Улуу көтөрүлүшкө себеп болгон жагдайлар

Ар кандай тарыхый окуянын өбөлгөсүн, себебин, башталышын, жүрүшүн, натыйжасын методологиялык негиздер менен кароо туура. 1916-жылкы Улуу Көтөрүлүш да так ошол методологиялык негиз менен келип чыккан. Ал негиз – себеп-натыйжа чынжыры деп аталат. Муну кыскача, жөнөкөй тил менен айтсак, төмөнкүдөй болот.

XIX кылымдагы падышалык Орусия империясына ички экономикалык талаптарды канааттандыруу үчүн тышкы каратып алуулар менен коштолгон саясий акцияларды жүргүзүү зарыл болгон. Бул тарыхый өбөлгө XIX кылымдын ортосунан башталып, ошол кылымдын 70-жылдарынын орто ченине чейин созулган каратып алуу деген тышкы саясаттагы зор процесске алып келген. Бул натыйжа.

Каратып алуу менен орнотулган Түркстандагы, анын ичинде Кыргызстандагы саясий-административдик, экономикалык, чарбалык жана руханий саясатты камтыган процесс отор системасын (колониялык системаны) түзгөн. Анын толгон-токой терс кесепеттери жергиликтүү калк менен Орусия өкмөтүнүн, келгин орус калкы менен кыргыздардын ортосунда кескин карама-каршылыктарга алып келген. Бул өбөлгө.

Ал карама-каршылыктар элдешкис мүнөзгө өткөндөн кийин мыйзам-ченемдин алкагында улуттук-боштондук күрөш, башкача айтканда 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүш келип чыкты. Эми бул натыйжа.

Улуу көтөрүлүш канга бойолду. Кара келтек, союл, айры, анча-мынча түтөтмө мылтык, бардаңкеси гана бар азаттыкты эңсеген баатыр эл “тишине чейин куралданган” казак-орус жазалоочуларына тайманбай каршы чыкканы менен, кармашта боо түшүп кырылып, жеңилип баратты… Бул андан кийинки капсалаңдуу Үркүнгө себеп болуп берди. Ал эми Үркүн өзү “жеңилүүнүн” натыйжасы болуп калды.

Үркүндөн кийинки тарыхый окуяларга болсо,так ошол Үркүн кайра себеп болду. Ошентип, бул жөнөкөй баяндоодо тарыхтын “себеп-натыйжа” чынжыры таасын көрүнүп турат.

1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн тарыхый өбөлгөлөрү көп жана ар түрдүү. Алар: саясий, экономикалык, социалдык, маданий таризде жүргөн. Демек, 1850-жылдардын орто ченинен 1916-жылга чейинки боло келген бардык саясий, экономикалык, социалдык жана маданий, атүгүл жеке инсандыкка чейинки майда-барат факторлордун суммасы Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү катары каралышы керек.

Ал өбөлгөлөрдүн ичинен эң маанилүүсү, фундаменталдуусу жана өзөктүүсү Орусия империясынын борбордогу саясатчылары тарабынан иштелип чыккан алысты болжогон стратегиялык мерчем – “орусташтыруу” деп аталган концепция болгон.

Бул стратегия кантип иштелип чыккан?

Орусиянын колониялык системасынын eвропалык колониялык системалардан өзгөчөлөнгөн бир айырмасы бар. Эгер Батыштын метрополиясы (колониянын ээси) менен анын колонияларынын ортосун тоолор, талаалар, океан, атүгүл континент бөлүп турса, Орусия колониялары империянын жеринин, аймагынын уландысы болгон.

Бул географиялык өзгөчөлүк, кийин маанилүү саясий факторго айланган. Тээ XVI кылымдын орто ченинде “орус калкынын буту” Эдил дайрасынын батыш жээгине, түштүгү Азов деңизи, Кубандарга чейин гана жетсе, ошол доорлордо Иван Грозныйдан баштап акырындап Казань, Сибирь хандыктары алынып, Орол тоолорунан Чыгышты, Түштүк-Чыгышты карай кеткен “тузем калктарынын” жерлери биринен сала бири империяга кошулуп олтурду. Петр Биринчинин, Екатерина Экинчинин жана кийинки императорлордун тушунда “орус буту” чыгышы Чукоткага, Аляскага чейин жетти. Натыйжада, Орусия коомчулугунда «тагдыр буйруган» же «кудай ыроологон» падышанын расмий укугу катары кабыл алынган «табигый чектер» теориясы калыптанды.

