Кыргыз жазууларын айтууга мезгил жетти

Быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыздардын Октябрь революциясына чейин жазуусу болгон эмес деген жарамсыз көз карашты өзгөртүп, кыргыздардын жазууларын иликтөө жана аны кийинки муунга таанытуу маанилүү. Бирок ушуга чейин терең иликтенген кыргыз жазууларынын тарыхы менен тагдыры кеңири коомчулукка эмне үчүн белгисиз бойдон калууда?

Кыргыз жазууларын араб, орус тилдерин аралаштыра сүйлөгөн азыркы муун билиши керекпи, эгер билишсе кыргыз жазуулары келечек үчүн кандай кызмат кылат?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бүгүн тарыхта актай калган мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кадыралы Коңкобаев жана Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү кызматкери, доцент Гүлжамал Жаманкулова катышты.

“Азаттык”: Кадыралы мырза, сиз кыйла жылдан бери кыргыз жазууларын иликтеп жүрөсүз. Бирок, ал СССР мезгилинде билим алган биз гана эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхын окуган азыркы муунга деле жакшы белгилүү эмес. Эмне үчүн? Быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыздын өз жазуусу болгондугун далилдеген иштер жасалып жатабы? Кыргыз жазууларын башка мамлекеттердеги илимий чөйрө тааныйбы?

Кадыралы Коңкобаев: Бул маселеге өтө терең карап, мамиле кылышыбыз керек. Себеби, адам өз өнүгүүсүндө бири-бирине кабар берүү, байланышуу үчүн түрдүү ыкмаларды ойлоп табышкан. Анын негизинде жазуу байланышы келип чыккан.

Кыргыздардын жазуусунун тарыхы азыркы убакка чейинки 2015 – 2020 жыл мурун пайда болгондугун тарыхый эстеликтер далилдеп турат. Мисалы, мен өзүмдүн үч-төрт окумуштуу шакирттерим менен бирге Орхон-Енисей жазма эстеликтерин ар кандай өңүттө иликтеп жүрөбүз, анын жыйынтыктарын дүйнөлүк деңгээлдеги конференцияларда жарыялап жатабыз.

Кыргыз каганатынын жазма тили, Сергей Ефимович Маловдун аныктамасы боюнча, биздин заманга чейинки 5-кылымда колдонулган. Ошол 5-13-кылымдар аралыгындагы мезгилге 450 миң жазма эстеликтерди изилдедик. Анын натыйжасында “Алтай республикасындагы байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” деген китеп эки тилде жарык көрдү. Азыр “Жети-Суу байыркы түрк жазма эстеликтери” деген ат менен экинчи китеп даярдалып жатат.

Кыргызстанда азыр 55 жазма эстелик бар. Быйыл эле Таластан бир жазуу табылды, ага чейин Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынан тарыхчы Кубат Табалдиев эки жазма эстеликти тапты. Демек, булар Чыңгызхан 13-кылымда түрк мамлекетин тыптыйпыл кылгычакты кыргыздардын жазуусу болгондугунун далили. Быйылкы тарых жана маданият жылында ушундай тарыхый мурастарды иликтөөгө карата кыймыл башталды. Биз аны кубаттап, өз салымыбызды гана кошууга милдеттүүбүз. Анткени, өзүбүздүн адабий жазма тилибиз бар жана бери дегенде 1 – 2 кылымга жакын мезгил колдонгон элбиз. Аны түрк дүйнөсү тааныды.

“Азаттык”: Гүлжамал айым, сиз жакында “Байыркы кыргыз тили” деген илимий монография чыгарып, ал боюнча докторлук ишиңизди жактадыңыз. Бул илимий изилдөөңүз менен Октябрь революциясына чейин кыргыздарда жазуу болгон эмес, деген көз карашты өзгөртө аларына ишенсек болобу?

Гүлжамал Жаманкулова: Кыргызстан эгемендикке ээ болгон соң илимде да кыргыздын байыркы жазуусу менен тилин иликтөөгө кызыгуу күч. Анын негизинде мурда калыптанып калган көз карашты өзгөртсө болот деген ишенимдемин. Мен дагы кыргыз жазуусунун байыркы тарыхына кызыгып иликтеп жүрөм.

Кыргыздарда жазуу болгон эмес деген туура эмес. Анын пайда болушу биздин заманга чейинки эки миңинчи жылдарга тиешелүү. Ал тууралуу Карасук маданият эстеликтеринде жазылган. Жазма эстеликтерибиз Хакасиядагы, Тывадагы асман алдындагы музей деген эстеликтерде сакталып турат. Албетте, СССР мезгилинде окумуштуулар ага көңүл бурушкан. Мисалы үчүн Малов, Радлов Орхон-Енисей эстеликтериндеги жазууларга кыргыз жазуусунун канчалык тиешелүү экендигин жазышкан, бирок ээлеген орду кандай экендиги бүгүнкү күнгө чейин илимий деңгээлде тактала элек.

Ошол Орхон-Енисей жазуусунун теги тууралуу окумуштуулар ар кандай гипотезаларды жазып келишкен. Ал жазуулар оремий жазуусунан, согду алфавитинен жана кыргыз жазуусунан келип чыккан деген гипотезалар болгон. Мен ошол жазуулардын негизги теги кыргыз жазуусунун эн тамгаларынан келип чыккан деген окумуштуу Аристовдун пикирин улантып, Орхон-Енисей жазуусунун башатында кыргыздын эн тамгасы тургандыгын өз эмгегимде илимий негизде далилдөөгө аракет кылдым. Ал графикалык жагынан да, тарыхый мезгил жагынан алганда да 5-кылымга таандык экендигин далилдедим. Кыргыздар башка элдер сыяктуу эле адегенде пиктографиялык же сүрөт жазуусун, эн тамгаларды колдонушкандыгын жазма эстеликтер аркылуу далилдедим. Демек, аны башка элдерге таанытуу милдети алдыда.

Бүбүкан Досалиева, «Азаттык», 06.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.