Ишенбек Кыдыров: “Бүркүттүн эң мыктысы карышкыр алат”

Мүнүшкөр Кыдыров Ишенбек аба Ысыккөлдүн Тоң районунда туулуп-өскөн. 1980-жылдан бери куш, ителги, бүркүт таптоо менен алектенип, мезгил-мезгил аң уулап коюп, бабалардын мурасын жерге таштабай келет. Алгыр куштардын арасынан көбүнчө бүркүт таптайт.

– Ишенбек аба, бүркүттү кандай таптайт? Адегенде ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Бүркүттү уядан учарда алыш керек. Ага чейин ата-энеси багат. Биз бүркүттөрдү негизинен балапан кезинен тоодон кармап келип, таптап чоңойтобуз. Бүркүт таптоону ноябрь айында баштап, адегенде аны балдарга, кишилерге тийбегендей кылып көндүрүп алыш керек. Бул бир айга созулат. Анан, чырга деп коёт түлкүнүн макетин, ошону ары-бери сүйрөп алдырып, андан кийин капкан салып түлкүнү тирүүлөй кармап алып, аны алдырабыз. Ошондон кийин аңчылыкка чыга баштайбыз.

– Куштардын алгыры эле бүркүт деп жүрүшөт. Табы жарашкан бүркүттөн кандай олжолорду күтсө болот?

– Бүркүт негизинен түлкү, карышкыр, элик алат. Бүркүттүн эң мыктысы карышкыр алат. Түлөтүү жазында начар болуп калса, бүркүт кышында үшүйт, анан карышкыр менен да кармаша албай калат.

– Бүркүттүн да түрү болобу?

– Ананчы, бүркүттүн он эки түрү болот, башкача айтканда, Кыргызстандын тоолорунда бүркүттүн он эки түрү жашайт. Алар: майчегир, куучегир, жанпос, карачеп, көккамчыберет, кекчагыр ж. б. Мына ошонун баары кыраан бүркүттөргө кирет.

– Ителги таптоо менен бүркүт таптоонун айырмасы барбы?

– “Бүркүттүкү бир тап, куштуку күндө тап” деген макал бар. Башкача айтканда, бүркүттү бир айда таптап койсо болот, а кушту күндө таптап туруу керек. Кушту негизинен төрт күндө таптаса болот. Ителги бир жолкуда алалбай калса, кайра-кайра учуп, бул тоодон тиги тоого кетет. Анын артынан кууп жеткенге күлүк ат керек. Ал алалбай калса эле өжөрлөнүп издей берет. Мисалы, он кекилик учса, онун тең өлтүрүп, бирди эле жейт. Анын мүнөзү ушундай. А бүркүт алалбай калса, отуруп калат.

– Адатта бүркүттүн эркегин тапташабы же ургаачысынбы?

– Ата-бабаларыбыз тээ башынан эле бүркүттүн ургаачысын балапан кезден багып өстүрүп, табы келгенде салбуурунга алып чыгышкан. Анткени, бүркүттүн ургаачысы эркегине караганда чоңураак, күчтүүрөөк келет. Негизинен бүркүт 50-60 жыл жашайт. Биз аларды он жылдан кийин агытабыз. Анткени, булар да тукум көрүшү керек.

– Мүнүшкөрлүктү өнүктүрүү багытында бирин-экин иш-чаралар өткөрүлүп жатат деп угуп калабыз. Ушундан кабарыңыз барбы?

Аңчылыкты, мүнүшкөрлүктү, саяпкерликти өнүктүрүү багытында иш жүргүзүп келаткан “Чалике”,  мүнүшкөрлүктү колдоп келаткан “Ак шумкар” деген коомдор бар. Мен дагы ошол коомдордун мүчөсүмүн. Бул коомдордун негизги максаты – ушул өнөрдү, анан куштарды сактап калуу. Мисалы, жанагы ителгилерди сактап калуу. Биз бүркүттүн уяларын бөлүп алганбыз, эч кимге тийгизбей, аларды сактап көбөйтөбүз. Бул – Тоң районунда болуп жаткан иштер. Кыргызстандын түштүгүндө мындай аракеттер жокко эсе экен. Анткени, өткөндө аңчылык фестивалына чакырсак, Түштүктөгү райондордон эч ким келген жок. Чындыгында, ал жакта аңчылык өнөр жоголо баштаптыр…

Анткени менен, өзүңүздөй тажрыйбалуу мүнүшкөрлөр турганда бабалардын бүйүр кызыткан ушул өнөрүнүн ай-күнү тутуларына негедир ишенгим келбейт… Андыктан, арыбаңыз, Ишенбек аба!

Собол узаткан Самат Тоялиев, “Шоокум”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.