“Мен өзүмдүн аялымды канча кааласам, ошончо ура алам”. Кыргыз аялдары жана кыргыздардын уруучулук турмуш-тиричилиги

Октябрь революциясынан кийин кыргыздар Орто Азиянын элдери менен чогуу Советтер союзунун курамына кирген. 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи түзүлөт. Орус Туркестаны болгон, революцияга чейинки Орто Азиядагы кыргыздар тууралуу жазуучу-саякатчы Евгений Марковдун очерктери менен тааныштырабыз.

Адамсыз тоолуу чөл Чыйырчык өрөөнүнөн Талды-Суу өрүүнүнө түшө берген жерден бүтөт. Мындан ары ар бир кадам сайын бизге ылдый жактан көрүнүп-көрүнбөгөн көчүп-конуп жүргөн кыргыздарды, кыргыздардын кыштоолорун, бийик тоонун жалоолорунда кыргыздардын үйүр-үйүр малын көрүүгө болот.

Талдыктын саздарынан ар кандай өңдөгү өзүнүн алтын кататтары менен күндүн нуруна чагылып жаткан жомоктогудай ири канаттууларды көрүүгө болот. Мен бул жерден буга чейин өмүрүмдө көрбөгөн кара кунастарды жана бат-бат канатын кагып жаткан алтын өрдөктөрдү көрдүм.

Мага ар кандай канаттуулардан да бизди көздөй келе жаткан кербен кызыктуу болду. Кичи Алайдын ылдыйкы өрөөндөрүн жайдын аптабы өтө эле күйгүзүп салганын байкоого болот. Тоодо жайыт которуштуруп жүргөн кыргыздар биринин артынан бири улам өтүп жатты. Баарында бир эле көрүнүш жана бир эле тартип: көчтүн астында кой, уй, төөлөр жүрөт, андан кийин ат минген согушчан мүнөз эркектер, анын артында төөнүн өркөчтөрүнө аябай оор болуп өңөрүлгөн боз үй, анын чамгарактары, оролгон кийиздер, килемдер, казан жана кумуралырдын арасында ачык кызыл өңдө чапан жана ак элечек кийген кыргыз аялдар барат.

Кыргыздар кылымдап келеткан селсаяктар, көчүп конуу алар үчүн бир эле аргысыз иш эмес, чыныгы ырахат да болуп саналат. алардын үй ичиндеги оокат-ашы, турмуш-тиричилиги көчүп конууга ылайыкталган: баары жолго ылайыктуу, үйү дагы, булчуңдары дагы, жан-дүйнөсү дагы жыйналат.

Карыгын кыргыз аялынын дервиш болуп кийинген Вамбериге берген жообу мүнөздүү, ал андан эмнеге көчүп жүрөсүңөр деген суроосуна: “Молдо, биз, сиз сяктуу жалкоо эмеспиз! Биз кечке эле бир бир жерде отура албайбыз. Адам ар дайым кыймылда болуп туруш керек. Өзүң ойлоп көр: күн, ай, жылдыз, суу, жаныбырлар, канаттуулар, балыктар – баары кыймылда, бир гана жер жана өлгөндөр өз ордунда кыймылсыз!” – деп жооп берген.

Кыргыз аялдары эркегине караганда көбүрөөк боз үйдүн жана төөнүн ээси десе болот. Кыргыз аялдары тоодогу жайытка көчүп келгенде боз үйүн тургузат, кыргыз аялдары төөгө жүк артып, жүк түшүрүшөт, кыргыз аялдары аны кайтарышат, суугарып, багышат, так эле ушундай жол менен кыргыз эркегин жана балдарын тойгузат, багат, жуундурат, башындагы кийиш калпактан баштап койдун терисинен тигилген тонго, сарпайга, тери чамбарга чейин кийиндирет.

Балким, ушундай ар дайым кайталанган шарты татаал оор жумуштан, ар дайым жетишпеген татаал жашоо менен күрөшүүдө кыргыз кыздары, аялдары кичинесинен күчтүү, чыдамкай, бойлуу, кайраттуу, өң-келбети, сөөктөрүнүн түзүлүшү боюнча эркектерге окшош, өз алдынча жана мүнөзү бекем болт чыгар.

