“Жайсаңчы” даражалуу адам болгон

Сөздүн этимологиясы, чыгыш тегине баам таштоодон кызык илим жок. “Шайлообек сөздүктөн” бир чарпым.

“Чөп оту” деген бирөөлөр малын жайган үчүн же чөбүн откозгон үчүн экинчи бирөөлөргө төлөй турган акы. Азыркы тил менен айтканда, күздөө, кыштоо же жайлоонун ижара акысын кыргыздар ушинтип “чөп оту” деп атаган.

“Бакылоочу” деген сөз бар. Көз салып, көзөмөлдөп, текшерип туруучу кишилерди ушинтип “бакылоочу” деп койгон.

Орустардын келиши менен отурукташтырылган көчмөн кыргыз элинде “ченчи” деген жаңы түшүнүк пайда болгон. Жер ченегичтерди же топографтарды кыргыз “ченчи” деген.

Кыргыздар илгерки орус зоологдорун же биологдорун “көпөлөкчү” деген. Элге сиңбей калган бул аталыш да бара-бара колдонуудан калып унутулду.

Байыркы убактарда мамлекеттер бири-бирине кат аркылуу мамилелешип, байланышып турган. Катты “битик” деп атаган.

“Чоеке” деген сөз бар. “Анын кызы обужок чоеке болуптур” дейт. “Шырдакбектин чоеке катынындай болбой жөн олтурчу?” дейт. Маанисине токтолуу үчүн мисал келтирели. “Кыздын энеси чачын кытаттап, кашын терип осмо койгон чоеке катын болгонун билгендер айтып жатышпайбы” дейт. “Чоеке” деп илгери Кашкар, Турпан тарапта соода кылып, ал жакта айлап-жылдап туруп калган эркектерге чапма никеге турган аялдарды айткан. Чапма нике деген убактылуу нике дегенди билдирет.

“Жайсаң” деген сөз бар. Бул байыркы кытай-калмак уруу башчыларынын сыйга таратыла турган ордо даражасы, ардак наамы, титулу. Мисалы кыргыздардын “Он башы, жүз башы, миң башы же бай, бий, манап” деген даражалары сыяктуу. Кытай бийлигинин көчмөн элдерге таасири күчөп турган мезгилинде “жайсаң” деген даражага ээ болуу зор сыймык болгон. Мындан улам ар бир тармактын өз “жайсаңдары” болгондугун, мисалы кадимки Манастын чоролорунун бири Ырамандын ырчы уулу атагы таш жарган чоң ырчы болгондон улам ырчылардын “жайсаңы” даражасын алгандыгын, ал анан бирде Ырчы уул, бирде “Жайсаң” болуп айтыла берип, биздин күнгө жеткенин, муну жакшылап иликтебегендер Ырчы уул деген өзүнчө манасчы, “жайсаң” деген өзүнчө манасчы деп адашып, жаңылыш пикирди таянып келатканын, “жайсаң” деген адамдын аты эмес экендигин айта кетели дедик.

Ак кездемени же болотнайды “чүштө” деп койгон. “Тим эле чүштөдөй аппак экен” деген сөз ошондон калган.

Кыргыздар көп буюм баткан, көчүп-конгон учурда үйдө сакталып турган эң чоң куржунун “лөк куржун” деп атаган.

Көчмөн эл убакыттын чен өлчөмүн кээде өзүнүн турмуш-тиричилигине ылайык атап келген. Мисалы “Эт бышым убакыт кетти” деп койгон. Бирок Кыргызстандын бийик тоолуу, абасы суюк жеринде эт кеч бышса, Бишкекте эт эрте бышкан. Ошондуктан ар бир аймактагы элдин “эт бышым убактысы” бирдей болгон эмес.

Ат жүрүшү менен жүрүп олтуруп конуп, өргүп өтө турган аралыкты “конолго” деген. Кеминде 50-60 чакырым аралыкты “конолго” десе болот.

“Коросон” деген сөз бар. Эски, эбак унутулган сөздөрдүн бири. Бул күчтүү, кубаттуу дегенди түшүндүрөт.

Кыргыздар кымыздан арак тартып ичип келген, аны “чагырмак” деп атаган.

“Карылык Абдыны акыры кемсаара кылып тынды” дейт. “Кемсаара”деген карыган, алдан-күчтөн тайып калган адамдарга айтылуучу сөз.

Эликтин эркегин кыргыз “куран” деп атаган. Жейрендин эркегин “оона”деген.

Кыргызда “Өлүү мал” деген түшүнүк бар. Жансыз буюм-тайым, кездеме жана башка товарларды“өлүү мал”, “өлүү дүйнө” деп койгон.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 29.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.