Алфавитти реформалоого бийликтин саясий эрки керек

Алфавитти реформалоо 80 жылга жакын убакыттан бери эле тынымсыз талкууга алынып, айтылып келген маселе. Бул биздин алфавитте бир көйгөй бар дегенди билдирет. Бирок, алфавитти реформалоо саясий маселе. Интеллигенция бул маселени канчалык туура, өз убагында койгону менен бир чечимге келүүдө өлкө жетекчилеринин саясий эрки болбосо, бул максат ишке ашпайт, – дешет адистер.

Быйылкы тарых жана маданият жылынын алкагында кыргыз алфавитин реформалоо демилгеси көтөрүлүп, интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында кызуу талкууну жаратты. Бул маселени Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы тарых жана тил боюнча кеңеш адистерден түзүлгөн жумушчу топко тапшырган. Буга байланыштуу өткөн жума соңунда кыргыз интеллигенциясы жана маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү «Кыргыз алфавитин реформалоо зарылбы?» деген темадагы кереге кеңешке чогулушту.

Алфавит адам баласынын эң улуу жетишкендиги болуп саналат. Ал дароо пайда боло калган эмес, бир нече кылымдарды басып өтүп, бизге азыркы такталган, толукталган абалында келип жетти. Негизи эле алфавиттин калыптанышы үчүн бир канча убакыт талап кылынат.
Алфавит пайда болгонго чейин жазуунун ар кандай түрлөрү пайдаланылып келген.

Ал эми 80 жылга жакын убакыттан бери колдонулган алфавит, бүгүнкү мезгил талабына жараша өзгөртүүгө муктаж болуп, бул маселе алдыңкы планга чыгып жатат, – дешет адистер.

Кереге кеңеште алгач КРнын президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов маселенин чоо-жайын түшүндүрдү:

– Бүгүн кыргыз алфавитин рефомалоо керектиги тууралуу талкууланып, бул боюнча биздин жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип жаткандыгы жана массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткандыгы бул маселенин бышып жетилгендигинен кабар берет. Президенттин алдындагы тарых жана маданият боюнча атайын кеңештин отрумунда бул маселе козголуп, олуттуу сөз болду жана Президент Алмазбек Атамбаев «бул бышып, жетилген маселе болсо, эл менен кеңешип, бир чечимге келели» деп, Улуттук тил комиссиясына тапшырган. Биз бул боюнча атайын комиссия түзүп, бир айга жакын убакыттын ичинде бир жыйынтык чыгарып, президенттин аппаратына бергенбиз. Чындыгында бул өтө олуттуу маселе. Азыркы колдонуп жаткан алфавитти кыргыздын көмөкөйүнө, табиятына тамгаларды, башкача айтканда, орустун алфавитине эле өзүбүздүн ө, ү, ң тамгаларын кошуп алып колдонгонубуз кандайдыр бир деңгээлде жогору жактан саясаттын таңуулангандыгын көрсөтүп турат. Ошондуктан, интеллигенция өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешип, бул маселеде бир пикирге келгендигибиз туура болот. Тил комиссиясы сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ) алфавиттен алып салуу жана а, к , г тамгаларынын жумшартылган варианттарын (Ғғ, Ққ, Әә) кошуу сунушу берип жатат. Ушул боюнча өзүңүздөрдүн оюңуздарды так, ачык айтсаңыздар. Биздин президентибиздин тилдик реформага ою абдан түз жана жигердүү. Ал бийликте турган кезинде бул маселе чечилип калса деген пикирде.

