Битикчи: Үркүнгө компенсация суроо чеки иш

Быйыл кыргыз коомчулугу 1916-жылкы миңдеген адамдардын өмүрүн алган кайгылуу окуяны эскерди.

Тарыхчылар Улуттук боштондук көтөрүлүшү деп атап жаткан Үркүндүн жүз жылдыгы кандай белгиленди жана ал кайгылуу окуянын тарыхый мааниси эмнеде?

Кыргыз тарыхын жана маданиятын иликтөөчү Элери Битикчи өзгөчө пикирин “Азаттык” менен бөлүштү.

“Азаттык”: Быйыл Улуу Үркүнгө жүз жыл болду. Аны эскерүүгө мамлекет маани берди. Эскерүүлөр татыктуу деңгээлде өттүбү?

Битикчи: Жүз жылдык татыктуу деңгээлде өттү деп айта албайм. Ата-бабалардын арбактарына таазим кылышыбыз керек эле. Бизде болсо эскерүүлөрдүн бардыгы конференцияларга тыгылып калды. Элдин жүрөгүнө жеткен жок. Кайгылуу учур катары саналган августтун биринчи жумасына өзгөчө маани деле берилбеди. Уюштурулган “Өмүр көчү” сыяктуу бир-эки иш-чарага бир райондун сексен жылдыгына чогулгандай да эл чогулган жок. Бул уят эле.

“Азаттык”: 1916-жылкы окуяны көтөрүлүш деп да, кыргын деп да атап аткандар бар. Сиз кандай ойдосуз?

Битикчи: Биз тарыхый баа берүүдө талтайып эки маселенин ортосунда калдык. Көтөрүлүш деп намыс үчүн, патриоттук үчүн эле айтылып жатат. Тарых боюнча бул атайын жасалган эле кыргын, көтөрүлүш эмес. Муну падышалык маалыматтардан тышкары булактар далилдеп атат.

 

Эртеби-кечпи кыргыздар жерден ажырамак

«Азаттык»: Андай болгондо Үркүндүн келип чыгышына эмне себеп болгон?

Битикчи: 1916-жылды эле карабай, жалпы падышалык саясатка көз чаптырсак ачык көрүнүп турат. Кыргыздарды акырындык менен сүрүп чыгарып, ордуна орустарды көчүрүп келип жайгаштыруу саясаты XIX кылымда эле башталган. Мисалы, Жети-Суу Сибир губернаторлугуна таандык деп Орусиянын 1895-жылкы картасында турат. Демек, колонизация кылуу максаты көрүнүп турат. Дагы бир факт: 1914-жылкы документтерде кыргыздардан 4 миллион теше алабыз деп жүрөт, ал эми 1916-жылкы документтерде ошончо алынды деп жүрөт. Демек, башынан падышанын казак орустардан, орус көчмөндөрдөн ошол жерге плацдарм куруу боюнча атайын саясаты болгон. Эртеби-кечпи, сүрүлүппү-кырылыппы, кыргыздар жеринен ажырамак. Маселе ушул жерде. Көтөрүлүш болсо жатып өлгүчө, атып өл деп, аргасыздан чыккан.

«Азаттык»: Падыша Николайдын аскерлерди тылда кызмат кылууга чакырышы шылтоо болгонбу?

Битикчи: Шылтоо. Ошол убакта жашаган меньшевик Григорий Бройдо жазып атат кыргыздардын аң-сезими абдан төмөн эле, көтөрүлүшкө даяр эмес болчу деп.

Бройдонун жазганына караганда кыргыздын жерлерин тазалап, өздөрүн сүрүп салуу, жерлерин ээлеп алуу аракеттери өкмөттүк чагымдын натыйжасында ишке ашкан. Падышанын жардыгы да, анын артынан чыккан көтөрүлүш да ошол чагымдардын жыйынтыгы болгон. Мен анын ушул айткандарына кошулам. Орус империясынын саясаты ошондой болгон.

 

Кыргынга бир гана падыша күнөөлүү

«Азаттык»: Тарыхты карап көрсөк кыргыздардын Чүй, Кемин, Ысык-Көл аймактарындагылары гана үрккөн. Башкача айтканда, ушул тарабына орустар көп келген. Кызыкчылыгы эмнеде эле?

Битикчи: Бул өрөөндөрдү крестьяндык басып алуу (колонизация), орустарды көчүрүп келип отурукташтыруу падышалык атайын пландын негизинде ишке ашкан. Анткени, Чүй, Кемин, Ысык-Көл өрөөндөрү – кайрак жерге бай, дыйканчылыкка ыңгайлуу. Орусиянын климатына окшош. Сугаттын кереги жок. Жаан болсо эле болду. Муну көргөн Семенов-Тяньшаньский өңдүү орустун саякатчылары тээтиги он тогузунчу кылымда эле ушул жер ылайыктуу деп жазып турушкан.