Цивилизацияга жетишкен бөлөк элдердин аялдары кыргыз аялдары жана энелери татыктуу болгон мындай чоң маани жана сыйга ээ болгону сейрек кездешет. Алар эч качан тажик жана өзбек аялдары сыяктуу бетин жабышпайт. Өздөрүн эркектер менен тең укукта алып алып жүрүшөт. Башкаларды эркин карай беришет жана өздөрүн да көрсөтө алат.

Кыргыз көчү. Александр Кун, 1840-ж
Кыргыз көчү. Александр Кун, 1840-ж.

Коомдук жана үй-бүлөлүк иштерде алар чечүүчү жана эң маанилүү ролду ойной алышат. Ошол эле азиянын жана ошол эле мусулман аялдарын да ушудай өзгөчөлүк болооруна, эркеликтен назик болуп калган түрк гареминдеги аялдар менен көчмөн кыргыздардын эрктүү аялдарына таң калбай койбойсуң.

Кээ бир кыргыз айылдарында кыргыз аялдары аялдарга гана тиешелүү болгон маселелерди чечип коюшат. Кыргыз эркектеринин алардын аялдарына болгон көз карандалыгы аябай так жана күлкүлүү, ошол эле учурда жүрөктү элжиреткен макалдан байкоого болот: “Алганың аркырап беттен алса – замандан тынчтыгы не пайда? Өтүгүң тар болсо – дүйнөнүн кеңдиги не пайда?”

Кыргыз аялдары тынчтык учурунда баардык күчүн үй-бүлөсү үчүн жумшайт. Кыйын күндөрдө да жөн карап турушпайт.

Кыргыз аялдары душмандардан өз үйүн коргоп урушка да чыга алышат. Ар дайым жарадар болгондорго, өз болсо да, өзгө болсо да, жардам беришет, анткени аларда врач жана мед айым деген жок.

Бул мааниде байыркы авторлордун Каспий деңизинин жээгиндеги көчмөн эр жүрөк амазонкалар жөнүндөгү аңгемелеринде кыргыз жана түркмөн чабандес аялдардын образдары өтө эле аз айтылат.

Көчмөн аялдардын эр жүрөктүүлүгү жана ишмердиги азиянын чөлдөрүн жана XIII кылымдагы монгол өлкөлөрүнө келген европанын саякатчыларын таң калтырат.

“Монголдордун кыздары жана аялдары ат чаап, ат үстүндө эркектер сыяктуу эле жүрө алышат, – деп жазат Плано Карпини өзүнүн классикалык китебинде. – Алардын аялдары баарын жасашат: тон, көйнөк, чокой, өтүк жана ар кандай тери иштерин жасашат. Алар арабада жүрүп, аны оңдой алышат, төөгө жүк артышат. Алар аябай шамдагай болушат. Жааны эркектерден кем калбай жакшы атышат”.

Буларды окуп отуруп, италиялык монах Чынгыз хандын замандашы, азыркы 1905-жылдагы кыргыз аялдары тууралуу жазып жатат деп ойлойсун. Алар ушул күнгө чейин илгерки монголдордун салттарын сактап келишет.

Кыргыз эркеги өзүнүн орой мүнөзүнө жана үй-бүлөдөгү деспоттугуна карабай, бардык эле азиаттардай кадимки мусулман аялдардын улуулугун билет. Алар колунан баары келген жардамчылары болгон аялдарына назик аттарды ыйгарышат. Мындай жапайы адамдарга аябай андай аттар аябай керек экенине карабай, эркек сыяктуу мүнөзү бар айымдарга чындыгында туура келбейт десе болот. Кыргыз аялдарын аттыры Өрүк, Мистегүл, Алма, Карлыгач жана башка ысымдар.

Эгер бул назик аттардын ичинен Сарыкыз деген ат жолуга турган болсо, анда сары түстүү монгол үчүн андай сулуу салыштыруу жок болуп чыгат.

Бирок, кыргыз көчмөндөрү тууралуу ушунчалык бейпилдик жашоодо жашайт деп айтуу чындыктан алыс болуп калат. Кантсе да кыргыз кыргыз бойдон, азиат азиат бойдон калат.