Ал эми бүгүнкү биз колдонуп жаткан алфавитти өзгөртүүгө кандай зарылчылык бар? Бул маселе 1940-жылдан бери эле талкууланып келет. Демек, алфавитибизде чоң көйгөй бар. Кириллицага өткөндө эле ушул талаш чыгып, алфавитте кыргыз тилинин фонетикасына туура келбеген тамгалар орун алган. Аларды чыгарып салуу зарыл. Кыргыздар латын алфавитин колдонуп жүргөндө ошол тамгалар жок эле жакшы жазып, сабаттуу болуп келишкен. Ал тамгалар тилдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат,- дейт, кыргыз алфавитин өзгөртүү жана толуктоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев:

– Бул маселе 1940-жылы кириллицага өткөндөн бери тынбай көтөрүлүп келе жатат. Демек, алфавитибизде чоң көйгөй бар деген ойду тастыктайт. Ал кандай маселелер бар экендигин, ошол алфавитти кабыл алууда кандай талаш-тартыштар болгондугун, кандай негиздемелер болгондугун дагы адистер жакшы билесиздер. Көп учурда илимий принципке, критерийге таянган жагдайлар болбостон, ошол мезгилдин саясий талабынын негизинде ушул алфавит кабыл алынган. Муну мен айткан жокмун. Муну ошол алфавитти түзүүгө катышкан К.К.Юдахин, И.А.Батманов айткан. 1972-жылы атактуу түрколог Н.А.Баскаковдун жазган китебинде дагы жазылып турат. 1940-жылы Коммунисттик партиянын идеологиясы, орусташтыруу саясаты болгон. Биз орустарды жамандаган жокпуз, бирок, айрым бир жагдайларда, өзгөчө тил, алфавит маселесиндеги иштерин айтышыбыз керек. Биз айтпасак, муну кийинки муун айтпайт. Баскаков: «1940-жылы ошол саясаттын негизинде бир түндө, бир күндө кириллицага өтүү жөнүндө маселе коюлуп, орус тилиндеги шарттуулуктун бардыгы эске алынбай, түрк тилдерине 33 тамгасы ошол бойдон кирип кеткен», – деп жазып атат. Окубагандар болсо окусаңыздар маселе эмнеде экендигин түшүнөсүздөр. Демек, ал зордоонун негизинде кабыл алынган алфавит. Ошол алфавит менен окуп, ушул даражага жеттик. Бирок, андан дагы жакшыртып, оңдоп-түзөсөк деген маселе бар. Анын жакшы жактарын көрдүк, ошол эле учурда анын кесепетинен биздин тилибиз өзүнө мүнөздүү ыргагынан, өзүбүздүн көмөкөйгө тиешелүү айтылыш өзгөчөлүктөрүнөн ажырап, келегей тилге айланып барат. Бул жашыра турган нерсе эмес.

Бизде «көнүп калганбыз, жөн эле коелучу» деген жаман адатыбыз бар. «Эски көйнөгүм этиме жакын» деген принципти тутунабыз. Орустардын сөзүн кантип жазабыз дейт. Орустардыкын коюп, өзүбүздүн сөздөрдү жакшылап жазып алалычы. Андан кийин башкалардыкын кантип жазабыз деген маселени коебуз. Бүгүнкү күндө биздин сөзүбүз жазганынан дагы, айтканынан дагы бузулуп атат. Башкасын жөн эле коелу, «тоеюн, соеюн» деген сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажырата албай кыйналып жатпайбызбы. Адегенде алардын барын тамгага, анан тыбышка ажыратып, анан бөлүштүрүп атабыз. Мына ушундай жагдайлар бар. Башкаларга салыштырмалуу бул алфавит жакшы. Бирок, бүгүнкү күндө эгемен өлкө катары эркин өнүгүп жаткан тилибиздин эртеңки келечеги үчүн бул алфавит белгилүү бир деңгээлде тоскоол болуп жатат. Алфавитке жараша орфография иштелип чыгат. Орфографиябыздагы «орус тилиндеги, же орус тилинен кабыл алынган сөздөр кандай айтылса, ошондой жазылат» деген бизди көргө көмө турган статья. Анткени ушул эреже биздин тилди талкалап бүттү. Ушул сыяктуу эрежелерден эртерээк ажырашыбыз керек. Орустар өзүлөрүнүн орфографиясына, сөздүгүнө, алфавитине өзүлөрүнө тиешелүү тамгаларды кошуп алышкан. Кирилл менен Мефодий түбү гректер. Көбүбүз алфавиттин тарыхын жакшы билбейбиз. Ошол көзүбүзгө көрүнгөн нерсени кабыл алып, эми анын залакасын биз тартпайбыз, аны биздин балдар тартат. Бул биздин тилибизди сактап калуу үчүн керек. Бүгүнкү күндө президентибиздин тил маселесине кайдыгер карабай, колдоп турган изги тилеги бар. Ошондуктан, айрым бир өзүбүздүн жеке пикирибизди катырып, кыргыз тилинин эртеңки келечеги үчүн макулдашып, бир пикирге келсек деген ойдомун.