«Азаттык»: Кайра Үркүнгө келсек. Кыргыздын эл башылары, бий-болуштары эмнеге элди Үркүндүн запкысынан сактап калган эмес, мисалы, Кыдыр аке сыяктуу. Кыдыр акени Үркүнгө арык тукумун жибербей алып калган деген аңыз кеп бар эмеспи.

Битикчи: Минтип бөлгөн туура эмес. Бийби, болушпу, ал кыргыздын феодалдык, падышалык кызматчы болгон. Азыр деле саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер Москваны карап атышпайбы. Балким көтөрүлүш жергиликтүү бийликке да керек болчу. Анткени, фронтко жардамдарды жеп коюшкан, анын эсебинен байып кетишкен.

Мындай окуя болгон: 9-августта Ташкенттен Караколго жиберилген 875 миң рублди талап кетишкен. Көтөрүлүш андан кийин чыгып атат. Ошол эле Бройдо “эми кыргыздарды жок кылууга шылтоо бар” деп жазган. Ошол эле көтөрүлүш жапырт жүрүп жаткан кезде, 9-августта Караколго бир транспорт менен 138 мылтык менен жиберилген. Бул чагым да.

«Азаттык»: Негизи ошол кезде элди кыргындан сактап калуунун жолун тапса болот беле?

Битикчи: Баш ийип бергенде деле кыргыздын көп жаштарынан ажырамакпыз. Мисалы, Кавказ фронтунда чабуулга өтөөрдө ич келте башталып, аскерлердин көбү өлүп калган. Андайда, хаос маалында бөтөн жерден кара жумушка ташылып келген кыргыздар андан бетер кырылмак.

Анан дагы бир маселе бар. Үркүндүн айынан 150 миңдей киши өлдү деп атпайбы. Өлгөндөрдүн саны башкача саналып жатат. Себеби, биринчи эл каттоо 1913-жылы, экинчиси 1926-жылы болгон. Менимче, большевик режими эки каттоонун ортосундагы айырмачылыкты Үркүнгө шылтап, жарандык согуш, басмачылык убагындагы курмандыктарды жаап-жашырып койду. Анткени, революциядан кийинки ачарчылык, басмачылыкка каршы күрөш далай өмүрдү алган.

Кытайлыктар, мисалы, Үркүндү үчкө бөлүшөт экен. 1916-жылды Улуу Үркүн, жарандык согушту Орто Үркүн, коллективдештирүүнү Кичи Үркүн дешкен. Алар үчүн падышалык Орусия менен советтик Орусиянын айырмасы болгон эмес.

«Азаттык»: 1916-жылы геноцид болгонбу же жокпу, болсо ага кимдир бирөө жооп бериши керекпи деген суроо быйыл Үркүндүн айланасындагы ири талаштардын бири болду. Сиздин оюңуз кандай?

Битикчи: Орустарды азыр күнөөлөй албайбыз. Маселе башкада. Бул жерге көчүрүлүп келген орустардын 2,5 миңдейи Үркүн маалында өлгөн. Аларды дагы падышалык саясат үчүн өлдү деп тааныш керек. Мындай болгонуна мен ишенем. Анткени, орустардын каны төгүлгөн жерди алышыбыз керек деген шылтоо керек болчу. Бул чагым. Кыргынга бир гана падыша күнөөлүү. Бул саясий баа. Мындай жагдайда кыргыздарга силер деле канча орусту өлтүргөнсүңөр деген доомат болбойт.

 

Ар бир арбакка баа бычабызбы?

«Азаттык»: Бирок бир катар коомдук ишмерлер геноцид деп таануу, Орусияга компенсация төлөтүү керек дегенди айтып, өз аргументтерин келтирип жүрүшпөйбү.

Битикчи: Менин оюмча бул туура эмес. Компенсация төлөө дүйнө тарыхында бир гана жолу Германия тарабынан болгон. Анда да Израилде биз жөөт жарандарыбыздын элесин акчага сатып коебузбу деп каршы чыккандар болгон. Биз эмне, ар бир арбакка бирден баа бычабызбы? Менин акылым жетпейт.

«Азаттык»: 1916-жылы болгон окуя сабак болушу үчүн кандай аракеттер зарыл?

Битикчи: Менимче, бардык кыйын кырдаалдарда адам бойдон калуу. Анткени Үркүн маалында өз балдарын сатышты, киши жегичтер да пайда болду. Жөөттөрдү деле карасак, холокост маалында адегенде немистерди күнөөлөп, кийин алар адамгерчиликти издей башташты. Ошол эле “Шиндлердин тизмеси”, “Пианист” деген чыгармаларда немистердин адамгерчилигин көрсөтүп жатпайбы. Биякта деле жамандыктан да адамгерчиликти табуу керек.

Экинчиден, эгемендикти сакташ керек. Үчүнчүдөн, биригүү керек. Ресурс жетпегенде, Москвага, Вашингтонго же Бээжинге чуркап баруу сыяктуу көрүнүштөрдөн эле жүз жыл мурда кыргын пайда болду деп эсептейм. Ошол кайталанбаш керек.

Бурулкан Сарыгулова, «Азаттык», 01.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.