Мындай лакап сөз жөн жеринен айтылбаса керек: “Мен өзүмдүн аялымды канча кааласам, ошончо ура алам. Эгер өлтүрүп алчу болсом, атасына кунун төлөп коём”, – деп.

Бирок, эгер күйөөсү аялын катуу ура турган болсо, аялынын туугандары болушуп, күйөөсүнөн ажыратып алат. Кыргыз аялдарынын баалуулугун мындан билсе болот: азыркы күнгө чейин аябай жогорку деңгээлде калың төлөшөт.

Албетте, калың аялды күйөөсүнөн көз каранды кылат, акчага сатып алса боло бере турган үй жаныбарына айлантат. Бирок, ошого карабай калыңдын өзүнүн орду бар. Мурдагы убактарда эмгекти сүйгөн энергиялуу аялдар үчүн, алардын тынчсыз, толук камсыз болбогон турмушу үчүн калыңды бир нече түрдүү малдан жүздөп берүшчү. Анда кыргыздар аябай чоң жайыттарга жана короо-короо малдарга ээлик кылып, кысынбай жашашчу эле. Азыр андай калың сейрек кездешет, көбүнчө калыңга келген малдын саны 9-10дон ашпайт (1 же 2 төө, 4 жылкы, 4 уй).

Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Алксандр Кун, 1840-ж.
Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Алксандр Кун, 1840-ж.

Ал эми колунда жоктор уй жана жылкынын ордуна майда жандыктарды, кой менен эчки, төөнүн ордуна ат беришет.

Кыргыздар чыныга азиаттар сыяктуу аялдарды жакшы көрүшөт. Мусулмандардын мыйзамында, шариатта айтылгандай төрт аял эмес, элдик салттарга, адаттарга таянып, көңүлү канчага түшсө ошончо аял ала беришет.

Бай кыргыздар элдик мыйзамга таянып аял ала беришет. Ошондон: “Өзбек байыса – үй салат, кыргыз байыса аял алат”, – деген макал бар.

Башка бир макал кыргыздардын үй-бүлөгө болгон көз карашын такыр башка жактан ачып берет: “Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар”, – деп айтышат кыргыздар.

Мени ишендиришкендей, кыргыздын төрттөн аялы көп болсо, нике кыйдырып төртөө менен гана жашайт. Калгандары “өзүн өзү кармап жүргөн” суфийлер, же аргасыз кечилдер деп да койсо болот.

Адатка ылайык кыргыздар төрт аялыныкында ирээти менен түнөшөт. Аялдары болсо ошол күнү тамак даярдап, бардык чарба иштерин аткарыш керек. Муну менен үй-бүлөдөгү жакшылыктарды, милдеттерди бөлүштүрүү көчмөндөрдө аябай кылдат жана акылмандык менен чечилген: “Сыйгалак тепкенди жакшы көрөсүңбү, анда чана сүйрөгөндү да билишиң керек”.

Кыргыздын улуу же сүйүктүү аялы – байбиче – башка аялдарынын үстүнөн башчылык кызматты аткарат. Мындай көрүнүштөрдүн баарын эске алганда деле, аялдары бирин-бири жамандап, сөз кылышпайт.

Балким, аркандай күнөө иштерге кириптер болбосун деп, кыргыздар кыздарын эрте күйөөгө берип, уулдарын эрте үйлөндүрүшөт чыгаар.

Көпчүлүк кыргыз урууларында балдар 12-13 жашынан, кыздар 9-10 жашынан үй-бүлө курууга жөндөмдүү деп эсептешет.

Чындыгында, бул жерде кыз же күйөө кандай үйбүлөдөн экендиги эске алынат. Бай турган үй-бүлөнүн балдары жардылардыкына карганда, тамак-аштын көптүгүнөн, койдун жылкынын эттерин тоё жешкендиктен, эрте жетилишет.

Бул жактан алып караганда касапчынын балдары да, этти бат-баттан жеп тургандыктан, эрте жетилишет.

Бул тууралуу суроого Калмухамбет деген бий, генерал Гордековдун кыргыздардын жана кара кыргыздардын укуктук турмуш-тиричилиги тууралуу китебинде, мындай деп жооп берет: “Башкалар тууралуу айта албайм, мен өзүм 12 жашымда жетилгендигимди билем, анткени ошондон бери үй-бүлөнүн атасы болуп келе жатам. Башка, алсыз балдар 15 жашында гана жетилишет”.

