“Манас” эпосу боюнча илимий конференциядагы Ы.Абдырахмановдун сөзү

 

1952-жылы июнь айында борбор калаабыз Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) “Манас” эпосун изилдеп билүү маселелери боюнча илимий конференция өткөн. Ага союздук масшабдагы окумуштуулар, адабият сынчылары чакырылып, катышкан. Жыйынтыгы менен кыргыз элинин энциклопедиясы делинген “Манас” эпосунун тагдыры чечилмек… Конференция Кыргыз КП(б) БКнын катчысы Искак Раззаковдун катышуусу жана сөз сүйлөөсү менен өткөн.

1946-жылы орус тилинде жарык көргөн “Манас” эпосунун “Чоң казат” (“Великий поход”) бөлүмү да союздук коммунистик партиянын борбордук комитетинин идеологиялык маселелерге байланыштуу токтомуна негизделген сын пикирлерге кабылып, СССР Илимдер академиясынын президиуму жана анын Кыргыз филиалы тарабынан 1952-жылдын башынан “Манас” эпосунун маселери боюнча басма сөз беттеринде талкуу уюштурулган.

Илимий конференциянын максаты “Манас” эпосунун элдүүлүгүн же ага каршылыгын аныктоо менен идеялык саясий баа берүү болгон. Пикирлер бир беткей болбогону анык. Ошентсе да, жыйынтыгында эпостун элдүүлүгү аныкталып, кемчиликтерден арылтуу менен, эпостун бириктирилген вариантын даярдап, чукул арада басып чыгаруу чечимине келишкен.

“Манас” эпосунун элдүүлүгүн далилдөөдө жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн ичинен Б.Юнусалиев, М.Ауэзов сыяктуу белгилүү илимпоздордун чечүүчү пикирлери менен катарлаш Ыбырай Абдырахмановдун (алардан мурда сүйлөнгөн) пикири да баалуу болгон. Анын сөзү Б.Юнусалиев тарабынан орус тилине которулуп баяндалган.

Анын сөзүнүн өтө зор мааниге ээ төмөнкү урунттуу жерлерин бөлүп көрсөтсөк болот:

1. “Манасты” 7-8 жашынан тарта уга баштап, Балык, Тыныбек, Акылбек сыяктуу манасчыларды көрүп, “Манасын” угуп, Акылбек менен 15 жыл бирге жүргөнүн айтып, ага баа бергени жана жалпы 55 жылдан ашык убактан бери “Манаска” канык болгонун айтканы – конференциянын катышуучуларына өзүнүн эпосту абдан жакшы билеринен кабардар кылганы деп түшүнсөк болот.

2. Эл кыштоого киргенде сакалдуулар кеңешип, манасчы чакыртып, “Манас” айттырышканын, эл “Манасты” өтө сүйүп, ал жөнүндө сөз кылып калышарын, ал эчен кылымдардан бери айтылып келе жатканын, эгер кызык болбосо, баалуулугу жок болсо, анда бат эле унутуп калышмактыгын айтканы – элдин “Манас” менен жаны биргелигин жар салганы.

3. Манасчылардын түнкү айтканын кулагына куюп, көңүлүнө түйүп, эртеси өзү да айта бериши, азыр да эл сүйүп, аны “Манас” айттыруусу Ы.Абдырахмановдун өзүнүн тубаса манасчылыгынан кабар берип турат.

4. “Кыргыз динди көп билбей, жер-сууга тайынуучу. Молдо чакырып, шарият айттыруучу эмес. “Эки молдо – бир киши, бир молдо – катын киши” – деген эл. Дин “Манаска” кийин кирген. Динди Гисарга киргенде кабыл алган. 120 жыл ичинде динди өздөштүргөн”, дегени бул анын эпосту диний, панислам мүнөзү боюнча сындоочуларга жообу болгон.

5. “Чоң казат басып алуучулуктан чыккан эмес. 1). Манас бошотуп туруп, Самарканга барып турган, эл четине барып. Коңурбай, Бозгертик, Нескаралар чыгыштагы бошоткон жерди алып койгон. 2). Көкөтөйдүн ашында аларды сыйлап чакырса, кара ниетте кол менен келген. Мааникерди аламын деп зордоп, Аккуланын байгесин талап алат. 3). Хандар болсо Манастын баркын көрө албай, аны ашка чакырбай койгон. Манас айкөл дегени чатак чыгарган эмес. Алоокөнү да коё берген. 4). Хандар чыккынчылык кылышып, Манасты басууга аракет кылат… Чоң казаттын себеби – ушул”. Муну “Чоң казатты” баскынчылык катары мүнөздөп жаткандарга берилген жооп катары түшүнөбүз.

6. “Кытайды кыргыздын жомокчулары өтө баалаган. Ал эч кимден жеңилбейт деген”.  Муну “кытай” терминине карай саясий идеологиялык түз берип жаткандардын кулактарына күмүш сыргасы катары карасак болот.

7. “Кыргызды кара-кытай, манжуулар тукумун үзгөнгө чейин барган. Ошондуктан Манас Алтайда туулат. Манас элдин башын куруп, Алоокени Орто Азиядан кууп, элди бириктирген. Манасты кан дегенге болбойт. Ал эл баатыры болгон. Кеңешине акылман Кошой, Бакайын алган. Чоролору – андан-мындан келгендер. Ошпур, Саламат, Кутубий дегендерди койчу, жылкычылардан көтөргөн. Чоролор эле коргону болгон. Алтайда эгин эгип, мал баккан, ошентип байыган. Орто Азияга келгенде эгин эккен. Каныкей акылдуу, сарамжалдуу аял болгон”. Бул – Манасты бай-эзүүчү таптын өкүлү катары кароо эмес, хан делсе, ал – элге жол көрсөтүүчү деген түшүнүк, ага “баатыр”, “эр” деген эпитет элин коргоочу катары жарашып турат дегендик.

8. “Сагымбай – жумгалдык саяк, Курманкожа уругунан. Атасы 5 бир тууган. Атасы жок балдарды жоо алып кетет. Орозой агасы 20 жашында Ормонго барып, кернейчи болуп калат. Сагымбайдын атасы да чоорчу болуп калат. Кулдарды орустар азат кылат. Сагымбай акын чыгат. Атасы өлгөндөн кийин Кочкорго келет”, дегени – докладчы Климовичке байдын тукуму деп белгилегендей Сагымбай байдын тукуму эмес, Ормон хандын да тууганы болгон эмес, Россиянын закону менен кулчулук жоюлган үчүн бошонуп, Кочкорго келген, – деген аргументтүү жообу.

“Манас” эпосунун элдүүлүгүнө шек келтирип жаткандарга конкреттүү жооп катары Ы.Абдырахмановдун мына ушундай негизде далилдүү жана орундуу сүйлөгөн сөзүн эпостун элдүүлүгү боюнча таразанын оң чөйчөгүнө салынган алгачкы салмактуу таш катары карасак болот.

Нарынбек Абыл уулу Өскөналиев

Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.