Бул теориянын негизинде Уралдан чыгышка карай кеткен аймактар “Орусиянын уландысы”, “чет жака” катары аталып, акырындап падышанын “ойчулдары”, “саясатчылары” тарабынан “орусташтыруу” деп аталган, алысты болжоп, стратегиялык мерчем көздөгөн стратегия иштелип чыккан.

Батыш колониялык системаларында мындай болушу мүмкүн эмес эле. Анткени, маселен, Англия же Испания Европада жайгашса, алардын колониялык ээликтери башка материктерде болуп, Орусиядагыдай метрополиянын уландысы, “чет жакасы” катары кабыл алынган эмес. Демек, аларда “англичандаштыруу”, “испандашуу”, же “француздашуу” деген стратегиялык мерчемдер иштелип чыккан эмес. Батыш метрополиялары колонияларды көз каранды ээликтер катары гана санап, биротоло өздөрүнүн ажырагыс жерине айлантууга мүмкүндүк таба алышкан эмес. Же болбосо, Австралиядагыдай, Жаңы Зеландиядагыдай, Тасманиядагыдай “жергиликтүү аборигендерди” тыптыйпыл кырып салуу аркылуу гана өздөрүнүн жарандарын көчүрүп барышкан.

Жогоруда аталган географиялык өзгөчөлүктүн шартында Орусия империясында “орусташтыруу” концепциясын иштеп чыккандардын негизгилеринин бири Орусиянын тышкы иштер министри, князь А. М. Горчаков болгон. Анын 1864-жылдын 21-ноябриндеги Оренбург жана Сибирь бийликтерине жөнөткөн циркулярында “Орусиянын саясаты жерлерди ченемсиз багындыра берүү эмес, багынган жерлерде биротоло орус амирлигин орнотуп, ал жерлердин келечегин чечүү”, – деп жазган. Бул колониялык ээликтерди келечекте Орусиянын жерлеринин ажырагыс бир курамдык бөлүгүнө айлантуу максаты болучу. Ошондуктан, 1872-жылы жарыяланган орус жыйнактарынын бири Орто Азияны түз эле “Русский Туркестан” деп атап жибергендиги бекеринен эмес.

Орусташтыруу концепциясына стратегиялык кеңири маани берилип, аны аткаруу мөөнөтүнө узак жылдар белгиленген. Түркстан жана анын элдери акырындык менен экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясына толук биригип кетүүсү, атүгүл идеологиялык, руханий, дин жагынан да, одоно айтканда ”орус кылуу” максаты коюлган.

Чынында, кийин совет доорунда Сибирь, Түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери тигил же бул улуттук азчылыкты көрсөтүп турганы менен, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, кебете-кешпири, менталитети орустан айырмасы жок адамдар болуп калышкандыгын ким тана алат…

Демек, орусташтыруу саясатын 1916-жылкы көтөрүлүштүн эң негизги өбөлгөсү катары санообуз абзел. Муну эки ооз сөз менен түшүндүрүүгө аракеттенели.

Орусташтыруу концепциясынын негизги багыттары:

– Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү;

– түпкү калктын динин, улуттук баалуулуктарын одоно бузбастан, акырындык менен алардын арасына орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу;

– аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн колонияларда империянын социалдык таянычын түзүү максатында Түркстан крайы түзүлгөн алгачкы күндөн баштап эле Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү болгон.

Түркстан генерал-губернатору А.Б.Вревский мындай деп жазат: «Туземдердин бизге сиңип кетиши биздин алардын бардык шарттарын эсепке алуу менен иш жүргүзүүбүзгө байланыштуу эмес, тескерисинче качан гана биз акырындык менен аларды биздин бардык шарттарыбызга баш ийдирүүгө мажбурлай алышыбызга байланыштуу. Мында туземдерди чоочутуп албай, аларга чоң материалдык зыян алып келбей, салт-санаасына, ишенимдерине жана дүйнө таанымдарына катуу доо кетирбей, алдап-соoлaп мажбурлоо маанилүү…». Бул сөздөрдө аяр тактика жатат.

1904 – 05-жылдары Түркстан генерал-губернатору болуп турган Н. Н. Тевяшевдин 1905-жылдын 18-февралында Түркстанды башкаруу Жобосун кайрадан өзгөртүү маселеси каралып жаткан кезде Орусиянын Согуш министрине жиберген пикири мындай: «Менин көз карашымда Түркстандагы орус бийлигинин негизги максаты бул чөлкөмдү империяга биротоло сиңирип алууну көздөө болушу керек…”.

