Кыргызстандын эң мыкты бүркүттөрү

Кыргыздар атам замандан бери алдындагы тулпары, алгыр кушу, күлүк тайганы менен көкүрөк кага мактанып келген. Бир алгыр куш бүтүндөй айылды багып келген учурлар көп.

Боор этинен артык көрүп, ээси аны бирөөнүн жаман көзүнөн, суук сөзүнөн сак-сактап, кастарлап багып келген эмеспи. Өнөр атадан балага өтүп, учугу уланып, жер менен жексен болуп кетпей күнү бүгүнкүдөй кастарланып келет. Эзелтен келе жаткан мүнүшкөрлүк өнөр боюнча жылына Салбурун фестивалы өтүп келет. Sputnik Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү жана президенти Алмаз Акуновдун жардамы менен учурда Кыргызстандагы эң алдыңкы беш бүркүтчү менен бүркүттөрдүн рейтингин түздү.

Акуновдун айтымында, бүркүт 45-50 жылга чейин жашайт. Аны балапан кезинен эле колго көндүрүп, бир жашынан баштап ууга салса болот. Бүркүттү орточо эсеп менен 20 жылга чейин колго кармап, андан кийин эркиндикке агытып жиберет.

1. “Көк аяк”, 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл). Бул бүркүт түрдүү чемпионаттарда түлкүнү көп алганы менен айырмаланат.

"Көк аяк", 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл)
“Көк аяк”, 5 жашта. Мүнүшкөрү Кылычбек Калкабаев (Ысык-Көл)

2. “Кер чагыр”, 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл). Кер чагыр ууга чыкканда түлкүгө көп салынат.

"Кер чагыр", 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл)
“Кер чагыр”, 5 жашта. Мүнүшкөрү Түгөл Абдыкадыров (Ысык-Көл)

3. “Молор”, 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл). 2015-жылы өткөн Салбурун фестивалында баш байгени жеңип алган.

"Молор", 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл)
“Молор”, 8 жашта. Мүнүшкөрү Кубат Эшмуканбетов (Ысык-Көл)

4. “Берен”, 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл). Көк камчы берендин тукуму. Өтө сейрек кездешкен бүркүттүн чоң түрү. 2015-жылы өткөн Салбурун фестивалында экинчи орунду ээлеген.

"Берен", 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл)
“Берен”, 4 жаш. Мүнүшкөрү Анвар Сатындиев (Ысык-Көл)

5. “Тумара”, 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров. (Ысык-Көл). Кыргызстандагы бүркүттөрдүн улуусу. Кыргызстандагы бүркүтчүлүк өнөрдү дүйнөгө жайылтууга чоң салым кошкон.

"Тумара", 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров (Ысык-Көл)
“Тумара”, 13 жаш. Мүнүшкөрү Талгарбек Шайбыров (Ысык-Көл)

Спутник-Кыргызстан, 03.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.