Профессор Сыртбай Мусаевдин пикирин Филология илимдеринин доктору, профессор Анарбай Садыков дагы кубаттап, дүйнөдөгү алфавитти реформалоонун негизги багыттарына жана максаттарына токтолду. Ошол кездеги алфавит илимий эмес, орусташтыруу саясатынын негизде кабыл алынган. Бүгүнкү күнү ошол кездеги кетирилген кемчиликтерди түздөп алуу зарылдыгы бар жана кыргыз алфавити реформага муктаж, – дейт окумуштуу.

– Латын, араб графикасына өтөлү деген сөздөр 1988-жылдан бери эле айтылып келет. Демек, бышып жетилген маселе. Мунун дагы бир жолу көтөрүлүп жаткандыгын мен колдойм. Дүйнө жүзүндөгү бардык элдерде алфавитти реформа кылуу үч багытта жүрүп келген. Биринчиси, тилин жана элин сактап калуу багыты, экинчиси, элитанын, өз элин маңкурт кылуу багыты. Албетте, мындай учурларда сырткы күчтөр дагы чоң роль ойногон. Үчүнчүсү, колониялдык өз алфавитин, жазмасын, керек болсо тилин таңуулоо максатында жүргүзүлүп келген. Орусташтыруу саясаты 1863-жылдан баштап 1991-жылга чейин жүрүп келди. Мына ушул тарыхый-социалдык өңүттөн жүргүзүлгөн саясаттын ичинде кыргыз эли да бар. Алфавитти реформа кылуу дүйнөлүк тил илиминде кеңири орун алган прогрессивдүү же регрессивдүү көрүнүш болгон. Мисалга, орустар кириллицага өткөндө регрессивдүү көрүнүш болгон. Анткени ага чейинки рун тамгасы менен калыптанган 6 миң жылдык тарыхы жок кылынган. Россия 18-кылымда гана прогрессивдүү жолго түшө баштаган. Кыргыз эли дагы мындан миң жыл мурда Карахан доорунда ушундай эле окуяга дуушар болгон. Кыргыздарга ислам динин кармап туруу үчүн араб тамгасы таңууланган. Экөөнүн тең максаты бирдей, улуттун тарыхый эс тутумун жоготуу, өздөрүнө баш ийдирип алуу. Бүгүн да бул көрүнүш кеңири жайылып бара жатат. Кыргызстанда 1928-жылы латын графикасына өтүү прогрессивдүү көрүнүш болгон. Элдин сабатсыздыгы жоюлуп, жазма адабиятыбыз, элитабыз калыптанган. Тилекке каршы аны сактап кала албадык. Кийин 50-70-жылдарда кириллица кыргыз эли үчүн прогрессивдүү ролду ойной баштады. Бирок, шашылыш кабыл алынган алфавитте кемчиликтер да калды. Бүгүнкү күнгө чейин талаш маселелерди туудуруп келе жаткан көрүнүштүн тамыры 1941-жылдагы кабыл алынган жазуу эрежелери. Ошол кетирилген кемчиликтерди жоюу биздин милдетибиз. Демек, кыргыз алфавити реформага муктаж, зарыл. Реформанын максаты – 19-20-кылымдарда сүйлөнгөн тилибизди элибиздин эс тутумунда сактап калуу жана адабий тилибизди мындан ары жаңы багытка көтөрүү, өнүктүрүү болуп саналат. Мындан коркпошубуз керек. Биринчиден – кыргыз алфавитинин өзгөчөлүгү сакталып калат. Экинчиден – жазуу эрежесинин фонемалык, морфологиялык тарыхый же салттуу принциптери толугу менен ордуна келет. Үчүнчүдөн – бирден-бир байлыгыбыз «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармаларыбыз, акын-жазуучулардын, окумуштууларыбыздын чыгармалары түп нускасында кандай болсо, так ошондой айтылып, окутулуп, жазылып, транскрипцияланып дүйнөгө таанылып турат. Төртүнчүдөн, 150 жылдан бери кириллица менен жазылып жыйналган байлыгыбыз келечек муун үчүн ошол бойдон сакталып калат. Бешинчиден – техникалык жактан аткаруу эч кандай татаалдыкты түзбөйт. Алтынчыдан – бөлөк графикага өтөлү десек бүгүнкү күнгө чейин топтогон байлыгыбыз архивде чаң басып кала берет. Эми экономикалык жактан алып караганда, буга көп деле каражат сарпталбайт. Ал эми саясий жактан алып караганда элибиз башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн ичине сиңип кетпейт. Эгер латын графикасына өтсөк, Өзбекстан, Казакстан бизди жутуп алат. Идеологиялык жактан алып караганда, элди эл катары кармап турууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп, мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетпейт. Андан тышкары келечек муундарга эч качан колдонуп жүргөн тамгабызды алмаштырбай тургандай мурас калтырышыбыз керек. Жогоруда айтылган сегиз тамгага кошумча дагы ж, в, ф тамганын биздин алфавитке кереги жок. Бул тамгаларсыз эле кыргыз тили жашай алат.

