Манасбек Мусаев, “Эсимде калган кино тасмалар”

m_musaev(Китептен үзүндүлөр)

Кыргыздын алгачкы кино операторлорунун бири Манасбек Мусаевдин өлкөнүн алтын фондусуна киргизилген көркөм фильмдер кантип жаралгандыгын эскерген “Кинокадры моей памяти” аттуу орус тилинде жарыкка чыккан (2012-ж.) китебинен үзүндүлөрдү жарыялап турмакчыбыз.

“Ысык-Көлдүн кызгалдактары” жана Барбара Брыльска

…Кино тартуучу топ Жети-Өгүз районунун борбору Покровка айылында жайгашкан, кудай жалгап ал жакта мейманкана да бар эле. Кино тасма Саруу айылындагы Жууку капчыгайында тартылган. Капчыгайга кире бериште бир кезде Кызыл Армиянын казармасы турган жерге “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильми үчүн казарманын декорациясы атайы тартылган. Мурунку казармадан айрым курулуш жана ылай кашаалары сакталып калыптыр. Биз ылай кашааларды оңдоп-түздөп, чатырларды камыш менен жаап, сакчылар отурган бийиктеги кепени орноттук. Кире бериш дарбазага кызыл туу сайдык. Декорациялык комплекстин ичине спорт жабдыктары менен кол жууган жайды жайгаштырдык. Короонун артына ат сарай курдук. “Жалгыз бой аялга” кепе там салдык. Бирок адегендеги курулушубуздун баары жасалмага окшоп, көзгө комсоо көрүндү. Аларды жандандырыш үчүн кадрга бир катар койду чубаттык. Ошентсек бу жердин көрүнүшү таптакыр башкача түс алып жатып калды. Койлордун артынан үй канаттууларын коё бердик.

m_musev_eskerme1

Фильмдеги көрүнүш өткөн кылымдын башындагы окуяны камтыйт. Анда жоокерлердин негизги бөлүгү азык-түлүк менен өздөрүн өздөрү камсыз кылышчу. Ошондуктан биздин мал менен канаттууларды коё бергенибиз бу жерде жарашып эле калды. Кино тартууга даярданып жатканда, эрте жазда болочок кино тартылчу жерге дарылык максаттагы апийимдин уругу себилген. Өткөн кылымдын ортосунда Кыргызстан Союздун коргоо өнөр жайына уран кенин берчү, ошондой эле фармацевтика тармагы үчүн дарылык апийим өстүрчү.

Ысык-Көлдүн өрөөн жеринин баарында апийим эгилээр эле. Эгер жазында, мисалы Баткен облусу өрүк гүлүнө оролуп калса, Ысык-Көл тарап дарылык апийимдин апакай гүлүнө бөлөнүп калчу.

Тасма тартуучу топ барганда, биз бөлүп койгон жерде апийим тегиз гүлдөп калыптыр. Бул ажайып көрүнүш эле. Алыста ак карлуу аска –зоолор, тегеректе ар түркүн тоо гүлдөрү жайнайт, мына ушул кооз жердин бир тарабында апийим талаасы керилет. Берекелүү Ысык-Көл жергесинде апийимдин башы муштумдай болуп калган. Агроном апийим гүлдөрү бир-эки жумада түшүп калаарын эскертти. Ошондуктан кинонун апийим талаасына байланышкан жерин тезинен токтоосуз тартыш керек болду. Анын үстүнө бул эпизод фильмдин өзөгүн түзүп турган.

