Ишмер: Чоң-Алай менен Жерге-Тал бир тууган

Тажикстандагы Жерге-Тал менен Чоң-Алайдын кызматташтыгын бекемдөөнү аркалаган уюмдун жетекчиси чек арадан өтүү жеңилдеп, ортодо карым-катыш көбөйсө, достук да чыңалат эле деген ишенимде. Кыргызча суудай сүйлөгөн Абдували Пирназаров мырзанын Жерге-Талдын Жайылган айылындагы кеңсесине Жаңыл Жусупжан баш бакты.

Кыргыз-тажик чек арасы Баткен тарабында тынчыбаса да, Чоң-Алайдагы Тажикстанга караштуу Жерге-Тал району менен чектешкен жер тынч.

Ошол эле убакта бул жердеги Карамык чек ара бекетинен өтүү оңой эмес – туугандарына каттаган эки тараптын эли паракордуктан айрыкча кыйналат, ошондой эле Баткен тараптагы жаңжалдын айынан бул жактагы чек ара жабылып калган учурлар болот.

Жерге-Тал менен Чоң-Алайдын кызматташтыгын бекемдөөнү аркалаган уюмдун жетекчисиАбдували Пирназаров Карамык чек арасынан өтүү жеңилдеп, ортодо карым-катыш көбөйсө, достук да чыңалат эле деген ишенимде.

Жерге-Талда элдин бир тобу кыргызча-тажикче эркин сүйлөйт. Маектешибиз Абдували мырза да жергеталдык болгондуктан, кыргыз тилинде өз оюн эркин билдире алат.

Ал Жерге-Талдын экинчи борбору саналган Жайылган айылындагы Чек ара мамилелерин өнүктүрүү коомдук уюмун жетектейт.

Пирназаров: Биз Чоң-Алай менен кадимден (эбактан) бери кошуна жашап келе жатабыз. Биздин максатыбыз Чоң-Алай эли менен Жерге-Тал элинин ортосундагы достукту, эки райондун жеке ишкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдеш. Бул максатта жолугушууларды өткөрүп турабыз. Жолугушууларга эки жактан жеке ишкерлер келишет.

Эми дагы Кыргызстандын Ош облусунан, бул жактан Рашт өрөөнүндөгү (Кара-Тегин өрөөнү) төрт-беш райондон жеке ишкерлерди чакыруу пландалып жатат, алар келип, бетме-бет отуруп, ар кимиси өзүнө кардар тапканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңыл Жусупжан: Жайылган айылындагы кеңсеңерди оңдоп жаткан экенсиңер, дубалда саймаланган ат жабуу, түркүн түстүү токума байпак, саймаланган туткуч, шырдакчалар илинип турат. Бул жергеталдык уздардын колунан чыккан го?

Пирназаров: Ооба, биз кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүп, аларга кардар таап бергенге аракет кылабыз. Бул кол эмгектердин ээси – Кашар деген кыштактагы Саламат эже. Бул эженин кол алдында ондой кыз-келин эмгектенет. Бул байпактар таза койдун жүнүнөн жасалган, мындай оокат-кечекти туристтер жакшы сатып алышат.

Абдували мырзанын айтымында, Жерге-Талда кыргыздар менен тажиктер илгертен ирегелеш, кою короолош, алыш-бериши күчтүү, жакын дос, тууган болуп аралаш жашайт. Коомдук уюмду жергиликтүү өкмөт колдоп, жардам берет. Бирок долбоорлорду негизинен Европа биримдиги, анын ичинде Германиянын тышкы экономикалык кызматташттык уюму (GIZ) каржылайт.

Маектешибиз Жерге-Тал менен Чон-Алайдын тынчтык алакасы башка чек аралаш райондорго да үлгү болмок деп эсептейт. Анын пикиринде, коңшулар бири-биринин тилин сүйлөй билсе жана ынтымакташуу ниети эки тараптан тең колдоого алынса, тынчтык да бекем болот ишенет:

Пирназаров: Мен өзүм тажикмин, кыргыз тилин мына азыр сүйлөп жаткан деңгээлде билем, мындан ары мындан да жакшы үйрөнүп, жакшы сүйлөгөнгө аракет кылам.

Кыргызстан бизге кошуна, кошуна тынч болсо биз да тынч болобуз. Кыргызстандын эли өнүксүн, өссүн. Алар бул жакка келишсин, биз ал жакка барып туралы. Биздин туугандардын көбү Кыргызстанда жашайт. Менин курсташтарымдын көбү Кыргызстанда, ошолорду конокко чакырам, биз кандай жашап жатканыбызды келип көрүшсүн. Барып-келиш болсо достук бекем болот. Биздин өкмөт менен Кыргызстандын өкмөтү тыгыз иштешсин, ортобуздагы чек ара мамилелери жакшырсын, эки элдин ынтымагы бекем болсун!

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 15.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.