Андан соң сөзгө чыккан Филология илимдеринин доктору, профессор Мамет Тагаев башкалардан айырмаланып, алфавитти өзгөртүү бир топ убакытты талап кылаарын айтып, бул багытта эч кандай илимий негиздемелер жок, анча-мынча эле түзөөтүлөрдү талап кылбаса, негизинен биздин алфавит оптималдуу деген ойдо. Бул жерде жеке эле кыргыздарды эмес, көп улуттуу элдин өкүлдөрүн ойлоого чакырды.

– Биринчиден графика деген консервативдүү нерсе. Аны 5-10-жылда оңдой бергенге болбойт. Мисалы, Англия 500 жылдан бери эч нерсени оңдогон жок. Себеби, англис тилинде көптөгөн адабияттар жазылган. Мунун бардыгы келечек муундарга жабылып калат. Бул маселеде эмоция көп, бирок, илимий негиздеме азыраак болуп атат. Эмне себептен өзгөртүшбүз керек?.. Экинчи жагынан алфавит жана графика бар. Графика жөнүндө бир дагы сөз болгон жок. Маселен, тамгалар кантип айкашып, кантип берилет? Бизде сингорманизм закону болгондон кийин Ғғ, Ққ тамгаларын киргизүүнүн кандай кажети бар? Муну казак, өзбектерден көчүрүп атабыз. Анча-мынча өзгөртүүлөрдү киргизсек болот, негизинен биздики оптималдуу алфавит болуп эсептелет. Барын оодарып салып, революция жасоонун кереги жок. Жалаң эле кыргыздарды ойлобош керек, бизде башка улуттун өкүлдөрү да бар. Ошондуктан, бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылыш керек деген ойдомун.

Ал эми профессор Ибраим Абдувалиев мындай маселе мурда көтөрүлгөнү менен бийлик тараптан колдоо таппай келгендигин эске салып, реформалоо оңой эмес, бирок, кыйынчылыктарды жеңип чыкса болот деген пикирде. Ошентсе дагы тиибизди сактоо зарылдыгы бар деген жүйөө келтирет.

– Биз маселени канчалык туура койгон менен бул парламентте, мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Ошол жерде чечилбей калышы мүмкүн. Ошондуктан, азыр жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, маселе өз учурунда көтөрүлүп жатат. Реформа өтө оңой эмес нерсе. Алфавиттен бир эле тамганы алып, же кошуп койсок, ал дагы жеңил болбойт. Биз латын алфавитинин учуруна барышыбыз керек. Орус алфавитине чейин бизде жогорудагы алып салалы деген тамгалар жок болгон. Эл кыйналбай эле жазган. Орус тилиндеги сөздөрдүн айтылышы жана жазылышы жөнүндөгү эреже келечекте акырындык менен орус тилиндеги бардык сөздөрдүн кыргыз тилине келип кирүүгө укугу бар деген сөз. Бул биздин тилибизди акырындык менен жок кыла турган таасир. Биздин тилибиз өзүнүн өмүрү менен миңдеген жылдар ары карай кетиш керек. Ошон үчүн биз тилге эмитеден кам көрүшүбүз керек. Мисалга, Хакасияда орус тилинин таасиринен өзүлөрүнүн тили сакталбай калган. Менимче өзүбүздүн тилге ылайыктап алфавитти оңдоп алсак жаман болбойт.

