Назаркул Ишекеев –Улуттук комиссиянын төрагасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгы менен Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары М.А.Карыбаева Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жаңы дайындалган төрагасын жамаат менен тааныштырып жатып, алдыда аткара турган иштер арбын экендигин белгилөө менен ишине ийгилик каалап өттү.

Эмгек жолу:

Ишекеев Назаркул Ишекеевич 1976-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча аяктаган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги Н.Ишекеев эмгек жолун 1976-1977-жылдары мектептин мугалими болуу менен баштап, республикалык «Ленинчил жаш» гезитинин кызматкери,1977-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу, 1995-жылы Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы болупиштеп, ошол эле мезгилде кафедра башчысы (1998-2000), 2008-2011-жылдары Улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, 2011-жылдын сентябрынан Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору, 2013-жылдын июлунан КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары, 2015-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору болуп эмгектенген.

 

Коомдук жана кошумча иштери:

1996-жылдан бери Докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин мүчөсү жана төраганын орун басары;

1998-жылдан азыркы убакка чейин: “Эл Агартуу” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү;

2001-жылдан тарта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору;

2005-жылдан азыркы убакка чейин: “Мектеп- Школа” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү;

2007-2011-жылдарыКР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммиссиянын мүчөсү;

2008-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тили жана адабияты секциясынын башчысы;

2008-2011-жылдары Улуттук телерадиокорпорациясынын көзөмөлдөө кеңешинин мүчөсү;

2013-2014-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2014-жылдан “Баластан” балдар журналынын редакциялык тобунун мүчөсү;

2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянынпрезидиумунун мүчөсү.

 

Мамлекеттик сыйлыктары:

1993-ж. КР элге билим берүүсүнүн отличниги;

1999-ж. Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты;

2005-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси;

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы.

“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.