Орусиянын Кыргызстанды каратып алгандан кийинки доордо жүргүзгөн колониялык саясатынын багыттары даана көрсөтүп тургандай, жергиликтүү калктын Орусия саясатына тез эле нааразы болуп, жер-жерлерде улуттук-боштондук кыймыл чыгып кетүүсүнөн чочулаган оторчу бийликтер иш жүзүндө “камчы жана токоч (кнут и пряник)” ыкмасын колдонушкан. “Токочту” оокаттуу жергиликтүүлөргө, ал эми “камчыны” караламан калк менен оокаттуулардын тоң моюндарына багыттаган.

Жергиликтүү калктын өз ара тилектештигин “таш каптыруу” максатында англичандар колдоно келген “бөлүп сал да – бийлей бер” тактикасын кеңири колдонгон. Маселен, кичинекей кыргыз эли эле Түркстан генерал-губернаторлугунун беш облусунун төртөөсүнө бөлүнүп салган. Мында Кыргызстандын түштүк аймактары Фергана облусунун Маргалаң, Кокон, Анжиян, Наманган ойоздоруна, Самаркан облусунун Кожент ойозуна (Лейлек аймагы) каратылып, алардын борборлору кыргыз жерлеринен тышта калса, бир гана Ош ойозу кийин Кыргызстандын курамына кирди. Ал эми Талас Сыр-Дайра облусунун Олуя-Ата ойоздугуна баш ийдирилсе, борбору Верныйда жайгашкан Жети-Суу облусунун Чүй өрөөнүн камтыган Пишпек жана Ысык-Көл ойдуңу менен Теңир-Тоону камтыган Пржеваль ойоздору гана кийин Кыргызстандын курамына кошулду. Демек, мындай “бөлүп сал да – бийлей бер” саясаты кыргыз элинин этностук, экономикалык, социалдык-маданий биригүүсүнө, интеграциялануусуна зор кедергисин тийгизген.

Орусиянын колониялык ээликтерди улам кеңейтип олтурушу, ошентип, мыйзам ченемдүү деп эсептелген. “Алысты көрө билген Рустун эзелки башчылары мындай идеяны эбак эле билишкен…”, деп жазат И. И. Завалишин аттуу тарыхчы, өзүнүн 1867-жылы жарык көргөн бир китебинде. “…Жарым жапайы Святослав-норман бекеринен Днепрден Дунайга жер которууну ойлогон эмес. Иван III жөндөн-жөн эле Византия менен Балтика бойлоруна көңүл бурган эмес. Ал эми Улуу Петр бекеринен түндүккө жылып Петербугду негиздеген жок. Екатерина II болсо “грек долбоорун” түзүп, Польшаны бырчалагандыгы эсиргендиктен жасалбаган. Александр I Варшава менен Финляндияны алды, Николай I – Дунайдын сол жээги менен анын куймаларын ээледи, Александр II болсо Амур менен Уссурия дарыяларынын өзөнүн каратып, Ыраакы Чыгышка жана Кореяга жол ачты. Ошентип, бул миң жылдан бери келе жаткан мүдөө тарыхый зарылдыкты түзүп, аны жасап жаткан орус элине жараткандын көзү түз (автордун белгилөөсү – К.Т.)…”

Жогорку маалыматтардын негизинде Орусиянын Азия мейкиндигине, анын ичинде Түркстанга карай экспансиялык жылуусун “тарыхый мыйзам ченемдүү” зарылдык катары көрсөтүүчү коомдук пикирлерди орус колониалдык апологеттери атайылап, ырааттуу калыптандыра баштагандыгынан шектенүүгө мүмкүн эмес.

Бул пикирди азыркы орус тарыхчыларынын бири Д.В. Васильевдин “Москва университетинин кабарлары” аттуу журналында 1999-жылы “Орус Түркстанды Орусиянын колониясы болгон эмес, ал империянын ички бөлүгү менен органикалык түрдө сиңип кетүүгө багытталган өзгөчө улуттук гана аймак болгон. (Рус­ский Туркестан не был колониальной окраиной государства. Это была особая национальная территория, стремившаяся к органичному слиянию с остальной империей)” деген жыйынтыгы далилдеп турат.

Демек, “орусташтыруу” саясаты 1916-жылы болгон Улуу көтөрүлүштүн эң олуттуу жана өзөктүү өбөлгөсү болгон деген тыянак тарыхый логикага туура келет деп эсептейбиз.

Ташманбет Кененсариев,
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор
(t.kenensariev@gmail.com).

«Азаттык», 10.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.