Кемпир-Ават ким болгон?

(уламыш)

Жалпы аянты 1900 чарчы метрди түзгөн Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Андижан суу сактагычы («Кемпир-Ават» суу сактагычы) тууралуу көп нерсе биле бербейбиз. Тарыхта суу сактагычтын 1978-жылы пайдаланууга берилгени белгилүү, ага Кара-Дарыя жана Жазы дарыялары кошулат. Учурда суу сактагычтагы суунун деңгээли 905 метрди түзөт. Мына ушул суу сактагыч тууралуу эл оозунда көптөгөн уламыштар айтылып келет. Алардын бири төмөндө:

Илгери илгери, бийик тоодо көзү ачык кемпир жашап, ар кандай жоруктары менен өрөөндүн жашоочуларын коркутуп, жүдөтүп келчү экен. Ал кемпирдин үйүнүн астынан тоодон аккан суу өтүп, өрөөндөгү көлмөгө куйчу. Бирок кемпирдин тоодон аккан суу агымын токтотуп салчу дарбазасы болгон. Ошол көлмөнү «Кемпир-Ават» деп атап коюшкан.

Өрөөндүн жашоочулары ал кемпирдин көңүлүн алып, ачууланбашы үчүн ар дайым тамак-аш жана баалуу белек берип турушуптур. Эгер кемпир алардын белегине ыраазы болсо дарбазаны ачкан. Андан суу агып, көлмөнү толтуруп турган. Бирок ачуусу келген учурда сууну тосуп салып, тургундар кургакчылыкта суунун тартыштыгынан түйшүк тартышкан.

Кемпирдин мындай жоругунан тажаган тургундар аравандык иш билги жигитти кемпирдин көзү ачыктыгынын айласын таап, дарбазасынын ачкычын алып келүү үчүн жөнөтүшөт.

Элдин ишенимин актоо үчүн жигит кемпирден ачкычты алып келет. Андан соң дарбаза ар дайым ачык туруп, суу бир калыпта агып калган экен.

Жазгүл Кенжетаева, «Эркин тоо», 14.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.