Биз конок болгон Алайлык кыргыздар балдары бир жашка чыкканда эле, же болбосо төрөлө электе эле кудалашып коюшат экен. Бирок, күйөө катары калыңды төлөй алса дагы, жетилген кезде гана үйлөнүшөт.

Кыргыздардын келиндери бир эле үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй бир уруунун менчиги болуп саналат. эгер күйөөсү каза болуп калса, анда келинди күйөөсүнүн бир тууганы алат, эгер аялы каза болуп калса, анда күйөөсү келиндин бир тууганын алат.

Аны менен бир катар көчтү көрүүгө болот. Бүт уруусу менен көчүшөт.

Кыргыздардын жери орустар басып алганча жалпыга тиешелүү болчу. Ал эми 1886-жылдын 12-июнунан баштап мамлекеттин (орус империясынын) менчиги катары таанылат. Көчмөндөр өздөрүнүн короо малы үчүн жайыттарды мөөнөтсүз колдоно алышат. Ал эми конуштарды болсо кушбек деп аташат.

Кыштоолору тар жана ыңгайсыз болот. Ал эми жайында болсо баары жапырт жайлоолорго көчүшөт.

Жайкысын кыргыздардын көчү аябай кеңири тарашы мүмкүн. Мисалы Сыр-Дарыядан же Фергана областынан чыгып, малына жайыт жетишпесе, күн аябай ысык болсо Талаа губернаторлугуна (Степное губернаторство) чейин жетишет. Жети-Суу, Ак-Моло, Торгой аймактарында жайы салкын, жери кенен, кургакчылык болбойт.

Күздөөнү өздөрүнүн жеринде өткөрүшөт.

Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Чач сылоо. Александр Кун, 1840-ж.
Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Чач сылоо. Александр Кун, 1840-ж.

Жалпылап айтканда жердин кыргыздар үчүн анчалык баасы жок. Көчмөндөр бир эле суу менен эмгекти баалашат.

Эгер кудук же арык казышкан болсо, анда сөзсүз кой же эчки союп, кудайы өткөрүшөт. Жана да ошол арык же кудук бүткүл уруунун менчиги болуп калат.

Көчкөндө боз үйдү ташуу үчүн күчтүү жаныбарлар керек. Чоң үйдү адатта беш төө көтөрөт, орточосуна үчөө жетиштүү. Кыштан чыккан кезде элге чоң аш берилет, анда: куйрук, каймак, айран, курут, көжө, койдун, жылкынын, эчкинин эттери ченемсиз болот.

Кыргыздардын түшүнүгүндө, алар аябай тамшанып жеген эт – бул адам үчүн жакшы тамак эмес. Ал эми таза жана пайдалуу тамак деп нан менен жүзүмдү эсептешет. Алла айткан экен: “Эгер мен тамак жей ала турган болсом, анда бир эле нан жана жүзүм менен тамактанмакмын”, – деп. “Бейиштин тамагы” деп башка дан өсүмдүктөрү деле саналат. Ал эми эт болсо бейиштин ашы эмес, Кудай этти адамды жасагандан кийинки ылайдын калдыктарынан жасаган деп билишет.

Көчмөндөрдүн мындай ишенчээк көз караштарынан байыркы библиядагы бейиш тууралуу айтылгандарын Азия элдеринде кеңири тараганын байкоого болот.

Койдун жана эчкинин эти эң жакшы деп саналат. кыргыздардын ишениминде жылкы абадан жаралган, ошондуктан жеңилдикке жана тездикке ээ. Төөнү кыргыздар өзгөчө учурларда гана союшат. Зыярат кылуу үчүн Меккеге баратканда Алланын кечиримдүүлүгү үчүн союшат.

Кыргыздардын тойлорунда, салтанаттарында сөзсүз музыка болот. Алай кыргыздарынын боз үйлөрүнүн капталынан комуз, кыл кыяк, сыбызгы көрдүк. Ар бир кыргыз кайсы бир аспапта ойной алат. Ыр жана обондон тышкары кыргыздардын салтанаттарында жаш уландардын сүйүктүү күрөш оюнун кезиктирүүгө болот.

Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Күйөө көрүү. Александр Кун, 1840-ж.
Кыргыздардын кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөрү. Күйөө көрүү. Александр Кун, 1840-ж.

Тойдун аягында кыштоонун четине эки чоң от жагылат. Алардын ортосуна уруунун каадаларын сактоочусу – чачые ак баскан кемпир турат.

Кемпир кошокторду айтып, ашкабактан жасалган кумураны сындырат. Кыргызчасы “кабак”, балким бизде түштүктө өстүрүлгөн ашкабактын майда түрү болгон “кабачки” ушул сөздөн келип чыкса керек.

“Бул кумуранын сыныктары кандай ар кай тарапка учуп кеткен сыңар, биздин кайгылар да ошондой эле жоголсун!” – деп кемпир салтанатту айтып, жүк жүктөлгөн төөнү жетелет биринчилерден болуп кыштоодон чыгарат.

Анда катышып жаткан кыргыздар оттон секирүү менен “Алас, алас!” деп кыйкырып башташат. Андан кийинки күнү 5 же 6 чакырымдан кийин боз үй куруп, жылкы, кой союп, Алла үчүн дагы “Кудайы” өткөрүшөт. Малды соёрдо, уруу башчылары: “Жаңы журтта да эски журттагыдай эле бактылуу бололу!” – деп тилек кылышат.

Тажрыйбалуу аксакалдар көчтүн астынан жайыттарды билип келүү үчүн жөнөтүлөт.

Алар барган жерден кудук таап, ошол жерге белги калтырышат, ал кандайдыр бир буюм таштап, же болбосо кудуктун башына бир тутам чөптү байлап кетиши мүмкүн. Бизде деле илгери найза сайып ушундай белигилерди калтырышчу. Көбүнчө уруунун эн тамгаларын калтырып кетишет, ушундан кийин бир дагы кыргыз бул жайытка отурукташпайт.

Биздин эски “таможня” деген сөзүбүз кыргыздардын ушул “тамга” деген сөзүнөн келип чыккан. Тамга – бул шарттуу белги, мөөр, гербди алмаштыра алат, урууларды айырмалаган белги.

Эгер кайсы бир ташта, же эстеликте белгилүү бир уруунун эн тамгасы түшүрүлгөн болсо, анда ошол уруу ошол жерлерди жашаган болуп саналат.

Ар бир 92 уруунун өзүнүн эн тамгасы бар, алар атам замандан бери келе жатат. Биз орустар алардын баарын кошуп кыргыздар деп айтабыз. Кыргыздардын айтуусунда, илгери 92 бир тууган өздөрүнүн малын айырмалаш үчүн ушундай эн тамгаларды ойлоп табышкан.

Азыркы убакка чейин бул эн тамгалар кыргыздарда малына күйгүзүлүп басылат. Жылкы менен төөгө ардайым сол жагынан мингендиктен, сол жагына басышат. Бирок, ар бир уруу бул тамгаларды малдын чекесине, оң жагына, далысына, курсагына, санына жана башка жерлерине баса беришет.

Бул тамга бир ууру элдин башын бириктирүүчү кызматты да аткарат. Орустардын келиши менен кыргыздардын мындай эн тамгаларынын мааниси бир аз жоголуп баратканына карабай, азыркы күндө да кыргыздардын коомдук жашоосунун башталышы болуп саналат.

Кыргыздар өздөрүн бек деп аташат. 92 уруу айыл айылга бир аз гана айырмачылыгы менен тараган. Талаа кыргыздары өздөрүн бек деп атаган тоолук кыргыздардан айырмаланып, биз калмактардан келип чыкканбыз деп айтышат.

Талаа кыргыздарынын тоолук кыргыздардан мындай айырмалангандыгы өзгөчө көңүл бурдурат. Туркестандагы башка көчмөн элдерге салыштырмалуу талаа кыргыздарды биринчи көргөндө эле калмактарга окшоштурасың. Ал эми тоолук кыргыздар монголдорго окшош. Талаа кыргыздарына карганда тайманбас болушат.

Күн сайын болуп туруучу көңүл ачуучу оюндар. Ат чабышка даярдануу. Александр Кун, 1840-ж.
Күн сайын болуп туруучу көңүл ачуучу оюндар. Ат чабышка даярдануу. Александр Кун, 1840-ж.

