылышы керек. Макалада пайдаланылган булактар менен шилтемелердин тизмеси жаңы саптан баштап төмөнкү ирээтте берилет: текстте берилген шилтемеге ылайык номур боюнча булактын автору, аталышы, басылган орду жана жылы, тийешелүү бетинин саны жазылат (архивдик, кол жазмалык, сүрөттүк ж.б. маалыматтар илимий библиографиялык талапка ылайык кошумча жазылат).

Макаланы электрондук дарек аркылуу жөнөткөндө тиркелген файлдын аталышы латын ариби менен берилип, анда автордун ысымынан кийин кыска сызыктан соң butanaev70 деген ачкыч сөз да камтылууга тийиш. Маселен: karataev_butanaev70.doc.

Жогоруда коюлган илимий талаптарга жооп бербеген макалалар жарыялоо үчүн кабыл алынбайт. Басмага жиберүү үчүн макалаларды тандоо иши илимий жыйындын жумушчу тобу тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын башка шаарларынан Бишкекке келе турган катышуучулардын жол кире чыгымдары жөнөткөн тараптын жана башка демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланат. Илимий жыйын жана маданий иш-чаралар күндөрүндөгү тамак-аш жана жатак уюштуруу тобу тарабынан каржыланат.

Илимий жыйынга катышуу өтүнүчүн жумушчу топтун төмөнкү э-дарегине жолдоңуз:

kaganat2012@gmail.com

Байланыш маалыматы:

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду
Иш тел.: +996-312 – 661 762;
+996-312 – 660 405
Уюкфон: +996 555 153 620 (Самара Капалбаева);
Э-дарек: kaganat2012@gmail.com

Уюштуруучулар жана шериктер:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фонду
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
“Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси
Кыргызстан Антропологдорунун Ассоциациясы
Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд
“Диалог-Евразия” коомдук фонду

Kyrgyz Taryh Koomu

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.