Коомдун негизги көйгөйүн көргөзгөн “Кайдыгерлик” ыры кантип жаралган?

Улуу муундан «СССР убагы жакшы эле» деген кептерди көп угуп калабыз. Бирок ошол учурда деле көп нерсеге кол шилтенип, кайдыгерлик болгонун акын Шайлообек Дүйшеев «Кайдыгерлик» ырында жазса, ал чыгармага Сагынбек Момбеков обон жараткан. Бул эки инсандын тандеминен жаралган чыгарма учурунда хит гана болбостон улуттук сезимди козгоп, ар-намысыңды ойготуп, пастыктан бийиктикке, арамдыктан аруулукка, кайдыгерликтен жоопкерчиликке чакырган, үндөгөн ыр болгон.

Кайдыгерлик деген неме
Кайран элди
Карактап соёбу дейм,
Каны-жанын какшытып соробу дейм,
Калкан болор б
үркүтсүз калктын көзүн
Карга-кузгун кашайтып Оёбу дейм.
Кайдыгерлик деген неме
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм.
(«Кайдыгерлик» ырынан
үзүндү)

Шайлообек Дүйшеев: “САГЫНБЕК АРАБАГА АДАШЫП ЧЕГИЛГЕН АТ СЫЯКТУУ ЭЛЕ…”

sh_duysheev_miniШайлообек Дүйшеев кайдыгерлик темасын кыргыз акындарынын ичинен биринчи жазып чыккан акын катары тарыхта калууга акылуу десек жаңылышпайбыз. Бүгүн биз агай менен “Кайдыгерлик” ырынын жаралуу тарыхы туурасында сүйлөшөбүз.

– Ырдын жазылган учуру мындан 30 жыл мурдагы доорго туура келет. Адам баласы жек көргөн адилетсиздик, эки жүздүүлүк, кара өзгөйлүк, кыянаттык, жүзү каралык, жагымпоздук, таш боордук өңдүү жаман сапаттардын баары мезгил тандабай, кайсы заман, кайсы доор болбосун жашай берчү нерсе турбайбы. Көрсө, ар бир доордун өз кайдыгерлиги болот экен.

Ошол доордун эч кимди уккусу келбеген кереңдиги, бийликтеги чоңдордун кыргыз элинин тагдырына таш боордугу, кайдыгерлиги, кенедей маселени да Москвасыз өз алдынча чече албай, жалдырап отурган чечкинсиздиги, кошоматчылыгы эл-журттун кыжырын кайнатып турганы да чындык болчу.

1990-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганымда Сагынбек Момбеков деген жөнөкөй жумушчу жигит иштеп жүрчү. Ал комузду гитарадай, гитараны комуздай черткен, мыкты үнү болбосо да арабага адашып чегилген ат сыяктуу өзүнчө эле жулунуп турган, ырдагысы эле келип турган жигит экен. “Кайдыгерлик” 80-100 миң нускадагы, ал кездеги өтө популярдуу “Кыргызстан маданияты” гезитине чыгары менен Сагынбек Момбеков ага обон чыгарып, гитара менен ырдап чыкты. Ал кезде мен жазгандай ачык саптар басылмаларга жарыяланса кызматтан алынып, куугунтукталып, чындап келсе жиндиканаларга түшүп, дайынсыз жок болуп кетер эле… Бирок меникине эч ким тийишкен жок. Анткени Союз ыдырайын деп олку-солку болуп, анча-мынчаны көзөмөлдөгөнгө алы келбей калган.

Кыргызда ашып кетсе 5-6 куплеттен, 7-8 гана муундан турган обондуу ырлар ырдалып келсе, бул ирет сабы санаксыз, мууну узун, салттуу ырдын чен-өлчөмүнө сыйбаган, такыр башкача ыр жаралып, элге тарай баштады. Эл да таң калды. Бирок жакшы кабыл алды. Кыргыз маданиятында чынында эле күтпөгөн жаңылык болду. Анткени ага дейре элдин көйгөйүн ыр менен эч ким минтип Сагынбектей ачык ырдап чыга элек болчу.

Элге Сагынбектин аты чагылгандай тез тарады. Анын эр жүрөктүүлүгү, эч кимди карабай, эч кимден тартынбай ырдап жибермей адаты акыры андай жасалма тоскоолдуктардын баарын жеңди.

 

Сагынбек Момбеков: “ТИЗМЕДЕ ЖОКТУГУМА КАРАБАЙ САХНАГА ЖУЛУНУП ЧЫГЫП ЫРДАГАМ”

sagynbek_mombekovСагынбек Момбеков десе гитара менен боздогон адамды элестетебиз. Ооба, чынында бул адам коомчулуктагы кайдыгерликти аткарган ырлары аркылуу көзгө сайып көрсөткөнү менен эсте калды.

– 1994-95-жылдары Шахризада Аскарованын үнү менен мен обонун жараткан ырлар элге жакшы тарай баштады. Өзүм ырдайын десем мага мүмкүнчүлүк беришкен жок. Жакшы эле комузумду көтөрүп алып күү чертем, өзүм чыгарма жаратып гитара менен ырдайм, «ырдап берсем болобу?» деп филармонияга барам. Ал кездин дөө-шаалары Замирбек Үсөнбаев, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиевдер мени жолото турган эмес. «Шудуңдаган бир жигит келип «гитара, комуз менен чыгам» деп жатат» деген сөзгө калдым. Анан эптеп илешейин деп ойлоп, филармонияда стол ташыгыч, көшөгө ачып-жапкыч болуп иштеп калдым. Ошондо Шайлообек Дүйшеев менен таанышкам. Столдорду ташып коюп Шайлообек байкеге кирип сүйлөшүп чыгам, көшөгөнү түшүрүп коюп дагы кирем. Ошентип жакшы тааныш болуп кеттик.

Ошол учурда Шайлообек байкенин досу, жазуучу Нуралы Капаровдун агасы сокур ичеги болуп ооруп калат. Аны дарыгерлер ич өткөк деп дарылап жатып өлтүрүп алышат. Шайлообек байке досуна көңүл айтуу катарында 4-5 куплеттен турган ыр жазып гезитке жарыялаптыр. Мага ал ыр саптар өтө жакты, дароо обон жаратып, Шайлообек байкеге ырдап бердим. Ал ырды угуп туруп “сага башкача ыр жазып бериш керек турбайбы, бул жерге бир эле ак халатчандардын кайдыгерлигин эмес, бардык кайдыгерликти кошуш керек” деп ойлонуп калды. Бир жумадан кийин мен ырдап жүргөн “Кайдыгерликти” жазып келип берди. Ал кезде Ата Мекен жаркырайт, баркырайт, аркырайт, сүйүү… деген сыяктуу гана ырларды чыгарышчу. Мен болсо кайдыгерлик деп бирөөнүн былыгын чукуп отурам.

Режиссёр Таштан Жолдошбековго “мен ырдайм” десем, ал дагы филармониянын сахнасына чыгарбай койду. Бир күнү Спорт Ордосунда обончулардын чоң концерти болду, эл аябай көп келди. Башка бирөөнү эле чакырып жатса мен сахнага гитарам менен сүзө качырып кирип, “Кайдыгерликти” төгүп салдым да, артымды карабай качып жөнөдүм. «Россия» кинотеатрына чейин артымдан кууп келген режиссёр «кечирип кой, экинчи сага бут тоспойм, жакшы ырдайт турбайсыңбы» деген.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №708 27-май-02-июнь, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.