Фильмди тартууга чоң даярдык көрүлгөн. Москвадан өндүрүштүн тажрыйбалуу уюштуруучулары келишкен: фильмдин директору жана анын орун басары, экинчи режиссер дагы борбордук студиядан. Бул аталган фильмдин өндүрүш жагына катышып жаткан жергиликтүү жаштарга практикалык жакшы мектеп болуп калды. Кийин ушул жардамчылар менен ассистенттерден мыкты адистер чыгышты. Алсак, Замир Эралиев, Темир Дүйшөкеев, Тынчтык Алымкулов ж.б. Аман Камчыбеков да жардамчым болуп иштеп калды. Актерлор курамы да мыкты болчу. Анча чоң эмес ролдордо казак артисттери Түлөбай ага менен Амина апа да катышты, Москвадан Борис Химичев келди. Ал эми ролдорун мыкты аткарган Сүймөнкул Чокморов менен Советбек Жумадыловду айтпай эле коёюн. Алиман Жангорозова болсо кымындай эле ролду аткарды, жапжаш мөлтүрөгөн Айтурган Темированын дебюту кыргыз киносу үчүн чоң ачылыш болуп калды. Ал тургай Барбара Брыльска да фильмге катышууга макулдугун берип, бирок Орто Азия өлкөлөрүндө күч алган кандайдыр бир жугуштуу дарттын айынан келе албай калган. Брыльсканын ордуна артист Эстониядан чакырылган.

“Мосфильмден” атчандар, кавалерия полку да келген. Бул полк Советтер Союзунун өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин чечими менен “Согуш жана тынчтык” киносун тартуу үчүн түзүлүптүр. Ал атчандар полку Москва алдында жайгашып, атчандар катышкан бардык фильмдерде пайдаланылган. Полк товар вагондоруна салынып, аттары жана анын тоюту менен кошо алынып келинген. Ошондуктан ат жагынан эч кандай көйгөй жаралган жок. Бир гана баш каарман Атай үчүн айылдан Сарала аттуу күлүктү алдык. Бул чын эле шамдагай, жеңил, ок жетпеген күлүк эле. Айрыкча бу жаныбардын касиети “Жарыш” аттуу эпизодду тартканда байкалды. Бул эпизодду тартып атканда камера бийик жерде туруп, баары алаканга салгандай көрүнүп турган. Сарала болсо астыда алчыланып келаткан жигиттерди кууп өтүп, аламан байгенин астына суурулуп чыкты. Ал эми аламан байгеге ал кездеги боз бала Үсөн Дайырбеков тартылган болчу.

Бир окуяны айтып берейин: “Атайдын жараланышы” аттуу эпизод тартылып жаткан. Биз чөбү буралган тоо суусунун жээгин тандап алып, анын чөбүн, урчук таштардан тазалап, каскадер жигитибиз жыгылганда жумшак жыгылсын деп урчук таштардан, тамыры катуу чөптөн тазалап койдук. Ал жакка бир нече камераны жайгаштырдык, камеранын бири тездетип тартат. Бул Атайдын жыгылган учурун, анын жарат алганын жайлатып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Ошентип, баш каарманыбыз Атай баш каармандын кийимин кийип, Сараланы алчылантып минип, белги берилгенден кийин жана алдын ала болжоп даярдап койгон жерге чалкасынан кулап түштү. Ал кулап түшүп эле дымы чыкпай жатып калды. “Катыгүн!” деп эле баарыбыз үндөбөй бозоруп туруп калдык. Бир балээ болуп кетти деп ойлодук. Анан карасак эле бир убакта Үсөн баатыр эчтеке болбогонсуп, туруп алып күбүнүп, “Ии, кандай болду?” деп режиссерго карап калды.

Мына ушул эпизод фильмдин көркү болуп калды. Кийин көрүүчүлөр кинонун ушул жерине келгенде дайыма баш каарманга болушуп, “ой-ий” деп таң калып калышат. Бул оюнду Атайдын ролун аткарган Арстан Ырсалиев деле жасай алмак. Үсөндүн жардамы менен кинонун акырында Арстан аттан жеңил ыргып түшүп, Сарала ат чуркап баратканда деле ыргып минип, аламан жарышка аралашып, не бир кыйын сыноолорду жеңил аткарып кетүүгө жетишти.

Албетте, тири укмуш оюн-трюктарды көрсөтүп жаткан кездерде ойго келбеген окуялар да болуп кетет. Мисалы “Сырттагы уруш” фильминде “Мосфильмдин” тажрыйбалуу каскадеру атка минип атып эле бутун сындырып алган. Мындай учурда даяр турган “Тез жардам” менен облустук ооруканага жеткирилген.

(Уландысы кийинки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева,
“Полит Клиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.