Мындай салыштуруудан кийин, мындай жыйынтык чыгарууга болот: тоолук кыргыздар, балким, монгол басып алуучуларынын түз тукуму болсо керек деген. Алар башка түрк элдери менен аз аралашкан. Албетте, бир жагынан алардын Алай жана Фергана тоо кыркаларында жайганкан айылдарда жашагандыгы себеп болгон чыгар.

Биз, орустар биздин империяга кирген башка улуттарга аябай ишенчээк болуп, алардын көңүлүндөгүсүн жасай беребиз. Кавказда, Сибирде, Кыргыз талааларында биз Балтика аймагында, Финляндияда, Польшада кетирген каталарга дагы жол бердик. Олуттуу текшерүүсүз, кырдаалды толук изилдебей туруп, ар кандай эл башкарган кенедей болгон катмарларга мамлекеттик колдоо көрсөтүп келдик. Биз алардын эл башкаруучуларына ишенип, өзүбүзгө колдоочу таптык деп, болуп көрбөгөндөй жеңилдиктерди бердик. Алар болсо жооп катары орус мамлекети менен тирешүүсүн улантып келет.

Ушундай эле мамилени поляк пандарына, остзейлик рыцарларга, финдик сеймдерге, сибир шамандарына, кавказдын тоолуу князданына көрсөтүп келдик. Жана да кыргыз ордолорунун ажы жана султандарына да ушундай эле мамиле жасап жатабыз.

Бирок, акыркы убакта Туркестанды багындырып алгандан бери кыргыз ордолорунун түзүлүшү жаңы багытты алып, орус мыйзамдары кыргыз аксөөктөрүнүн артыкчылыктарын тааныбайт, жада калса эл да аларды көзүнө илбей калды.

1867-жылдары орус өкмөтү кыргыз ордолорун уезддерге, болуштарга, айылдарга бөлүп салган. Мурдагы укумдан тукумга өткөн уруулук башкаруунун ордуна, аксөөктөрдүн мурдагы ордун төмөдөтүү максатында болуштарга бектерди, айылдарга аксакалдарды шайлоолор болот. Анткени, эски адаттарга аябай көнүп алгандыктан, дагы деле ошол адаттар империяга кошуулага тоскоол болуп жатат.

Мындай бөлүштүрүү кыргыздардын уруулук турмуш-тиричилигине чоң кедергисин тийгизди. Бирок, дагы деле болуштуктарга баягы эле улут башчылары көрсөтүлүп, шайланып жатат. Анткени, алардын эл арасындагы кадыр-баркы аябай чоң. Көптөгөн тоскоолдуктарга карабай, урууларды болуштуктарга бөлүштүрүү акырындан элге тарап жатат.

Кыргыз жайлоосу. Александр Кун, 1840-ж.
Кыргыз жайлоосу. Александр Кун, 1840-ж.

Тилекке каршы, жаңы баштоолор илгертен келе жаткан адеп-ахлактык негиздерин каалабаса да бузуп жатат. Ушул күнгө чейин коомчулук жана ар бир үй-бүлө аларды карманышып келген болсо, шайлоонун башталышы менен кыргыздар кыжырды келтире турган саткындардарга айланып, ак ниеттүлүктөн тайып, чагымдап, козголоң уюштурууга чейин барып жатат. Улууга болгон урмат, сый, ата-энесин кадырлоо, соттон коркуу, диндин алдында таза болуу сыяктуу кыргыздарда өтө жогору коюлган адамдагы адеп-ахлактык касиеттер алсыз болуп калды. Бирок, бул патриархаттык түзүлүштөн кеңири тараган жарандык коомго өтүүдө бардык улуттар сөзсүз басып өтүүчү тепкич болуп кала берет окшойт. Ошондуктан, мындай убайымдуу көрүнүшкө көңүл коштук менен мамиле жасоо керек. Бул коомдогу убактылуу оору өз убагында бүтөт деген ишеним зор. Болгону, аны үстүнөн дыкаттык менен көзөмөл жүргүзүп, ага каршы дарыларды убагында берип туруу керек.

Булак: http://www.livejournal.com/magazine/1281042.html

Кыргызчалаган Нурзина Кожомжарова, “Чабарман”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.