Талкуунун жүрүшүндө алфавитке киргизиле турган а, к, г тамгаларынын жумшартылган варианттары жана алып сала турган сегиз тамганын айланасында бир топ пикир келишпестиктер болуп, талаш жаратты.

– Кыргыз алфавитиндеги 8 кыска үндүүнү бардыгы бирдей айта алат жана бардык элге бирдей таралган, эч кандай талаш жаралбайт. Ал эми Әә тыбышы бардык диалектилерге таралган эмес, ал белгилүү бир өзбектерге, тажиктерге жакын аймактарда гана колдонулат. Ал эми түндүктүн эли болсо, бул тыбышты айта албайт. Андан тышкары Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү бар. Айрымдары айтышы мүмкүн, бирок, көпчүлүгү айта албайт. Муну киргизсек араң турган эл экиге бөлүнүп калат, – дейт профессор Жээнкул Жумалиев.

Албетте мындай талаш-тартыштуу жагдайда жогоруда окумуштуулар айтмакчы, бир канча жылдар бул маселе көтөрүлүп эле, чечкиндүү кадам ташталбай кала бербейби? деген суроо туулбай койбойт.

Бул суроого кыргыз алфавитин өзгөртүү жана толуктоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Сыртбай Мусаев алфавитти реформалоо үчүн бир гана өлкө жетекчилиги тараптан саясий эрк болушу керек деген жообун берди.

– Ары кеткенде 80, бери кеткенде 30 жылан бери жигердүү талкууланып келген маселе. Анткени, бул кыргыздын канына, жанына, жүрөгүнө жакын нерсе. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул айтылып, талкуулана берет. Кыргыздын сөзүн кантип жазабыз деп атсак, орустун сөзүн ойлоп жүрүшөт. Бүгүн конференция болбогондон кийин илимий негизде бир нерсе айтууга мүмкүн эмес эле. Буга каршы чыккан аз эле киши бар. Алардын дагы оюн уктук. Тилдин бузулуп жаткандыгын учурунда Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков дагы айткан. Ал тургай орустун окумуштуулары айтып жатат бул нерсени. Мурунку союз мезгилиндеги өлкөлөрдөн казактар менен кыргыздар эле кириллицада калды. Казактар дагы латын графикасына өтүү жөнүндөгү маселени талкуулап атат. Бул маселеде биздин президент саясий эрки жетип, чечим чыгарып койсо, мындай ызы-чуулардын бири болбой эле латын графикасына өтүп алмакпыз. Бирок, ал латын графикасына өтүүгө убакыт келе элек деген пикирин айтыптыр. Тилекке каршы канча жылдан бери бул маселе талкууланып эле калып келатат. Буга биздин жетекчиликтин саясий эрки жетпей жатат. Бул референдум өткөрүп эл чече турган маселе эмес, бул саясий маселе. Адистердин пикирин угуп, талдап, анан өкмөт саясий чечимге келиши зарыл. Азыркы Россия менен стратегиялык өнөктөш болуп тургандыктан, кызматташтыкка доо кетип калат деп коркок-билиштик көз караштар бар. Ушул бойдон талашып-тартышып калып калышыбыз дагы толук ыктымал. Буга өлкө башчыларынын саясий эрки керек.

Талкуу соңунда бул кереге кеңеште интеллигенция өкүлдөрү алфавитти өзгөртүү маселесин дагы бир канча ирээт талкуулап, электен өткөрүп, коомдук талкууга алып чыгып, акырында бир чечимге келебиз деген жыйынтык менен тарашты.

Эми маселе кайсы жагына чечилет аны убакыт көрсөтөт.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.