Жайдарбек Кунгужинов, «Номад» каскадёрлор тобунун жетекчиси: «Көп жаракат алдым, бирок каскадёрлукту таштабайм»

Бул киши кыргыз-казак каскадёрлорунун багын ачты. Себеби ал аркылуу дүйнө эли бизде кандай мыкты өнөрпоздор бар экенин билип отурат. 47 жашында эл аралык трюк коюучулардын тайпасына кирген «Номад» каскадёрлор тобунун жетекчиси, актёр-каскадёр Жайдарбек Кунгужинов кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

Номад (nomad) – англис тилинен которгондо «көчмөн» дегенди түшүндүрөт.

Топто 30 ат, 54 каскадёр (арасында 10у кыргыз), 3 актёр бар.

Бир атты трюкка даярдоо үчүн 1 айдан 2-3 жылга чейин убакыт кетет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1969-жыл, 6-июнь

Билими – Жогорку

Тасмада – Асано Таданобу («Монгол»), Марк Дакаскос, Жейсон Скотт, Жей Эрнандес («Көчмөн») жана башка актёрлорго дублёрлук кылган. 

Ошондой эле Сильвестр Сталлоне, Арнольд Шварценеггер, Брюс Уиллис, Чак Норрис, Жан-Клод Ван Дамм, Колин Фаррелл, Натали Портман, Дмитрий Дюжев, Гоша Куценко жана башка актёрлор менен иштешкен.

Учурда Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, Казакстан кинематографтар бирикмесинин мүчөсү, Казакстан каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү.

– Жайдарбек мырза, саламатсызбы? Өзүңүз карапайым үй-бүлөнүн уулу экенсиз, кантип жөнөкөй бала Голливудду «колго алып» койду?

– Саламатсыздарбы? Сиздер менен таанышканыма кубанычтамын. Ооба, мен Казакстандын Семипалатинск облусундагы айылда, көп балалуу үй-бүлөдө төрөлүп-өстүм. Үйдө 12 бир туугандын он биринчисимин. Айылдык болгондуктан жылкыга жакын өскөм. Союз мезгилинде Москва мамлекеттик циркинде эки агам болуп ат менен акробатикалык номер көрсөтчүбүз. Союз тарагандан кийин Казакстанга келип, цирк тобун түзүп эмгектендим. Ал жактан көрүп-билип калышкандан кийин, 1992-жылы атчан каскадёр катары мени тасма талаасына чакырып калышкан. Ошону менен көп тасмаларда каскадёрлук кылдым. Акыры 2000-жылы өзүмдүн жеке тобумду негиздөөнү чечтим.

– Чет элдик режиссёрлор менен иштешүү эмнеден башталды?

– Мурун Сергей Бодров тууралуу угуп эле жүрчүмүн. Аны менен «Көчмөн» тасмасында таанышып, ал мени тасмага трюк коюучулукка чакырган. Ал кезде бул кесипти толук өздөштүрө электигимден баш тартып койгом. Эки жылдан кийин гана «Монгол» тасмасында трюк коюучу болуп иштедим. Андан кийин чет элдик долбоорлорго чакыруулар келип баштады.

– «Күндүзгү кароол» тасмасындагы дубалды ат менен жарып өткөн эпизод да сиздердин эмгегиңиздер экен…

– Ооба, тасманын Казакстанда тартылган эпизоддорунда тартылдык. Кинодогу дубалды бузуп өткөн трюктарды мен коюп, Руслан Подаруев деген каскадёр экөөбүз дублёрлук кылганбыз.

– Голливуд жылдыздары тууралуу кандай маалыматтарды бере аласыз?

– Адамбыз да баарыбыз эле. Арасында жакшылары бар, жамандары бар дегендей. Брюс Уиллис абдан кызыктуу адам демекмин. Тасма талаасында эмне болуп жатканы менен дайыма кызыкдар болуп жүрөт. Ал эми Колин Фаррелл дайыма бир нерсени ойлонуп, режиссёрго сунуштап, идеяга бай киши экен. Экшн актёру Жейсон Стэтхэм болсо актёр катары өз баасын билген, профессионал болгону менен мүнөзү чатак.

– Кесибиңизден улам жаракат алган учурлар болдубу?

– Аттар туура эмес кулап жаракат алган учурлар көп болот. Акыркы жолу «Викингдер» тасмасын тартып жүргөндө бир нече каскадёр жаракат алышты. Колу-бутубуз сынса деле тасма талаасына чыга беребиз. Анткени алдын ала баарыбыз мындай жагдайга психологиялык жактан даяр болобуз. Мен деле көп жаракат алдым, бел омурткам сынган, бирок бул кесибимди эч качан таштабайм.

– Кыргыз каскадёрлору да сиздердин командаңыздарда иштешет. Кандайча таанышып, иштешип калдыңыздар эле?

– 1992-жылдары циркте иштеп жүргөндө кыргыз каскадёрлору менен тааныш болчумун. «Көчмөн» тасмасына Мурат Бурханов, Тойчубек Серкебаевди чакырып, ошондон бери дос болуп, ынтымактуу иштешип келатабыз. Ал эми өсүп келаткан жаш каскадёрлордон Жамил Жуматаев деген жигиттин өнөрүн баалайм.

– Сиздер көбүнчө командировкалап жүрөсүздөр. Ал кезде үй-бүлөңүз кантет? Канча убакка кетесиздер?

– «Викингдер» тасмасында 2 жарым ай жүрдүм. Андан кийин «Марко Поло» тасмасы 3 ай Малайзияда, 3 ай Венгрияда тартылды. Жубайым да мурун каскадёр болгондуктан мени абдан жакшы түшүнөт. Мүмкүнчүлүк болуп калганда үй-бүлөмдү жаныма алдыртып алам. Бир жаман жери, командировкада жүрө берип балдардын кантип басып, кантип тили чыгып жатат, ошолорду көрбөй калам. 3 балам төрөлгөндө чет өлкөдө болуп калдым.

– Балдарыңыз да тасмаларга тартылып жүрөт экен…

– Ооба, улуу балам «Көчмөн» тасмасында Марк Дакаскостун уулунун ролун жаратып, «Монгол» тасмасында жаш актёр балага дублёрлук кылган. Азыр 18 жашта, мектепти бүтүп, аскерге даярданып жатат. Кызым болсо былтыр «Марко Поло» тасмасында жаш кытай актрисасына дублёрлук кылды. Кичинекей уулубуз 2 жарым жашта, эң кичүүбүз 6 айдан ашты.

"Конан-варвар" тасмасында актёр-каскадёр катары тартылгам".
“Конан-варвар” тасмасында актёр-каскадёр катары тартылгам”.

 

"Жубайым да цирк өнөрпозу, каскадёр. Кээде тасмага чогуу тартылып калабыз".
“Жубайым да цирк өнөрпозу, каскадёр. Кээде тасмага чогуу тартылып калабыз”.

 

"Трюк коюучу катары мен тасма талаасында башкаларга үлгү болушум керек".
“Трюк коюучу катары мен тасма талаасында башкаларга үлгү болушум керек”.

 

"Көчмөн" тасмасында Марк Дакаскос баш болгон белгилүү актёрлорго дублёрлук кылдым".
“Көчмөн” тасмасында Марк Дакаскос баш болгон белгилүү актёрлорго дублёрлук кылдым”.

Гүлжамал Бөрүкулова, “Супер-инфо”, №699 25-март-31-март, 2016-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.