Манасбек Мусаев, “Эсимде калган кино тасмалар”

(Китептен үзүндүлөр)

Кыргыздын алгачкы кинооператорлорунун бири Манасбек Мусаевдин өлкөнүн алтын фондусуна киргизилген көркөм фильмдер кантип жаралгандыгын эскерген “Кинокадры моей памяти” аттуу орус тилинде жарыкка чыккан (2012-ж.) китебинен үзүндүлөрдү жарыялап турмакчыбыз.

19.08.73
Таттыбүбүнү ролго сыноосу жок эле бекитишти

Чыңгыз Айтматовдун “Байдамтал суусу” жана “Кызыл алма” аттуу алгачкы чыгармалары боюнча тартылган “Сага карай” аттуу киного актерлор тандалып бүтүп калган. Бул эки чыгарма толук метраждуу бир фильмге киргизилмек, бирок кандайдыр себептер менен аны кайра эки фильмге бөлүү маселеси келип чыккан. Бул эпопеянын автору москвалык адабиятчы Эльга Лындина болуп саналган.

Фильмди коюуга Болоттун талапкерлиги сунушталганда, фильм дароо эле бекитилди. Ал эми буга чейин фильмдин сценарийи сценарий коллегиясынын текчесинде чаң басып жаткан. Таттыбүбү Турсунбаеваны эч кандай сыноо өткөрбөй эле ролго бекитишти. Ошондой эле фильмге казак артисти Куман Тастанбеков бекитилди.

 

30.08.73
Муратты өрттөп жибере жаздашты

Артисттерди сыноо иши аяктады, ал тургай болочок фильмдин “Буудай талаасы” аттуу бир бөлүгү аяктады. Анда буудай талаасында өрт чыгып, комбайн аңга түшүп кеткен жери бар. Баары ошол убакта тартылды. Адаттагыдай эле чакчелекей түшүп жаттык, айрыкча операторлор тобу. Кинону үч камера менен тартмай болдук. Экинчи операторум Аскар Жамгырчинов атайын камеранын жардамы менен аңга кулап бара жаткан комбайнды тартмак. Мурат Алиевди болсо автокранга олтургузуп, эң бийик жерге чыгарып, жалпы планда тартсын деген тапшырма берилди. Ал эми мен болсо колго алып жүрчү камера менен ар бир кыймыл-аракетти тартмакмын. Тарткандардын баарын чогултуп, ар бирибиздин ишибизди дагы бир сыйрадан аныктап беришти. Пиротехниктер өрт коюла турган эгин талаасын даярдап чыгышты, ал эми өрт эгин талаасынын калган жерине чейин жетпеш керек эле. Качан тапшырма берилет деп күтүп калдык, биз дапдаяр болчубуз. Күн акырындап батып баратат. Аскар бир азыраак толкунданып, улам-улам саатын карап, асманды карап, башын чайкап жатты! Мына эми күн батты, күүгүм кирди.

Кеттик анда, баштадык! Пиротехниктер талаага өрт коюшту, өрт алоолоп эле жатып калды. Бир убакта шамал өрттү башка жакка алып учурду, анын үстүнө пиротехниктер солярканы такыр аяшпаптыр. Баягы алоолонгон от Мурат олтурган кранды да каптап кетти. Мен олтурган жактан эч нерсе көрүнбөйт. Көрсө байкуш Мурат костюмунун ылдый жагы менен бетин жаап, дымы чыкпай олтуруп калыптыр. Биз бери жактан кранды бошотуп койгула деп кыйкырып жаттык. Ал эми кран айдаган неме башын кийими менен ороп алып, эч нерсени укпайт. Бу жерде коопсуздук эрежесинин экөө бузулду: биринчиден, кран айдаган киши платформада болуп, жебенин жылышын карап турушу керек болчу. Экинчиден, крандын ичинде эч ким болбошу керек эле. Биздикине окшогон чукул учурларда кадимки учурдагыдай пленкага тартпай, чет жактарга орнотулган визир менен тартыш керек болчу. Пиротехниктер күйүүчү-майлоочу майдын курамын, өлчөмүн канча кошууну жана шамалдын кайсы багытка кетерин да билиши керек.

 

29.09.73

Быстровкада жашап жатабыз, Кемин суусунун Чүй суусу менен кошулган жээгинде кино тартуудабыз. Биз аба ырайынын ар кандай абалында: күн ачыкта да, күн бүркөктө да, жамгырда да тартып жаттык. Быстровканын бүт эле жерин калтырбадык. Эми тартылган материалды көрүп, ага баа берели десек, буга эч кандай шарт жок. Дубалдын бетине ак шейшеп жаап, экран кылып койдук, ал эми проекторубуз жөнөкөй эле техникалык талаптарга жооп бербейт. “Экран” күңүрт тартып, электр жарыгы да эптеп эле берилет. Араңдан зорго ортолоп көрүп, калганын Орловкага барып көрүүгө туура келди. Кудай жалгап, тарткан ишибиз ойдогудай эле чыккан көрүнөт. Албетте, дурус иштин артында жарабай калган жерлери да жүрөт. Эки камеранын тең жыштыгы бир калыпта болбой калган, артисттер өтө эле шашкалактап кеткен жерлери бар экен.

Тартылган үзүндүнүн биринде түн такыр эле капкара болуп, ары жакта эмне балакет болуп жатканы түшүнүксүз. Бул “Пансинор” деп аталган трансфокатордун айынан эле. Баш каарман люлькага келип, кызды эстеген жерин үч жолу тарттык.

 

02.10.73

Кар дагы эле кете элек эле. Кечээтен бери кино тартуучу аянтты кардан тазалап, коммунисттик ишембилик өткөрүп жатабыз. Деги аба ырайы бизге ырайым кылбай койду. Бул жакта кар мынчалык эрте жаачу эмес эле. Он күн эс алып, жумушка эми чыктык. Мектептин алдын кардан тазалап, эми кино тарта баштайлы десек, догоо аспаптарыбыз иштен чыгып калыптыр. Көрсө алар кар алдында калып, ошондон улам иштебей атыптыр.

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева

“Полит клиника”, 06.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.