Орто топ

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспап. Топ.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Бир тараптын оюнчулары катарга тизилип турушат, экинчи тараптагылар биринчи тараптын эки жагында, алардан 5—10 м. аралык алыстыкка тизилишкенден кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнундө макулдашылат.

Оюндун баяны. Эки жакта турган оюнчулар, ортодогуларды топ менен уруп алууга аракеттенишет. Ортодогу оюнчулар, белгиленген аянтчадан чыкпа тан, ыргытылган топту өздөрүнө тийгизбей качууга тийиш. Эгерде ортодогулардын бирөөсүнө ыргытылган топ тийсе, ал оюнчу жыдып оюндун бүтүшүн күтөт. Ортодогулар калбай калгыча оюн улана берет. Андан кийин эки тарап ордулары менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакытта атаандаштарын топ менен уруп жыдыйкей кылган оюнчулардын жааты жеңет.

Оюндун эрежеси. Белгиленген аянтчадан качып чыгууга, жыдыган оюнчуга, кайрадан оюнга кирүүгө, сыртта турган оюнчуларга, белгиленген аралыкты кыскартууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.